7-декабрдан тарта күн сууктап, кар жаайт. Кыргызгидрометтин маалыматы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги Эркидик бульварында кар астында бара жаткан элдер. Архив
Бишкектеги Эркидик бульварында кар астында бара жаткан элдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 7-декабрдан тарта күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
Билдирмеге караганда, үч күндөн кийин өлкөдө жаан-чачын болуп, 9-10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
Бишкекте 9-декабрда абанын температурасы күндүз 0…2 градус, түнкүсүн -1…-3 градус суук болушу күтүлүүдө. Башка аймактарда да дем алыш күндөрү абанын температурасы 0 градустан төмөндөй турганы айтылды.
Ысык-Көл облусундагы тоолордогу кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Пресс-борбор
Министрлик: Кыргызстандагы мөңгүлөр айтылгандан эртерээк эрип кетиши мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0