Бүтүндөй өлкө кыргызча сүйлөшү үчүн эмне кылуу зарыл? Сереп

© Sputnik / Эмиль СадыровМектептеги окуучулар сабак учурунда. Архив
Мектептеги окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Жазылуу
Мамлекеттеги ар бир тармакка кыргыз тилин акырындап сиңирүү үчүн комплекстүү программалардын негизинде бала бакчадан жогорку окуу жайына чейин окутуунун тийиштүү деңгээлин камсыздоо абзел. Колумнист, тилекке каршы, андай программалар ушул тапта өтө аз экенин белгилейт.
Борбор Азия — тил жана маданият жагынан уникалдуу чөлкөм. Мында басымдуу болгон түрк тилдери фарс тили (тажик тили) менен аралашкан. Ошону менен өзгөчө улуттук жана маданий-тил мейкиндиги түптөлүп, кийин түзүлүү нугун россиялык жана советтик тил таануу тутумунун алкагында улантып, өнүгүүгө өр алган.
Тарыхый жактан Борбор Азия — элдердин, диндердин, маданият, тилдердин, алардын бири-бирине таасири жана байышынын дайымкы өз ара байланыш, айкалыш процессинин жүрүп турушу. Бул тынымсыз процесс, аны токтотуп же чектеп коюу мүмкүн эмес. Борбор Азия чөлкөмүнүн башкы айырмачылыгы ушунда. Кыргызстан да кылымдап келе жаткан тынымсыз, адамзат жашап турганда улана берчү ошол процесстин бир бөлүгү.
Кыргыз тилинин өнүгүү тарыхы анын түптөлүшүнө таасир эткен бир топ, атап айтканда, адегенде байыркы түрк тилинин орхон-енисей диалектинин тил бирдиги катары, кийин түрк тобунун башка тилдеринин катарындагы бизге кыйла белгилүү болгон түрүндөгү учурларды басып өткөн.
Тилдин өнүгүү тарыхы — бул этностун, анын биздин күндөргө чейин жеткен, кыргыз этносу деген түшүнүктүн өзүн түптөгөн өзөгүнүн калыптануу тарыхы. Тарыхтын ошол бардык баскычтарында дал тил этностун сакталышына жооп берген: тил тирүү, демек, ошол элдин мамлекети жөнүндөгү тарыхый кол жазмаларда маалымат сакталып-сакталбаса да этнос тирүү. Ошол эле учурда тарыхтын Кыргыз хандыгы жана улуу каганат доорунан тышкары бул аталыштагы мамлекет ошол калыбында өкүм сүргөн эмес.
Кыргыз тилинин өнүгүшүнүн кыйла маанилүү этабы совет дооруна туш келген. Ошол маалда кыргыз тил илимин системалаштыруу менен катар эле этностун гана эмес, мамлекеттин да сакталып калышына жоопкерчилик тилге жүктөлгөн. Бирок тил биримдиги, этнос жана мамлекеттин европалык түшүнүгүнөн айырмаланып, советтик түшүнүгүндө мамлекет көп улуттуу жана көп тилдүү болгон.
Мамлекетти түптөгөн тилге болуп көрбөгөндөй, атап айтканда, бөлөк социумдун керектөөлөрүнөн улам табигый үстөмдүктө башка тилдердин сакталышы, өнүгүшү жана пайдаланылышы үчүн шарт жаратуу жоопкерчилиги артылган. Буга СССР убагы мисал. Ал кезде мамлекеттик тил орус тили эле, бирок башка тилдердин өнүгүшүнө ал жолтоо болгон эмес.
Салбуруун оюнун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Бай тилдин баркына жетпей, баба сөзүн унуткан муун болуп калбайлы...

Абал мурда кандай эле?

