https://sputnik.kg/20231121/mamytov-biotekhnologiya-maek-1080635344.html
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек
Sputnik Кыргызстан
Учурда биотехнология эң бир кирешелүү жана заманбап тармак аталды. Бирок Кыргызстан бул жаатта эч бир мыйзам чыгарып же долбоор менен ийгиликтүү иш алып бара... 21.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-21T20:06+0600
2023-11-21T20:06+0600
2023-11-21T21:46+0600
кыргызстан
экономика
улукман мамытов
биотехнология
маек
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/15/1080636419_0:0:2872:1616_1920x0_80_0_0_751a240643b43f417a12abc191a71f75.jpg
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов келип, биотехнология жана анын Кыргызстандагы орду боюнча маек курду.— Биоэнергетика, биологиялык өндүрүш жана биотехнология тармагын, анын экономикадагы ордун түшүндүрүп берсеңиз?— Биотехнология боюнча ар кыл аспектиде кеп кылууга болот. Бул — илимдин биология менен технологиянын биргелешкен тармагы. Эгер анын экономикалык аспектин талкууласак, таасири өтө чоң. Биотехнологияны айыл чарбасына, андан жогорку деңгээлде фармацевтикада колдонсо болот. Эгер үчүнчү деңгээлге чыга алсак, жасалма синтетикалык материалдарды иштеп чыгуу керек. Табиятка зыян келтирбейт, башка да максаттары бар. Биотехнология — ХХI кылымдын илими. Бирок биз андан артта калуудабыз. Америка менен Кытай илимий изилдөөгө миллиарддаган акча жумшап, окумуштуулары болгон күчүн жумшап иштөөдө. Негизи биотехнология 1953-жылдан баштап өнүгө баштаган. Алгач ДНК аныкталган. Арадан 20 жыл өтүп, окумуштуулар Стенли Бойер жана Герберт Коен стартап ачып, биологиялык ар кандай организмдердин генин алып башка организмдерге отургузуу менен жаңы дары же өсүмдүктөрдү алууга болорун аныктап, чоң илимий ачылыш жасашкан. Ошондон кийин Америка өкмөтү жаңы дары чыгаруучу стартап ишканалардын долбоорун колдоп каржылай баштаган эле. Анткени ал дарыларды сатуу менен кайрадан миллиондогон акча түшөрүн түшүнүшөт. Америка, Германия жана Япония биотехнологияга 70-80-жылдары эле көңүл бура баштаган. Бизде азыркыга чейин бул жаатта так стратегия жок. Мамлекеттин максатын дагы эле аныктай албай турабыз. Айыл чарбасын карап, Көчмөндөр оюндары өңдүү ар кандай мааракелик иш-чаралар менен гана чектелип жүрүп отурсак, илим-билимден артта калган үчүнчү мамлекеттердин катарынан чыкпай калышыбыз мүмкүн. Ооба, тарыхыбызды билип, маданиятыбызды сакташыбыз керек. Бирок келечек жөнүндө да ойлоо зарыл. Же артта калган өлкөлөрдүн катарында жүрө беребизби? Минтип отурсак жаштардын баары четке чыгып кетет. Ансыз деле илимдүү адистерден, келечеги бар жаштардан айрылуудабыз.— Биотехнология дүйнөдө банк жана мунайдан кийинки эле кирешелүү тармак экенине карабай бизде эч бир программа же мыйзам жок. Депутаттар эми гана биокоопсуздук тууралуу мыйзам долбоорун жазууга киришти...