Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: стрессти башкарганды үйрөнүш керек

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Сейил Калдыбаева
Психолог Сейил Калдыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Психолог Сейил Калдыбаева адамдардын көбүндө стресс жаман деген түшүнүк жашап келерин айтты.
Стрессти башкарганды жана аны стимул катары кабыл алганды үйрөнүү зарыл экенин Сейил Калдыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог: стрессти башкарганды үйрөнүш керек
Анын айтымында, стресстин эки түрү бар.
"Бизде стресс жаман деген түшүнүк кеңири жайылган. Негизи анын эки түрү болот. Оң стресс бул — эустресс. Терс стресс бул — дистресс. Маанай чөккөн маалда аны ресурс катары колдонуп кетүү ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Билимдин жетишсиздиги дистресске алып келет. Эгер ал да аябай күчөп кетсе, анда депрессия пайда болот. Стрессти башкарганды атайын билим алып өздөштүрүү абдан маанилүү. Көпчүлүк эрте менен ойгонуп негативдүү кабар окуса же пландаган иштери оюндагыдай кетпесе стресс болот. Аны өз учурунда жөндөп, ал-абалды көзөмөлдөбөсө ден соолукту талкалайт. Соңку кездерде ооруканаларда диагноздору таза чыгып, бирок ооруп жатам дегендер көбөйдү. Алар дистресс абалында жүргөндөр болуп саналат жана тез арада психологдор менен иштеши зарыл", — деди Калдыбаева.
Ал эгер адам стрессти көзөмөлдөгөндү үйрөнбөсө, ден соолугуна кымбат дары, витаминдер да жардам бербей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0