Бостеридеги жигиттин өлүмү. Милиция аларга карата шек саноого жооп кайтарды

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусунун туристтик милициясынын кызматкери. Архив
Ысык-Көл облусунун туристтик милициясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алды. Ал укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырды.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы милиция Бостериге эс алууга барган таластык 23 жаштагы А.Б. өлүмүнүн себебин жашыргысы келип жатат деген маалыматты төгүндөдү.
Буга чейин интернетке "Золотые пески" пансионатынын жээгиндеги мушташтан улам бала каза болгону тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу маркумдун улуу агасы билдирген. Анын айтымында, экспертизадан кийин милиция баланын талмасы кармап каза болгонун кабарлаган. Эми анын жакындары окуянын күбөлөрүн издеп жатышат. Маркумдун достору анын эч качан талма оорусу болбогонун белгилеп, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышууда. Милиция болсо алгачкы кароодо маркумдун денесинен кыйноонун белгилери табылбаганын, ага биринчи жардам көрсөтүү учурунда "тилин жутуп алганын байкадым" деген кишинин (өзүн медкызматкер катары тааныштырган) сөзүн келтиришти.
Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алды. Ал укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырды.
ИИБ кыргызстандык интернет айдыңына А.Б. өлүмүнө байланыштырган массалык мушташтын видеосу тараганын белгиледи. Милиция бул чындыкка дал келбей турганын, себеби видеодогу мушташ 3-июлда эле болгонун билдирди.
"Кээ бир адамдар соттук-медициналык экспертизанын жүрүшү тууралуу түшүнүгү жок туруп милиция окуяны жаап-жашырып жатат дешүүдө. Бул маалымат дагы чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Окуянын күбөлөрү аныкталып, суракка алынган. Бала эмнеден каза болгонун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мындан тышкары, Ысык-Көл районунун ИИБи маркумдун туугандарына күмөн саноо болбошу үчүн ушундай эле экспертизаны Талас облустук соттук-медициналык бюросунда дагы жүргүзүп көрүүнү сунуштаган. Алар буга макул болушту.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ал эми Ысык-Көл районунун ИИБинин тергөө кызматынын экспертизасынын жыйынтыгы боюнча, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алынат. ИИБ жарандарды туура эмес маалыматтарга объективдүү баа берүүгө чакырып, расмий гана маалыматтарга таянууну сунуштады", — деди маалымат кызматы.
Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Бостериде сабалып каза болду делген жигит. Милиция башкача версия айтууда
Жаңылыктар түрмөгү
0