https://sputnik.kg/20230709/dary-darmek-baasy-zhongo-salynat-1076913359.html
Кыргызстанда дары-дармек баасы жөнгө салынат. Эксперт менен маек
Кыргызстанда дары-дармек баасы жөнгө салынат. Эксперт менен маек
Sputnik Кыргызстан
Дары-дармек баасына бирдей үстөк кошулабы? Кандай түрлөрү көп учурда кымбат сатылат? Дегеле Кыргызстанда дары-дармектин наркын жөнгө салууга болобу? Ушул жана... 09.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-09T18:07+0600
2023-07-09T18:07+0600
2023-07-09T20:49+0600
кыргызстан
дары-дармек
сатуу
импорт
тиркеме
баа
фармацевтика
маек
исабек исмаилов
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076677845_77:449:2919:2048_1920x0_80_0_0_3f9d392410fc3e233e9d5169e99497a6.jpg
Дары — жөнөкөй товар эмес: кайсы бир дарыны сатып алуу мүмкүнчүлүгү өмүр менен өлүмдүн ортосундагы маселеге айланышы ыктымал. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов мамлекет калкты кантип дары-дармек менен камсыз кылууну көздөп жатканын айтып берди.— Кыргызстанда дары-дармек түрүнүн 15 пайызы мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок жакында эле министрлер кабинети ошол тизмедеги дары каражаттарын 50 пайызга жеткирүүнү чечти. Буга эмне себеп?— Жеткиликтүү бааны камсыздоо үчүн жасалууда. Бааны жөнгө салуу мамлекет тарабынан саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каржыны туура жана майнаптуу колдонууну камсыздайт. Ошону менен бирге эле жарандардын дары сатып алууга кеткен чыгымдарын кыскартат. Бирок бул маселеге терең акыл калчоо менен карайбыз. Анткени дары-дармек ансыз да кымбат. Бир дарынын түп нускасын чыгарууга эбегейсиз каражат жумшалып, анын майнаптуулугун, коопсуздугун изилдеп, көп баскычтуу сыноолорду жүргүзүү үчүн илим-изилдөө институттары бир топ жыл бою иш алпарат.Биздин өлкө дары каражаттарынын 97 пайызын сырттан сатып алат. Жабдуу жагдайын жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жана өкмөт рынокто жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ордун арбытууга аракет кылышат. Бирок андай абалга тез эле жетүү мүмкүн эмес, ошондуктан дары-дармек элге жеткиликтүү болушу үчүн баанын жөнгө салынышы абзел.— Бир дартка эле даба болчу дарылардын баасы эмнеге кескин айырмаланат? Маселе алардын майнаптуулугундабы?— Түп нускалар да, женериктер да (generic drug – фармацевтикалык, биологиялык жана терапиялык натыйжалуулугу оригиналы менен бирдей экени тастыкталган препараттар – ред. тактоосу) бар. Биринчилери — бул өндүрүшкө эксклюзивдик бар, бирок белгилүү бир убакытка чейин гана укугу фармацевтикалык компания даярдаган бренддик дарылар. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, патенттелген бренддик препаратты чыгаруу укугу 25 жылга берилет. Андан соң иштеп чыккан жак анын курамын ачыктайт. Ошол убакыт аралыгы өткөн соң башка фармацевтикалык заводдор да аны даярдап, бирок башка аталышта өндүрөт. Ошентип женериктер пайда болот.Экөөнүн тең курамы бирдей. Анткени мурда белгилүү бир бренд менен чыгарылып жүрүп кардарлар да көбүрөк ынанат, ошол үчүн да кымбат төлөшөт. Бүгүн биз дарыгерлерге рецептке препараттардын соодалык аталыштарын эмес, эл аралык патенттештирилбеген аталыштарын жазгыла деп жатабыз.