https://sputnik.kg/20230722/ukraina-iri-soyuzdashtarynan-azhyrap-zhatat-1077242548.html
Украина өзүнүн үлкөн союздаштарынан ажыроодо. Жагдайга сереп
Украина өзүнүн үлкөн союздаштарынан ажыроодо. Жагдайга сереп
Sputnik Кыргызстан
Михаил Катков 22.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-22T23:04+0600
2023-07-22T23:04+0600
2023-07-23T16:44+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
батыш
нато
колдоо
атайын операция
аналитика
https://sputnik.kg/img/07e7/07/16/1077242380_0:0:3028:1703_1920x0_80_0_0_33baa5dd866371d2a264771797f43fc6.jpg
Михаил КатковБир жарым жылдан бери Батыш Киевдин назына чыдап келди, бирок ар бир нерсенин чеги болот эмеспи. НАТОнун Вильнюстагы саммитинде АКШ менен Европанын өкүлдөрү көп убакыттан бери жашырып келе жаткандарын ачыкка чыгарышты.Украина бийлиги менен алардын алакалары начарлаган өңдүү. Ушул теманын тегерегинде кеп козгогон серепчи Михаил Катковдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.Чыгыш — БатышPolitico басылмасы Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Владимир Зеленскийди "жакшылыкты билбеген" деп тегин жерден сындабаса керек деп боолголоду. Ошол эле убакта Киевдин Түндүк атлантикалык альянстан көз карандылыгын моюнга алууну талап кылышканы айтылат.Эске салсак, бул эки үлкөн киши Киевге келгенде бири анчейин меймандостук көрсөтүлбөгөнүнө, экинчиси украиналык активисттин аскердик колдоонун жетишсиз болуп жатканына зекигенине капа болушкан."Америкалык калк ыраазычылык алууга татыктуу", — деп баса белгилеген ал. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, Зеленскийдин чеги жок өтүнүчтөрүнө ачууланып Жозеф Байден баары чогулган кечки тамактан чыгып кеткен.Politico басылмасынын баамында, Украина көптөн бери батыш дипломаттарынын кыжырына тийип, бирок аны кылдаттык менен жашырып келген. Байден Зеленский менен сүйлөшүүсүнө нааразы экенин былтыр июнда эле жазып чыгышкан. Аларга таянсак, Конгресс Киевге миллиард долларга жардам бөлүүнү бекитери менен украиналык лидердин дагы көп аскердик техника жана ок-дары талап кылганы америкалык президентке жакпай калган.Батыштагылар буга чейин да Зеленскийден талаптарын азайтып, союздаштарынын кыжырына тийбөөсүн эскерткени айтылат. Бирок украиналык бийликтин пикиринде андай сын-пикирлер негизсиз. Себеби алар Россия менен батыш цивилизациясы үчүн күрөшүп, ал эми европалыктар менен америкалыктар өздөрүнүн тар улуттук кызыкчылыктарынан чыга алышпайт.Politico басылмасы эңсөөлөрүн бир аз тизгиндөөнү өтүнүшкөндөрүнө украиналыктар тырчый түшкөн деп жазган. Бул менен бирге аталган медиа Украинанын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Залужныйдын The Washington Post басылмасына берген маегиндеги: "Эмнеге мен касташкан аймакта бир нерсе кылууну кимдир-бирөөдөн сурашым керек? Бул биздин көйгөй, душманды кантип өлтүрүү керектигин биз чечебиз", — деген сөзүн келтирген. Бул Россияга сокку урууга АКШнын тыюу салганына карата айтылган.Батыш маалымат каражаттары мында маселе Зеленскийдин командасынын жүрүм-турумунда гана эместигин, кептин баары кырдаалга берилген баалардын эки ача болгонунда экенин белгилешет.Түндүк — ТүштүкКиевдик бийликтин таянар тарабы калбай бараткандай. Муну Европа биримдиги менен Латын Америка өлкөлөрүнүн коомчулугу Брюсселде 50 мамлекет башчысы катышкан саммит айгинелеп койду.Европалыктар Кытайдан келчү сырьёдон көз карандылыгын азайтууну самап, башка жолдорун да издөөдө. Ошол эле учурда Түштүк америкалык континент менен соода жүргүзүү боюнча кытайлыктар Европа биримдигинен да ашты. Мурдагы ролун кайтаруу үчүн Европа биримдиги чөлкөмгө келерки төрт жыл аралыгында "Глобалдык шлюз" программасынын алкагында 45 миллиард евро бөлүүгө ниеттенүүдө. Кыязы, бул Пекиндин "Бир алкак — бир жол" программасына жооп.Европалыктар корутунду декларацияга Россияны кескин түрдө айыптоону киргизүүнү сунуштап, бирок Түштүк Америка лидерлери ага каршы чыгышты. Акыры Москва деген сөздү таптакыр кошпостон, согуштук аракеттер "адамдарды катуу азапка салып, дүйнөлүк экономикадагы туруксуздукту күчөтүп" жатканын белгилеп тим болушту.