13-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүАял жамгыр учурунда. Архив
Аял жамгыр учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
13-октябрда түнкүсүн тоолуу райондорго кар түшөт.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5...+10, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +11...+16 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +8...+10 жана Ош шаарында +12...+14 градусту көрсөтөт.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин бакчадагы мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Күн сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0