Фармацевтикалык компаниялар өз өндүрүмдөрүн жарнамалайт, буга алардын акысы бар, бирок алар муну дарыгерлер аркылуу жасоодо. Эгер дарыгер андай рецепт жазса, бейтаптын дары тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири болот. Эгер "парацетамол" деп жазылса, дарыканада сизге ар кыл өндүрүшчүлөрдүн парацетамол камтыган дары каражаттарын сунуштоого тийиш.2020-жылы пандемия убагында түзүлгөн кырдаал фармацевтикалык ишканалар чектен чыккан аракеттерге барышарын көрсөтүп койду. Бул – саламаттык маселеси, аны кызыл кулактыкка айлантканга болбойт. Ошондуктан наркы мамлекет тарабынан жөнгө салына турган дары-дармек тизмегин бир топ кеңейтүү чечими кабыл алынды.— Башка мамлекеттер да бул тармакта бааны аныктоого кийлигишеби?— Универсалдуу механизм жок, ар бир өлкөнүн өз рычагдары бар. Бирок постсоветтик мейкиндикте, Европада мамлекеттер буга аралашат. Ошол себептен экономикалык, социалдык, нормативдик-укуктук өзгөчөлүктөрүбүздү эске алуу менен биз 2019-жылдан тарта айрым дарылардын аталыштары боюнча сынамык долбоорду байкап келебиз. Эми иштелип чыккан принциптер өтө зарыл дарылардын толук тизмегине колдонулат.— Ошол тизмеде канча дары каражаты бар?— Азыр 400 чакты эл аралык патенттештирилбеген препарат камтылат. Ар кандай соода аталыштары да бар. Катталган дары-дармек реестринде алардын жалпы саны 6500дөн ашат. Алардын жарымынын баасы жөнгө салынмакчы.— Сыноо убагында кайсы препараттар тизмеге киргизилди?— Сынамык режим ковидге каршы 59 препараттын 56сына тиешелүү болду.— Демек, мындан ары дээрлик бардык илдетке шыпаа болчу дары-дармектердин баасы жөнгө салынабы?— Ооба. Биз жогорку баа чегин коебуз. Препаратты андан арзан сатууга уруксат, бирок коюлган чектен кымбат сатууга тыюу салынат.— Бизнес үчүн жагымсыз механизм го...— Биз дүйнөлүк тажрыйбага таянуу менен иш алып барабыз. Референттик баа түзүү деген тышкы түшүнүк бар. Дары каражаты кайдан алып келингенин, өндүрүшчүдө канча турарын, ташып келүүгө кандай чыгым кеткенин, бажы төлөмдөрүн, башка чыгымдарын эске алабыз...Бизде регрессивдик өлчөө бар: эгер дары кымбат турса, ага пайыздык көрсөткүчтө азыраак, ал эми арзан болсо, көбүрөөк үстөк кошулат.— Башкача айтканда, бардык эле дары-дармекке бирдиктүү үстөк бааны, маселен, 2 пайыз коюуга болбойбу?— Болбойт. Бир препарат 20 сом, дагы бири 2 миң сом турат. Ар бир каражаттын таңгагынан эки пайыз ар башка чыгып калат. Бирок тийиштүү сегментте таңсыктык жаралып кетпеши үчүн арзан дарылардын (100 сом дейли) баасы жөнгө салынбайт. Саны катуу эсепке алына турган баңгизат камтылган препараттар да бар, алардын баасы кыйла жеткиликтүү.Былтыр айрым препараттардын баасы чектелген сынамык режим маалындагы мониторинг фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери чындап эле бааны асмандата берерин аныктады. Антимонополия кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте рейд жүргүзүп, айып пул салдык.— Кайсы дары-дармекке көп кошуп сатышат?