— Биотехнология — бул айыл чарбасынан баштап, биокоопсуздукка чейинки абдан кенен тармак. Бул жагынан абдан артта калганыбызды пандемия көрсөттү. Дары-дармек, вакцина жагынан абалыбызды бир көрүп алдык. Азыр деле өзгөрүү жок, биотехнологияны ар тараптуу колдонууга кадам таштаган жокпуз. Мисалы, азыр картошка өтө арзан. Эми карап көрүңүз, бир килограмм картошка экспорттогон жакшыбы же дарыныбы? Албетте, фармацевтика жүз миңдеген киреше алып келмек. Биз экономикалык стратегиялык план түзөрдө даяр азыктарды сатууну эмес, аларды илимий жактан кайра иштеп экспорттоону көздөсөк пайдалуу болмок. Үчүнчү мамлекеттердин катарынан чыгып, Түркия, Малайзия өңдүү экинчи мамлекеттерге кошулууну кааласак илимий жактан аракет кылуу керек. Башка технологиялык тармактарга караганда биотехнология кыргыздарга жакыныраак деген ойдомун. Россия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы биотехнологиялык институттар курулат деген сөздөр бар. Убакыт көрсөтөт.— Кыргызстанда фармацевтикалык завод салуу долбоору тууралуу айтылууда. Бул биздеги биофармациянын өнүгүшүнө пайдубал болуп бере алабы?— Бул долбоорго салым кошуу максатында иштешип көрүүнү ойлогом. Бирок, менимче, иш бир аз башкача жүрүүдө. Анткени алар өкмөткө маалыматты туура эмес беришкендиктен министрлер кабинети кичине алданып калды. "Биофармакс" компаниясы дары чыгарбайт. Булар чоң-чоң имараттарды, заводдорду курат. Ал эми дары чыгарууга үч түрдүү деңгээл керек. Биринчиси — дарынын технологиясын, формуласын билген ишканалар болушу шарт. Алардын патенти да бар. Экинчи деңгээл — дары чыгаруучу жабдыктарды өндүргөн ишканалар. Ал эми үчүнчү деңгээл — бул дары чыгаруучу заводдорду куруучу компаниялар болуп эсептелинет. Бизге ошол биринчи деңгээлдеги дарынын сырын билген, дары чыгарууга патенти бар ишканалар керек эле. Бирок завод кура турган ишкананын долбоору менен иштешип жатабыз. Завод курулса дары чыгарууга патенти бар компания издөөгө туура келет. Заводдун имаратын салуу стандарттарын берип, өзүбүздүн курулуш компанияларды эле жалдасак болот. Анткени чет элден келген компаниялар 2-3 эсе кымбат алат.Алгач биофармациянын өлкө үчүн пайдасын, стратегиялык маанисин аныктап, программа кабыл алып, анан классификациясын түзүү кажет. Бизге тоодо өскөн дары чөптөрдү изилдөөчү тармактар керек. Өлкөдө химия жана фитосанитардык, фармацевтикалык институттар көп. Буларды да иргеп, керектүүсүн калтырып, каржылап, пайдалануу кажет. Кыргызстанда биотехнология жаатындагы абдан күчтүү адистер өзүн таба албай Батышка кетип калды. Алардын бири — Асел Сартбаева.— Бизде мамлекеттен колдоо таппагандыктан биотехнология жаатында ачылыш долбоорлорун четке сатып жибергендер да бар. Балким, бизге алгач биотехнология жаатында мыйзамдар керектир?