Булардан тышкары Австриянын канцлери Карл Нехаммер Бразилиянын президенти Лула да Силванын тынчтык демилгесин кубаттайт. Анын айтымында, мындай сунуштар маанилүү, анткени согуштук аракеттер акыры аякташы шарт. Бразилиялык лидердин көз карашында россиялык-украиналык тирешке аралашпаган өлкөлөрдүн бардыгы сүйлөшүүлөрдү өбөлгөлөө үчүн жоопкерчиликти колго алса болот. Мындан тышкары, Москвага "минималдык шарттарды" берүүгө болот.Башка арга жокЭксперттердин пикиринде, тынчтык үчүн территорияларды алмашуу — кыйла реалдуу сценарий. Бул жөнүндө Киевде кандай ойдо болушканынын эч кандай мааниси жок."Эгер Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан майнап чыкпаса, сүйлөшүүлөр башталат. Фронттун чеги эч өзгөрүүсүз, АКШ буга кайыл. Бирок Россия да чабуулга өтсө, украиналык мамлекеттүүлүктүн жок болуп кетүү коркунучу туулуп, Батыш Москва менен диалог курууга киришет. Анын ичинде тынчтык үчүн территорияларды алмашуу жөнүндө да сөз болушу ыктымал", — деп боолголойт саясат таануучу Ростислав Ищенко.Эксперт европалыктар эч качан Украина үчүн төлөгүлөрү келген эмес, бирок алардын пикирине кулак салышпайт дейт. Анткен менен алар менен киевдик режимдин ортосунда жаңжал тутанбайт, себеби эки жак тең Вашингтондон көз каранды."Ошондуктан сүйлөшүүлөр Россия менен Кошмо Штаттардын ортосунда жүрүп, ал эми Украина өзүнө айтылганды гана аткарат", — деп жыйынтыктайт Ростислав Ищенко.Саясат таануучу Александр Дудчак Киевде саясий элита чет өлкөгө качууга да макул болорун, ал эми жергиликтүү ишкерлер активдери сакталарына кепилдик берилсе, кандай бийлик болсо да иштөөгө даяр болушу мүмкүн деп жоромолдойт."Украиналыктардын кай бир бөлүгү акырына чейин күрөшкүсү келсе керек, бирок расмий пропаганда алмашса, алар деле андай ойдон кайтышы ажеп эмес", — деген ойдо адис. Ошону менен бирге эле жамааттык Батышка Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтыктын анчалык деле кажети жок. Эгер киевдик режимдин таянгандары согуштук аракеттер өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарына катуу залал келтирип жатат деп чечишсе, жаңжал тоңдурулушу толук ыктымал.
https://sputnik.kg/20230707/batysh-rossiyanyn-plandalbagan-zhenishinen-kooptonot-1076858709.html
https://sputnik.kg/20230706/rossiyalyk-kuchtor-fronttun-4-tilkesine-chabuul-koyuuda-1076832645.html
https://sputnik.kg/20230716/aksh-ukraina-natogo-kirgizbegen-sebebi-1077088594.html
украина
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/16/1077242380_48:0:2779:2048_1920x0_80_0_0_2b48c0bdfd4d9b6bafb1e50a5e4c2f82.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, батыш, нато, колдоо, атайын операция, аналитика
дүйнөдө, россия, украина, батыш, нато, колдоо, атайын операция, аналитика
Бир жарым жылдан бери Батыш Киевдин назына чыдап келди, бирок ар бир нерсенин чеги болот эмеспи. НАТОнун Вильнюстагы саммитинде АКШ менен Европанын өкүлдөрү көп убакыттан бери жашырып келе жаткандарын ачыкка чыгарышты.
Украина бийлиги менен алардын алакалары начарлаган өңдүү. Ушул теманын тегерегинде кеп козгогон серепчи Михаил Катковдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Politico басылмасы Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Владимир Зеленскийди "жакшылыкты билбеген" деп тегин жерден сындабаса керек деп боолголоду. Ошол эле убакта Киевдин Түндүк атлантикалык альянстан көз карандылыгын моюнга алууну талап кылышканы айтылат.
Эске салсак, бул эки үлкөн киши Киевге келгенде бири анчейин меймандостук көрсөтүлбөгөнүнө, экинчиси украиналык активисттин аскердик колдоонун жетишсиз болуп жатканына зекигенине капа болушкан.
"Америкалык калк ыраазычылык алууга татыктуу", — деп баса белгилеген ал. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, Зеленскийдин чеги жок өтүнүчтөрүнө ачууланып Жозеф Байден баары чогулган кечки тамактан чыгып кеткен.
Politico басылмасынын баамында, Украина көптөн бери батыш дипломаттарынын кыжырына тийип, бирок аны кылдаттык менен жашырып келген. Байден Зеленский менен сүйлөшүүсүнө нааразы экенин былтыр июнда эле жазып чыгышкан. Аларга таянсак, Конгресс Киевге миллиард долларга жардам бөлүүнү бекитери менен украиналык лидердин дагы көп аскердик техника жана ок-дары талап кылганы америкалык президентке жакпай калган.