— Кайсы бирин бөлүп айтуу кыйын... Байкоо жүргүзүү тутумун киргизгенибиз жакшы болду, бул тутум дагы ачык иш алып барууну камсыздайт.Керектөөчү мобилдик тиркеме менен дары-дармектеги кодду сканерлеп, анын баасы жөнгө салынабы же жокпу карай алат. Эгер ал жөнгө салынса, анда коюлган баасы дароо чыгат. Ушундай жол менен бейтап баш баккан дарыканасы бааны ашкере кымбат коюп-койбогонун тактай алат.— Байкоо жүргүзүү тутуму туурасына да токтолсоңуз. Ишкерлер бул механизм жаатында тынчсызданып жатышты эле.— Айрым абийирсиз кишилер кымбат жана сейрек дары-дармек менен бизнес жасашат, буга каршы турууга тийишпиз. Ушул тутумдан улам биз рынокко жасалма, тастыкталбаган дары-дармектин киришин бөгөттөй алабыз. Бул үчүн маркировка деген киргизилген... Биз байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө бир каржылык чыгымдарды талап кылбаган абдан жеткиликтүү тутумун тандап алдык. Дарыканалар компьютер пайдаланганына көп болгон, ага кошумча, интернет жана кол сканери гана керектелет.Өлкөгө киргизүүдө медикаменттердин баары мамлекеттик каттоодон өтөт. Демек, биз текшерип, андан кийин гана каттоо күбөлүгүн беребиз. Киргизүүдөн оболу биздин эксперттер тандап, препараттарды лабораторияда текшерип, байкоо жүргүзүү системасына маалыматтарды жайгаштырып, колдонууга уруксат беришет. Таңгакта жекече код көрсөтүлгөндүктөн ар бири катталат.Дарыканалык баңгиликке каршы күрөшүү үчүн биринчилерден болуп системага катуу таасир этүүчү, психотроптук препараттар, анальгетик жана баңгизаттар киргизилди. Биз дары кайда жана канча таңгак экенин, ким аны качан сатканы боюнча геолокацияны онлайн-режимде көрүп турабыз. Ар бир фармацевттин өз коду болот. Дарыны туура эмес саткан маалда биздин инспекция ага чара көрөт.— Бул тутум бааны жөнгө салуу менен да иштеп кете алабы?— Ооба, жарандар "Дары-дармек" тиркемесин көчүрө алышат. Дарыга код берилгенде автоматтык генерация иштейт. Дары-дармекке тынымсыз байкоо жүргүзүү тутумуна ушул тапта 79 мамлекеттик саламаттык сактоо ишканалары, дарыканалардын бир даары жана дарыкана кампалары туташтырылган.— Ишкерлер рыноктун импорттон көз карандылыгы 97 пайыз болуп турганда бааны жөнгө салуу ылайыксыз экенин белгилешет. Адамдарды таңсыктык менен чочулатышат... Сиз жетектеген департамент бул боюнча кандай позицияны карманат?— Башкысы – дары-дармектин баасы элдин капчыгына бап болушу. Дары менен камсыздоодо нормативдик-укуктук актылардын баарын иштеп чыгууда биз мекемелер аралык жумушчу топ түзөбүз. Ага ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү да кирет.Кыргызстандыктарды дары-дармек менен камсыздоо толугу менен жеке колдо экен. Ошондуктан "Кыргызфармация" мамлекеттик мекемеси түптөлдү.— Министрлер кабинети андан эмнени күтөт?— Биринчи баскычта ал дары-дармек менен камсыздоого жабдуу жолу менен туташат, бирок ага катар эле ички өндүрүштү колдоо механизмдери иштелип чыгууга тийиш. Биздеги фармацевтикалык заводдор мурда катуу жана жумшак дарыларды гана чыгарышкан, эми ийне саюуга колдонулуучу түрлөрү да пайда болушу шарт.