— Фундаменталдык билим абдан татаал, ага көп акча салуу кажет. Узак мөөнөттө иштей турган тармак. Буга Кыргызстандын бюджети жетпейт. Биотехнология тармагы тез өнүгүшү үчүн бизге практикалык илим керек. Америка акча табууну көздөп практикалык илимге толук өтүп алды. Учурда үч бурчтук система менен иш алып барышууда. Анын бир бурчунда илимди колдогон өкмөтү, экинчисинде окумуштуулар, ал эми үчүнчү бурчунда илимий ачылыштарды пайдалануучу жеке ишканалар, корпорациялар отурат. Бул абдан жакшы схема. Табигый илимдердин өнүгүшү үчүн мамлекет жакшы жардам берүүдө. Алардын изилдөөлөрүн жеке ишканалар колдонуп, дары чыгарып экспорттоп, бюджетке миллиондогон каржаттарды которот. Ушинтип мамлекет салган акчасын эки эселеп кайтарып алат. Бул жерде баары утуп жатат. Ошол себептен практикалык илимден баштасак деле туура болчудай.— Кыргызстандын алдыңкы университеттери дары чыгаруу эмес, ветеринардык клиника ачкан деңгээлге эми жетишүүдө...— Ооба, көп маселе бар. Азыр жеңил өнөр жайы өнүгүп жатат. Бирок материал иштеп чыгуучу ишканалар жок. Кездемени Кытайдан, Түркиядан ташып келүүдөбүз. Бизде меринос койлорунан чийки сырьё иштетүү тажрыйбасы бар эле. Ошол ишти калтырбай өнүктүрүп, жолго коюуну ушу кезге чейин айтышат. Ошентсе да буга мамлекет эмес, университеттин деңгээлинде да кызыгуу болгон жок. Меринос коюн көбөйтүүнү, андан алынуучу продукцияны изилдөөгө болот. Бир убакта РСК банкынын атынан политехникалык университетке ушул долбоорду сунуштагам. Каражатыбыз да даяр эле. Бирок эч жооп болгон эмес. Бул технологияны алып кетүүгө адистер да жетишсиз. Жүндү кайра иштетүүчү система да иштебей турат. Бирок азыр ойлонуп отурууга убакыт жок. Анткени кошуналар бардык жагынан алдыга кетип баратат. Аны түшүнбөй жатканыбыз өкүнүчтүү.— Бул системаны алдыга жылдыруу үчүн ишти эмнеден баштоо керек?— Негизи өкмөт стратегия иштеп чыгышы зарыл эле. Ал үчүн демилге, долбоорлор керек. Биз азыр бири-бирибизди укпай жатабыз. Бизнесмендер өзүнчө, илим өзүнчө, ар ким билгенин кылып жүрөт. Өз тармагын жакшы билбеген адистердин жетекчи болушу да ишти артка тартууда. Мыкты адистер ушул маселени улам көтөрүп чыгып, журналисттер коомчулукка жеткирген берүүлөрдү жасай берсе мамлекет акыры стратегия иштеп чыгар.
https://sputnik.kg/20231031/mamlekettik-ishkanalardyn-ishmerdigi-1080061952.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/15/1080636419_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_9c136b869ced073baf3b459553d267e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, экономика, улукман мамытов, биотехнология, маек
кыргызстан, экономика, улукман мамытов, биотехнология, маек
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек
20:06 21.11.2023 (Жаңыртылды: 21:46 21.11.2023) Учурда биотехнология эң бир кирешелүү жана заманбап тармак аталды. Бирок Кыргызстан бул жаатта эч бир мыйзам чыгарып же долбоор менен ийгиликтүү иш алып бара элек.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов келип, биотехнология жана анын Кыргызстандагы орду боюнча маек курду.
— Биоэнергетика, биологиялык өндүрүш жана биотехнология тармагын, анын экономикадагы ордун түшүндүрүп берсеңиз?
