Жол инспектору катары кадрдык резервге киргиңиз келеби? Шарттары

© Фото / пресс-служба ГУОБДД Жол инспектору
Жол инспектору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Документтер 24-июлдан 7-августка чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кадрдык резервди түзүү боюнча сынак жарыялады.
Талапкерлерге коюлган негизги шарттар:
19 жаштан 30 жашка чейин;
жогорку, орто юридикалык же кесиптик (жол кыймылы жаатында) билиминин болушу;
A, A1, B, B1, C, C1 категориялары менен айдоочулук күбөлүктүн болушу.
Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
жеке арыз;
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
өмүр баяны эки нускада (кол менен жана компьютерде терилген);
автобиографиялык эссе;
тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, окуу учурунда алган баалары менен документтерге тиркемелердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
эмгек китепчесинин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирген жарандарды кошпогондо);
эркектер үчүн — аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
паспорттун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) ;
нике жана балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
кеминде үч сунуш кат;
9x12 өлчөмдүү бир сүрөт, 3x4 өлчөмдөгү төрт сүрөт.
Документтер 24-июлдан 7-августка чейин Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Радио
Абылкасымов: орто кесиптик окуу жайлардын директорлору сынактан өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0