Украинанын "контрчабуулу" Батыштын көңүлүн калтырууда. Эң оору алдыда

© AP Photo / LIBKOSБлагодатноедеги украиналык жоокер
Благодатноедеги украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн эмитен эле ийгиликсиз "контрабуулун" киевдик режим "көп домендүү операциянын" башаты же "күрөштү чалгындоо" катары көрсөтүү далалатында.
Бирок Батыштагы кожоюндары украиналык кол куурчактар "Россияны согуш талаасында жеңүү" милдетин аткара албай турганын түшүнүштү дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анткен менен автор бул дагы эч нерсе эмес экенин белгилеп, АКШ менен НАТО жакында дагы бир ирет аскердик-саясий өңүттө уятка каларын боолголойт.
Атайын аскердик операция зонасындагы ыкчам кырдаал кыйын. Батыштын көмөгү менен Киев фронттун ар кыл тилкелериндеги активдүү аракеттер үчүн жетишерлик күч жана каражат топтой алды. Анткен менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн бригадаларынын саны россиялык күчтөрдүн даярдыгына, аскердик артыкчылыгына тең келе албасы анык.
Украиналык "контрчабуулдун" үч апталык жүрүшүндө ийгиликтен үмүт жок, бирок Куралдуу күчтөр 14 миң жоокеринен ажырады. Батыштын шаабайы сууп, айрыкча жалын чалмаган Leopard 2A6нын өндүрүшчүлөрүнүн көңүлү кайт боло түштү.
Запорожье багытында америкалык Bradley пехота унаалары жана башка натолук ок өткөрбөс техникасы салгылаш талаасында өрттөлүүдө. Британия тарабынан берилген Storm Shadow арсеналы, ошондой эле Канатово жана Днепропетровск аэродромдорундагы радиоэлектрондук чалгындоо борборлору талкаланды.
Россиянын Аба-космостук күчтөрү 26-июнда каршылаш тараптын Полтава, Херсон, Черкассы, Киев жана Одесса облустарындагы күчтөрү жайгашкан жерлерге, машыгуу базалары жана арсеналдарына топтоштурулган ракеталык сокку урду.
Киевдик режим Россиянын Крымга алпара турган кургактагы коридорун бууп коюу демилгесин жүзөгө ашырууга умтулуп, Днепрдин сол жээгинде активдешти. Бирок россиялык "Солнцепёктордун" залптары Украина Куралдуу күчтөрүнүн бардык аракеттерин бөгөп, Херсондон түндүккө карай кеткен Антонов көпүрөсүндөгү плацдармга жайгашуусуна жол бербей турат.
Түштүк Донецк багытында РФтин каршылаш тарабы Ровнополго төрт ирет чабуул койду. Ал эми 25-июнда аталган кыштакта Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын аскердик бөлүктөрүнүн артиллерия жана танк бөлүктөрүнүн кыйратуучу соккусуна кабылды.
Артемовскиде да Украина Куралдуу күчтөрү күн сайын жүздөгөн жоокеринен айрылууда. Россиялык коргонуу тутуму кебелбей, "бахмуттук фортеция" өңдүү украиналык тактика тамашага айланып бараткандай. Россиялык ФАБ-1000 фугастык авиабомбаларынын соккуларынан соң Харьков облусундагы Купянскиден да украиналык күчтөр чегинүүдө.
XI Эл аралык аскер-деңиз салону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Кубаттуу, мыкты. Эл аралык көргөзмөдөгү россиялык жогорку технологиялык табылгалар
Украина Куралдуу күчтөрү жайгашкан жерлерге ар күнү жарым тонналык 50гө чукул "акылдуу" ФАБ-500 учуп, жапырт жок кылып, аман калган ички курамды да мокотууда. Бирок Вашингтон украиналык аскердик бөлүктөрүн жандандыруу оюнан кайтпай курал менен жабдып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык ок-дары таңсыктыгын жоюуга тырышканын кое элек.
АКШнын киевдик режимге берген аскердик жардамынын он экинчи топтому 500 млн долларды түзүп, 25 Stryker БТР жана 30 Bradley пехота унаасын камтыды. Батыш мындай жагдай апталап, айлап созулуп отуруп, украиналык армия жана натолук аскердик техника толугу менен талкаланса да россиялык коргонуу чептерин жиреп кире албай турганын түшүнүп турат.
Россия менен прокси согуш аркылуу НАТО өлкөлөрү "АКШнын чабалдыгы туурасындагы нарративди кайра жаза албай турушат". ФРГ "истребителдердин коалициясынан" чыкса, Австралия Украинага өзүнүн ок өткөрбөс Hawkei машиналарын жөнөтүүдөн айныды.
American Thinker басылмасы РФтин армиясы менен жетекчилиги батыштагылардан күчтүү: "Украинадагы куралдуу жаңжалдын нагыз себептери туурасында улам кабардар болуп жатабыз. Бул – кансыз согуш менталитетине эгедер америкалык бийликтин таптакыр керексиз жаңжалы. Мындай каатчылыктын үзүрүн бир гана аскер-өнөр жай комплекси көрүүдө", – деп жазат.
Чындап эле Россиянын жеңишке жетери ырас, анткени анын аскердик технологиясы жана өндүрүшү Батыштыкынан алда канча алдыда. Атайын аскердик операция зонасында РФ аскердик бөлүктөрү ай сайын улам жүздөгөн жаңы, дүйнөдө теңдеши жок танк, артиллериялык курал, ракеталык тутумдарды, ошондой эле ондогон сокку уруучу учак жана тик учактарга ээ болушат.
Россиялык күчтөр мыкты машыктырылып, куралданган. Ок-дары таңсыктыгы жок. Экинчи жагынан Пентагон менен НАТО жетимиш жыл бою бир дагы түз жана прокси жаңжалда (Вьетнам, Афганстан, Ирак) жеңишке ээ боло албаганы маалым. Натолук инструкторлор Украина Куралдуу күчтөрүн "эвакуацияга" гана (Сайгон менен Кабулду эстейли) машыктыра алса керек...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Украинанын аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин кеңсеси контрчабуул оор өтүп жатканын моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0