9-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовОтургучта отурган кыз. Архив
Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2023
Жазылуу
9-июлга караган түнү Чүй, Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас менен Ысык-Көл өрөөнүндө +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, ал эми Нарында +19...+24 градус болот.
Бул күнү Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +30...+32, Ошто +32...+34, Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетет.
Аял бала менен паркта балмуздак жеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июлга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0