— Биотехнология боюнча ар кыл аспектиде кеп кылууга болот. Бул — илимдин биология менен технологиянын биргелешкен тармагы. Эгер анын экономикалык аспектин талкууласак, таасири өтө чоң. Биотехнологияны айыл чарбасына, андан жогорку деңгээлде фармацевтикада колдонсо болот. Эгер үчүнчү деңгээлге чыга алсак, жасалма синтетикалык материалдарды иштеп чыгуу керек. Табиятка зыян келтирбейт, башка да максаттары бар. Биотехнология — ХХI кылымдын илими. Бирок биз андан артта калуудабыз. Америка менен Кытай илимий изилдөөгө миллиарддаган акча жумшап, окумуштуулары болгон күчүн жумшап иштөөдө. Негизи биотехнология 1953-жылдан баштап өнүгө баштаган. Алгач ДНК аныкталган. Арадан 20 жыл өтүп, окумуштуулар Стенли Бойер жана Герберт Коен стартап ачып, биологиялык ар кандай организмдердин генин алып башка организмдерге отургузуу менен жаңы дары же өсүмдүктөрдү алууга болорун аныктап, чоң илимий ачылыш жасашкан. Ошондон кийин Америка өкмөтү жаңы дары чыгаруучу стартап ишканалардын долбоорун колдоп каржылай баштаган эле. Анткени ал дарыларды сатуу менен кайрадан миллиондогон акча түшөрүн түшүнүшөт. Америка, Германия жана Япония биотехнологияга 70-80-жылдары эле көңүл бура баштаган. Бизде азыркыга чейин бул жаатта так стратегия жок. Мамлекеттин максатын дагы эле аныктай албай турабыз. Айыл чарбасын карап, Көчмөндөр оюндары өңдүү ар кандай мааракелик иш-чаралар менен гана чектелип жүрүп отурсак, илим-билимден артта калган үчүнчү мамлекеттердин катарынан чыкпай калышыбыз мүмкүн. Ооба, тарыхыбызды билип, маданиятыбызды сакташыбыз керек. Бирок келечек жөнүндө да ойлоо зарыл. Же артта калган өлкөлөрдүн катарында жүрө беребизби? Минтип отурсак жаштардын баары четке чыгып кетет. Ансыз деле илимдүү адистерден, келечеги бар жаштардан айрылуудабыз.
— Биотехнология дүйнөдө банк жана мунайдан кийинки эле кирешелүү тармак экенине карабай бизде эч бир программа же мыйзам жок. Депутаттар эми гана биокоопсуздук тууралуу мыйзам долбоорун жазууга киришти...
— Биотехнология — бул айыл чарбасынан баштап, биокоопсуздукка чейинки абдан кенен тармак. Бул жагынан абдан артта калганыбызды пандемия көрсөттү. Дары-дармек, вакцина жагынан абалыбызды бир көрүп алдык. Азыр деле өзгөрүү жок, биотехнологияны ар тараптуу колдонууга кадам таштаган жокпуз. Мисалы, азыр картошка өтө арзан. Эми карап көрүңүз, бир килограмм картошка экспорттогон жакшыбы же дарыныбы? Албетте, фармацевтика жүз миңдеген киреше алып келмек. Биз экономикалык стратегиялык план түзөрдө даяр азыктарды сатууну эмес, аларды илимий жактан кайра иштеп экспорттоону көздөсөк пайдалуу болмок. Үчүнчү мамлекеттердин катарынан чыгып, Түркия, Малайзия өңдүү экинчи мамлекеттерге кошулууну кааласак илимий жактан аракет кылуу керек. Башка технологиялык тармактарга караганда биотехнология кыргыздарга жакыныраак деген ойдомун. Россия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы биотехнологиялык институттар курулат деген сөздөр бар. Убакыт көрсөтөт.
— Кыргызстанда фармацевтикалык завод салуу долбоору тууралуу айтылууда. Бул биздеги биофармациянын өнүгүшүнө пайдубал болуп бере алабы?
— Бул долбоорго салым кошуу максатында иштешип көрүүнү ойлогом. Бирок, менимче, иш бир аз башкача жүрүүдө. Анткени алар өкмөткө маалыматты туура эмес беришкендиктен министрлер кабинети кичине алданып калды. "Биофармакс" компаниясы дары чыгарбайт. Булар чоң-чоң имараттарды, заводдорду курат. Ал эми дары чыгарууга үч түрдүү деңгээл керек. Биринчиси — дарынын технологиясын, формуласын билген ишканалар болушу шарт. Алардын патенти да бар. Экинчи деңгээл — дары чыгаруучу жабдыктарды өндүргөн ишканалар. Ал эми үчүнчү деңгээл — бул дары чыгаруучу заводдорду куруучу компаниялар болуп эсептелинет. Бизге ошол биринчи деңгээлдеги дарынын сырын билген, дары чыгарууга патенти бар ишканалар керек эле. Бирок завод кура турган ишкананын долбоору менен иштешип жатабыз. Завод курулса дары чыгарууга патенти бар компания издөөгө туура келет. Заводдун имаратын салуу стандарттарын берип, өзүбүздүн курулуш компанияларды эле жалдасак болот. Анткени чет элден келген компаниялар 2-3 эсе кымбат алат.
