Кыргызстанда жашоо узактыгы канча? Статкомдун маалыматы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтында аялдар сейилдөөдө. Архивдик сүрөт
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында аялдар сейилдөөдө. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 71 жашты түзөт. Бул 2022-жылга карата көрсөткүч экени Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандын аялдары жана эркектери" басылмасында айтылган.
Өткөн жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн. Ошону менен өлкөдөгү аялдар эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашаган тенденция сакталган.
"Өмүрдүн узактыгындагы айырма жыныстар арасындагы өлүмдүн көрсөткүчүнө байланыштуу. Эркектер арасындагы өлүм учуру аялдарга караганда 1,5-1,6 эсе жогору", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөдө жашаган аялдардын пенсиялык куракка жетүү ыктымалдуулугу 90 пайызды түзсө, эркектерде 70 гана пайыз.
"Учурдагы 60 жаш курагындагы аялдарда дагы 20 жыл жашоо ыктымалдыгы бар. Ал эми эркектерде 14 жыл", — деген Статком.
Кыргызстандын калкы 2023-жылдын 1-январына карата 7 миллион 37 миң адамды түзгөн. Аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей:
аялдар — 3 миллион 557 миң;
эркектер — 3 миллион 480 миң.
Көчөдө бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Статком: Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат
Жаңылыктар түрмөгү
0