Кыргызстанга Германиянын федералдык президенти келди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргызстанга Германиянын федералдык президенти келди
Кыргызстанга Германиянын федералдык президенти келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Иш сапардын алкагында ал Садыр Жапаров менен жолугат.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, Штайнмайерди "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРОфициальный визит президента Германии Франка-Вальтера Штайнмайера в Кыргызстан
Официальный визит президента Германии Франка-Вальтера Штайнмайера в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Иш сапардын алкагында Германия президенти Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугат.
"Анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат", — дешти өкмөттөн.
Бишкектеги милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Бишкек менен Чүйдө 21-23-июнь күндөрү жолдор маал-маалы менен жабылат. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0