Алгач биофармациянын өлкө үчүн пайдасын, стратегиялык маанисин аныктап, программа кабыл алып, анан классификациясын түзүү кажет. Бизге тоодо өскөн дары чөптөрдү изилдөөчү тармактар керек. Өлкөдө химия жана фитосанитардык, фармацевтикалык институттар көп. Буларды да иргеп, керектүүсүн калтырып, каржылап, пайдалануу кажет. Кыргызстанда биотехнология жаатындагы абдан күчтүү адистер өзүн таба албай Батышка кетип калды. Алардын бири — Асел Сартбаева.
— Бизде мамлекеттен колдоо таппагандыктан биотехнология жаатында ачылыш долбоорлорун четке сатып жибергендер да бар. Балким, бизге алгач биотехнология жаатында мыйзамдар керектир?
— Фундаменталдык билим абдан татаал, ага көп акча салуу кажет. Узак мөөнөттө иштей турган тармак. Буга Кыргызстандын бюджети жетпейт. Биотехнология тармагы тез өнүгүшү үчүн бизге практикалык илим керек. Америка акча табууну көздөп практикалык илимге толук өтүп алды. Учурда үч бурчтук система менен иш алып барышууда. Анын бир бурчунда илимди колдогон өкмөтү, экинчисинде окумуштуулар, ал эми үчүнчү бурчунда илимий ачылыштарды пайдалануучу жеке ишканалар, корпорациялар отурат. Бул абдан жакшы схема. Табигый илимдердин өнүгүшү үчүн мамлекет жакшы жардам берүүдө. Алардын изилдөөлөрүн жеке ишканалар колдонуп, дары чыгарып экспорттоп, бюджетке миллиондогон каржаттарды которот. Ушинтип мамлекет салган акчасын эки эселеп кайтарып алат. Бул жерде баары утуп жатат. Ошол себептен практикалык илимден баштасак деле туура болчудай.
— Кыргызстандын алдыңкы университеттери дары чыгаруу эмес, ветеринардык клиника ачкан деңгээлге эми жетишүүдө...
— Ооба, көп маселе бар. Азыр жеңил өнөр жайы өнүгүп жатат. Бирок материал иштеп чыгуучу ишканалар жок. Кездемени Кытайдан, Түркиядан ташып келүүдөбүз. Бизде меринос койлорунан чийки сырьё иштетүү тажрыйбасы бар эле. Ошол ишти калтырбай өнүктүрүп, жолго коюуну ушу кезге чейин айтышат. Ошентсе да буга мамлекет эмес, университеттин деңгээлинде да кызыгуу болгон жок. Меринос коюн көбөйтүүнү, андан алынуучу продукцияны изилдөөгө болот. Бир убакта РСК банкынын атынан политехникалык университетке ушул долбоорду сунуштагам. Каражатыбыз да даяр эле. Бирок эч жооп болгон эмес. Бул технологияны алып кетүүгө адистер да жетишсиз. Жүндү кайра иштетүүчү система да иштебей турат. Бирок азыр ойлонуп отурууга убакыт жок. Анткени кошуналар бардык жагынан алдыга кетип баратат. Аны түшүнбөй жатканыбыз өкүнүчтүү.
— Бул системаны алдыга жылдыруу үчүн ишти эмнеден баштоо керек?
— Негизи өкмөт стратегия иштеп чыгышы зарыл эле. Ал үчүн демилге, долбоорлор керек. Биз азыр бири-бирибизди укпай жатабыз. Бизнесмендер өзүнчө, илим өзүнчө, ар ким билгенин кылып жүрөт. Өз тармагын жакшы билбеген адистердин жетекчи болушу да ишти артка тартууда. Мыкты адистер ушул маселени улам көтөрүп чыгып, журналисттер коомчулукка жеткирген берүүлөрдү жасай берсе мамлекет акыры стратегия иштеп чыгар.
31 Тогуздун айы 2023, 12:35