https://sputnik.kg/20230625/zhany-dary-zavodunan-vet-darylar-da-chygat-1076532691.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Елена Яковлева
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074719433_89:372:606:889_100x100_80_0_0_46a720de87f1f64482c647213a4ed854.jpg
Елена Яковлева
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074719433_89:372:606:889_100x100_80_0_0_46a720de87f1f64482c647213a4ed854.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076677845_133:0:2864:2048_1920x0_80_0_0_9f4c782c78dc1f91449a0861fdce9192.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Елена Яковлева
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074719433_89:372:606:889_100x100_80_0_0_46a720de87f1f64482c647213a4ed854.jpg
кыргызстан, дары-дармек, сатуу, импорт, тиркеме, баа, фармацевтика, маек, исабек исмаилов
кыргызстан, дары-дармек, сатуу, импорт, тиркеме, баа, фармацевтика, маек, исабек исмаилов
Кыргызстанда дары-дармек баасы жөнгө салынат. Эксперт менен маек
18:07 09.07.2023 (Жаңыртылды: 20:49 09.07.2023) Дары-дармек баасына бирдей үстөк кошулабы? Кандай түрлөрү көп учурда кымбат сатылат? Дегеле Кыргызстанда дары-дармектин наркын жөнгө салууга болобу? Ушул жана башка соболдор менен Sputnik агенттиги адиске кайрылды.
Дары — жөнөкөй товар эмес: кайсы бир дарыны сатып алуу мүмкүнчүлүгү өмүр менен өлүмдүн ортосундагы маселеге айланышы ыктымал. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов мамлекет калкты кантип дары-дармек менен камсыз кылууну көздөп жатканын айтып берди.
— Кыргызстанда дары-дармек түрүнүн 15 пайызы мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок жакында эле министрлер кабинети ошол тизмедеги дары каражаттарын 50 пайызга жеткирүүнү чечти. Буга эмне себеп?
— Жеткиликтүү бааны камсыздоо үчүн жасалууда. Бааны жөнгө салуу мамлекет тарабынан саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каржыны туура жана майнаптуу колдонууну камсыздайт. Ошону менен бирге эле жарандардын дары сатып алууга кеткен чыгымдарын кыскартат. Бирок бул маселеге терең акыл калчоо менен карайбыз. Анткени дары-дармек ансыз да кымбат. Бир дарынын түп нускасын чыгарууга эбегейсиз каражат жумшалып, анын майнаптуулугун, коопсуздугун изилдеп, көп баскычтуу сыноолорду жүргүзүү үчүн илим-изилдөө институттары бир топ жыл бою иш алпарат.
Биздин өлкө дары каражаттарынын 97 пайызын сырттан сатып алат. Жабдуу жагдайын жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жана өкмөт рынокто жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ордун арбытууга аракет кылышат. Бирок андай абалга тез эле жетүү мүмкүн эмес, ошондуктан дары-дармек элге жеткиликтүү болушу үчүн баанын жөнгө салынышы абзел.
— Бир дартка эле даба болчу дарылардын баасы эмнеге кескин айырмаланат? Маселе алардын майнаптуулугундабы?
— Түп нускалар да, женериктер да (generic drug – фармацевтикалык, биологиялык жана терапиялык натыйжалуулугу оригиналы менен бирдей экени тастыкталган препараттар – ред. тактоосу) бар. Биринчилери — бул өндүрүшкө эксклюзивдик бар, бирок белгилүү бир убакытка чейин гана укугу фармацевтикалык компания даярдаган бренддик дарылар. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, патенттелген бренддик препаратты чыгаруу укугу 25 жылга берилет. Андан соң иштеп чыккан жак анын курамын ачыктайт. Ошол убакыт аралыгы өткөн соң башка фармацевтикалык заводдор да аны даярдап, бирок башка аталышта өндүрөт. Ошентип женериктер пайда болот.
Экөөнүн тең курамы бирдей. Анткени мурда белгилүү бир бренд менен чыгарылып жүрүп кардарлар да көбүрөк ынанат, ошол үчүн да кымбат төлөшөт. Бүгүн биз дарыгерлерге рецептке препараттардын соодалык аталыштарын эмес, эл аралык патенттештирилбеген аталыштарын жазгыла деп жатабыз.
