5-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын жогору жактан көрүнүшү. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарынын жогору жактан көрүнүшү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 5-декабрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Таласта +12...+17, Ысык-Көл аймагында +5...+10, Нарын өрөөнүндө +4...+9 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +16...+18 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Бишкектеги Эркидик бульварында кар астында бара жаткан элдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
7-декабрдан тарта күн сууктап, кар жаайт. Кыргызгидрометтин маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0