Мээ кайнаткан ысык болобу? Июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАял бала менен паркта балмуздак жеп жатат. Архив
Аял бала менен паркта балмуздак жеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Синоптиктер бул айда абанын температурасы былтыркыга салыштырмалуу бир аз төмөн болорун маалымдады.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология агенттиги июлда өлкө аймагында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болорун айтты.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометСреднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в июле 2023 года
Среднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в июле 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +23…+25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +16…+18 градус болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +13…+18ден тарта +19…+24 градуска чейин өзгөрүп турат. Күндүз +22…+27ден баштап +33…+38 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт (норма Чүй өрөөнүндө 18-25 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-62 миллиметрди түзөт).
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +21…+23 градуска жетиши ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14төн тарта +15…+20 градуска чейин чыгат. Күндүз +21…+26 градустан +31…+36 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн (норма 16-20 мм).
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +24…+26, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска, күндүз +23…+28ден тарта +34…+39 градуска чейин чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу (норма өрөөндөрдө 9-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 27-44 миллиметрди түзөт) ыктымал.
Жалал-Абад
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп, +24…+26, тоо этектеринде +20…+22 градуска чейин жетери күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска чейин, күндүз +23…+28ден +34…+39 градуска чейин чыгышы күтүлүп жатат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт (норма өрөөндөрдө 13-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-71 мм).
Фестиваль Кыргыз шырдак XIII в Нарыне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Нарындагы "Кыргыз шырдак" фестивалынан кереметтүү 15 сүрөт
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада туруп, +24…+26 градус, тоо этектеринде +20…+22 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан +20…+25 градуска, күндүз +23…+29дан тарта +34…+39 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт (норма 15-17 мм, тоо этектериндеги райондордо 22-24 миллиметрди түзөт).
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +17…+19 градустун тегерегинде турат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12 градустан тарта +13…+18 градуска чейин, күндүз +15…+20 градустан +25…+30 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +17…+19 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градустан тарта +11…+16 градуска чейин, күндүз +17…+22ден көтөрүлүп, +27…+32 градуска чейин чыгышы ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 24-41 миллиметрди түзөт).
Айдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Министрлик: кургакчылык жазгы талаа иштеринин темпин төмөндөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0