Фармацевтикалык компаниялар өз өндүрүмдөрүн жарнамалайт, буга алардын акысы бар, бирок алар муну дарыгерлер аркылуу жасоодо. Эгер дарыгер андай рецепт жазса, бейтаптын дары тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири болот. Эгер "парацетамол" деп жазылса, дарыканада сизге ар кыл өндүрүшчүлөрдүн парацетамол камтыган дары каражаттарын сунуштоого тийиш.
2020-жылы пандемия убагында түзүлгөн кырдаал фармацевтикалык ишканалар чектен чыккан аракеттерге барышарын көрсөтүп койду. Бул – саламаттык маселеси, аны кызыл кулактыкка айлантканга болбойт. Ошондуктан наркы мамлекет тарабынан жөнгө салына турган дары-дармек тизмегин бир топ кеңейтүү чечими кабыл алынды.
— Башка мамлекеттер да бул тармакта бааны аныктоого кийлигишеби?
— Универсалдуу механизм жок, ар бир өлкөнүн өз рычагдары бар. Бирок постсоветтик мейкиндикте, Европада мамлекеттер буга аралашат. Ошол себептен экономикалык, социалдык, нормативдик-укуктук өзгөчөлүктөрүбүздү эске алуу менен биз 2019-жылдан тарта айрым дарылардын аталыштары боюнча сынамык долбоорду байкап келебиз. Эми иштелип чыккан принциптер өтө зарыл дарылардын толук тизмегине колдонулат.
— Ошол тизмеде канча дары каражаты бар?
— Азыр 400 чакты эл аралык патенттештирилбеген препарат камтылат. Ар кандай соода аталыштары да бар. Катталган дары-дармек реестринде алардын жалпы саны 6500дөн ашат. Алардын жарымынын баасы жөнгө салынмакчы.
— Сыноо убагында кайсы препараттар тизмеге киргизилди?
— Сынамык режим ковидге каршы 59 препараттын 56сына тиешелүү болду.
— Демек, мындан ары дээрлик бардык илдетке шыпаа болчу дары-дармектердин баасы жөнгө салынабы?
— Ооба. Биз жогорку баа чегин коебуз. Препаратты андан арзан сатууга уруксат, бирок коюлган чектен кымбат сатууга тыюу салынат.
— Бизнес үчүн жагымсыз механизм го...
— Биз дүйнөлүк тажрыйбага таянуу менен иш алып барабыз. Референттик баа түзүү деген тышкы түшүнүк бар. Дары каражаты кайдан алып келингенин, өндүрүшчүдө канча турарын, ташып келүүгө кандай чыгым кеткенин, бажы төлөмдөрүн, башка чыгымдарын эске алабыз...
Бизде регрессивдик өлчөө бар: эгер дары кымбат турса, ага пайыздык көрсөткүчтө азыраак, ал эми арзан болсо, көбүрөөк үстөк кошулат.
— Башкача айтканда, бардык эле дары-дармекке бирдиктүү үстөк бааны, маселен, 2 пайыз коюуга болбойбу?
— Болбойт. Бир препарат 20 сом, дагы бири 2 миң сом турат. Ар бир каражаттын таңгагынан эки пайыз ар башка чыгып калат. Бирок тийиштүү сегментте таңсыктык жаралып кетпеши үчүн арзан дарылардын (100 сом дейли) баасы жөнгө салынбайт. Саны катуу эсепке алына турган баңгизат камтылган препараттар да бар, алардын баасы кыйла жеткиликтүү.
Былтыр айрым препараттардын баасы чектелген сынамык режим маалындагы мониторинг фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери чындап эле бааны асмандата берерин аныктады. Антимонополия кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте рейд жүргүзүп, айып пул салдык.
— Кайсы дары-дармекке көп кошуп сатышат?