Батыштагылар буга чейин да Зеленскийден талаптарын азайтып, союздаштарынын кыжырына тийбөөсүн эскерткени айтылат. Бирок украиналык бийликтин пикиринде андай сын-пикирлер негизсиз. Себеби алар Россия менен батыш цивилизациясы үчүн күрөшүп, ал эми европалыктар менен америкалыктар өздөрүнүн тар улуттук кызыкчылыктарынан чыга алышпайт.
Politico басылмасы эңсөөлөрүн бир аз тизгиндөөнү өтүнүшкөндөрүнө украиналыктар тырчый түшкөн деп жазган. Бул менен бирге аталган медиа Украинанын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Залужныйдын The Washington Post басылмасына берген маегиндеги: "Эмнеге мен касташкан аймакта бир нерсе кылууну кимдир-бирөөдөн сурашым керек? Бул биздин көйгөй, душманды кантип өлтүрүү керектигин биз чечебиз", — деген сөзүн келтирген. Бул Россияга сокку урууга АКШнын тыюу салганына карата айтылган.
Батыш маалымат каражаттары мында маселе Зеленскийдин командасынын жүрүм-турумунда гана эместигин, кептин баары кырдаалга берилген баалардын эки ача болгонунда экенин белгилешет.
Киевдик бийликтин таянар тарабы калбай бараткандай. Муну Европа биримдиги менен Латын Америка өлкөлөрүнүн коомчулугу Брюсселде 50 мамлекет башчысы катышкан саммит айгинелеп койду.
Европалыктар Кытайдан келчү сырьёдон көз карандылыгын азайтууну самап, башка жолдорун да издөөдө. Ошол эле учурда Түштүк америкалык континент менен соода жүргүзүү боюнча кытайлыктар Европа биримдигинен да ашты. Мурдагы ролун кайтаруу үчүн Европа биримдиги чөлкөмгө келерки төрт жыл аралыгында "Глобалдык шлюз" программасынын алкагында 45 миллиард евро бөлүүгө ниеттенүүдө. Кыязы, бул Пекиндин "Бир алкак — бир жол" программасына жооп.
Европалыктар корутунду декларацияга Россияны кескин түрдө айыптоону киргизүүнү сунуштап, бирок Түштүк Америка лидерлери ага каршы чыгышты. Акыры Москва деген сөздү таптакыр кошпостон, согуштук аракеттер "адамдарды катуу азапка салып, дүйнөлүк экономикадагы туруксуздукту күчөтүп" жатканын белгилеп тим болушту.
Булардан тышкары Австриянын канцлери Карл Нехаммер Бразилиянын президенти Лула да Силванын тынчтык демилгесин кубаттайт. Анын айтымында, мындай сунуштар маанилүү, анткени согуштук аракеттер акыры аякташы шарт. Бразилиялык лидердин көз карашында россиялык-украиналык тирешке аралашпаган өлкөлөрдүн бардыгы сүйлөшүүлөрдү өбөлгөлөө үчүн жоопкерчиликти колго алса болот. Мындан тышкары, Москвага "минималдык шарттарды" берүүгө болот.
Эксперттердин пикиринде, тынчтык үчүн территорияларды алмашуу — кыйла реалдуу сценарий. Бул жөнүндө Киевде кандай ойдо болушканынын эч кандай мааниси жок.
"Эгер Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан майнап чыкпаса, сүйлөшүүлөр башталат. Фронттун чеги эч өзгөрүүсүз, АКШ буга кайыл. Бирок Россия да чабуулга өтсө, украиналык мамлекеттүүлүктүн жок болуп кетүү коркунучу туулуп, Батыш Москва менен диалог курууга киришет. Анын ичинде тынчтык үчүн территорияларды алмашуу жөнүндө да сөз болушу ыктымал", — деп боолголойт саясат таануучу Ростислав Ищенко.
Эксперт европалыктар эч качан Украина үчүн төлөгүлөрү келген эмес, бирок алардын пикирине кулак салышпайт дейт. Анткен менен алар менен киевдик режимдин ортосунда жаңжал тутанбайт, себеби эки жак тең Вашингтондон көз каранды.
"Ошондуктан сүйлөшүүлөр Россия менен Кошмо Штаттардын ортосунда жүрүп, ал эми Украина өзүнө айтылганды гана аткарат", — деп жыйынтыктайт Ростислав Ищенко.
Саясат таануучу Александр Дудчак Киевде саясий элита чет өлкөгө качууга да макул болорун, ал эми жергиликтүү ишкерлер активдери сакталарына кепилдик берилсе, кандай бийлик болсо да иштөөгө даяр болушу мүмкүн деп жоромолдойт.
"Украиналыктардын кай бир бөлүгү акырына чейин күрөшкүсү келсе керек, бирок расмий пропаганда алмашса, алар деле андай ойдон кайтышы ажеп эмес", — деген ойдо адис. Ошону менен бирге эле жамааттык Батышка Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтыктын анчалык деле кажети жок. Эгер киевдик режимдин таянгандары согуштук аракеттер өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарына катуу залал келтирип жатат деп чечишсе, жаңжал тоңдурулушу толук ыктымал.