— Кайсы бирин бөлүп айтуу кыйын... Байкоо жүргүзүү тутумун киргизгенибиз жакшы болду, бул тутум дагы ачык иш алып барууну камсыздайт.
Керектөөчү мобилдик тиркеме менен дары-дармектеги кодду сканерлеп, анын баасы жөнгө салынабы же жокпу карай алат. Эгер ал жөнгө салынса, анда коюлган баасы дароо чыгат. Ушундай жол менен бейтап баш баккан дарыканасы бааны ашкере кымбат коюп-койбогонун тактай алат.
— Байкоо жүргүзүү тутуму туурасына да токтолсоңуз. Ишкерлер бул механизм жаатында тынчсызданып жатышты эле.
— Айрым абийирсиз кишилер кымбат жана сейрек дары-дармек менен бизнес жасашат, буга каршы турууга тийишпиз. Ушул тутумдан улам биз рынокко жасалма, тастыкталбаган дары-дармектин киришин бөгөттөй алабыз. Бул үчүн маркировка деген киргизилген... Биз байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө бир каржылык чыгымдарды талап кылбаган абдан жеткиликтүү тутумун тандап алдык. Дарыканалар компьютер пайдаланганына көп болгон, ага кошумча, интернет жана кол сканери гана керектелет.
Өлкөгө киргизүүдө медикаменттердин баары мамлекеттик каттоодон өтөт. Демек, биз текшерип, андан кийин гана каттоо күбөлүгүн беребиз. Киргизүүдөн оболу биздин эксперттер тандап, препараттарды лабораторияда текшерип, байкоо жүргүзүү системасына маалыматтарды жайгаштырып, колдонууга уруксат беришет. Таңгакта жекече код көрсөтүлгөндүктөн ар бири катталат.
Дарыканалык баңгиликке каршы күрөшүү үчүн биринчилерден болуп системага катуу таасир этүүчү, психотроптук препараттар, анальгетик жана баңгизаттар киргизилди. Биз дары кайда жана канча таңгак экенин, ким аны качан сатканы боюнча геолокацияны онлайн-режимде көрүп турабыз. Ар бир фармацевттин өз коду болот. Дарыны туура эмес саткан маалда биздин инспекция ага чара көрөт.
— Бул тутум бааны жөнгө салуу менен да иштеп кете алабы?
— Ооба, жарандар "Дары-дармек" тиркемесин көчүрө алышат. Дарыга код берилгенде автоматтык генерация иштейт. Дары-дармекке тынымсыз байкоо жүргүзүү тутумуна ушул тапта 79 мамлекеттик саламаттык сактоо ишканалары, дарыканалардын бир даары жана дарыкана кампалары туташтырылган.
— Ишкерлер рыноктун импорттон көз карандылыгы 97 пайыз болуп турганда бааны жөнгө салуу ылайыксыз экенин белгилешет. Адамдарды таңсыктык менен чочулатышат... Сиз жетектеген департамент бул боюнча кандай позицияны карманат?
— Башкысы – дары-дармектин баасы элдин капчыгына бап болушу. Дары менен камсыздоодо нормативдик-укуктук актылардын баарын иштеп чыгууда биз мекемелер аралык жумушчу топ түзөбүз. Ага ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү да кирет.
Кыргызстандыктарды дары-дармек менен камсыздоо толугу менен жеке колдо экен. Ошондуктан "Кыргызфармация" мамлекеттик мекемеси түптөлдү.
— Министрлер кабинети андан эмнени күтөт?
— Биринчи баскычта ал дары-дармек менен камсыздоого жабдуу жолу менен туташат, бирок ага катар эле ички өндүрүштү колдоо механизмдери иштелип чыгууга тийиш. Биздеги фармацевтикалык заводдор мурда катуу жана жумшак дарыларды гана чыгарышкан, эми ийне саюуга колдонулуучу түрлөрү да пайда болушу шарт.