Фрунзе көп улуттуу, орус тилдүү шаар болгон. Ал убакта ушинтип айтылып, ошентип эсептелген. Чындыгында эле ошондой болчу. 610 миң калкы бар баш калаада кыргыздардын саны 140 миң эле. Фрунзе билимдин союздук булактарынын бири болуп, жергиликтүү жаштар гана эмес, союздук республикалардан улан-кыздар келип окушкан. Баарына орус тили – билим, илим жана техниканын тили, ошондой эле республиканын илимий-техникалык, өндүрүштүк өнүгүү шарты болгону түшүнүктүү.
Бирок Фрунзе кыргыз тилин үйрөнүү жана өнүгүшүнүн борбору да болгонун унуткарбаганыбыз дурус. 1940-жылдан 1985-жылга чейин кыргыз тилинде жалпы 56 миллион нускада 6 230 чакты китеп чыккан. Борбор шаардын басмаканаларында 1960-жылдан 1980-жылга дейре кыргыз тилинде 2 400дөн ашык китеп, макала, тематикалык топтом, автореферат, диссертация, окуу китептери жана куралдары басылган. Ошол эле мезгил аралыгында (60-80-жылдары) 24 миңден ашуун басма барагында кыргыз жазуучуларынын чыгармалары жарык көргөн.
80-жылдары алгач ирет кыргыз тилинде миңдей басма барагында энциклопедиянын сегиз томдугу чыккан. Булар туурасында азыр айтып, жазылбайт, бирок "совет убагында кыргыз тили жок болуп кетүү коркунучунда калган" деген дооматтарды көп тыңдоого болот. Кызык, бирок бул факт: 1975-жылы Кыргыз ССРинин тарыхында биринчи ирет кыргыз мектептеринде кыргыз тилин үйрөнүүнү жакшыртуунун мамлекеттик программасы кабыл алынган. Жалпысынан кыргыз калкынын арасында түйүн кеңейтилип, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин даярдоонун сапаты жакшыртылган.
Советтик Кыргызстанда 3 миңден ашуун кыргыз тили жана адабияты мугалими иштеп, жүздөгөн окуу китеби, кыргыз-орус, орус-кыргыз сөздүктөрү, кыргыз тилинин биринчи түшүндүрмө сөздүгү, көптөгөн терминдер сөздүктөрү, ошондой эле жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз адабияты боюнча окуу китеби чыгарылган.
Жаш муун балким азыр ынанбайт чыгар, бирок Фрунзеден тышкары бүтүндөй республика кыргыз тилинде сүйлөгөн. Болгондо да Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин жогорку органы болгон республиканын Жогорку Советинин сессияларынын жумушчу тили – кыргыз тили эле.
Республиканын 983 мектебинде билим алган жалпы 930 миң окуучунун кыргыз улутундагы алты жүз миң окуучу кыргыз тилинде окуган. Ошол жылдардын өзгөчөлүктөрү ушундай эле, булар – кургак статистикалык мааалыматтар гана эмес, республикада кыргыз тилин колдонуу жана өнүктүрүүнүн айкын мисалдары.
Кыргыз Республикасы көз карандысыз өнүгүүгө карай жаңыдан бет алганда "Фрунзеде калаанын орто мектептеринде кыргызча билим алууга мүмкүн эмес, жалгыз № 5 мектептин мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз" деген пикирлер болгон. Бирок чындык ошол жетишерлик болгонунда. Тарыхты кайра жазып чыгышка болбойт, борбор калаада кыргыздар аз болгон. Анткен менен кыргыз тилдүү калктын саны өсүп, суроо-талап күч алышы менен 1980-жылы борбордогу мектеп жана бала бакчалардын көпчүлүгүндө кыргыз тилинде окутуу боюнча класстарды ачуу чечими кабыл алынган.
Баласын кыргыз мектепке же кыргыз класс ачылган билим берүү мекемесине берүүнү ар бир ата-эне өзү чече алган. Ушунда биз объективдүү тарыхый тажрыйбадан субъективдүү себептерге өтөлү, маселен, менин ата-энем андай чечим кабыл алышкан эмес. Натыйжада ушул саптарды чиймелеп жаткан автор миңдеген кыргыз улутундагы шаардык балдар-кыздардай эле тууган-туушкандардын арасында гана күнүмдүк кыргызча сүйлөшө алган. Бирок бул – билим алуунун тандоо системасынын маселеси, мында башка өңүт жок.
Адилеттүүлүк үчүн деле кыргыз тилинде билим алуу тутумунун өзү орус тилинен котормолорго негизделгенин моюнга алганыбыз оң. Ошентсе да орус тилинде окуу менен кыргыз тилди таанууга туура келген. Көбүнесе бул өз алдынча жана кыйынчылык менен ишке ашкан. Ошондой учурларда кыргызча да, орусча да суудай билген улуу муунга суктанбай кое албайсың. 1940-50-жылдардан 1970-жылдарга чейин төрөлгөн кишилерди акцентсиз кыргыз жана орус тилдеринде сабаттуу, так, таза сүйлөгөндөрү айырмалап турат.
Андай адамдардын барган сайын катары суюлуп, өздөрү өкүлү болгон бүтүндөй бир доор жөнүндө, мамлекет жана коомдун гүлдөгөн, өнүккөн убагы жөнүндө эскерүүлөрдү гана калтырып, ошол муун акырындап арабыздан кетип барат. Ошентсе да жаңы ыкма жана чечимдерди кабыл алуу менен биз умтула турган нерсе ошол.
Тарыхый мисал мамлекеттик тил – бул эң оболу өзүнүн гана өнүгүшү үчүн эмес, бөлөк тилдердин да сакталып калышы үчүн жоопкерчилик экенин көрсөтүп турат. Бирок мамлекет мамлекетте башка тилдер эле эмес, кыргыз тилинин өзүнүн да өнүгүшү үчүн шарт түзүү мүмкүнчүлүгү дайым эле боло бербесе эмне кылуу абзел? Ошол мүмкүнчүлүктөрдүн, эң негизгиси, ыкчам жыйынтыктардын жоктугунан улам улуттук тилдин өнүгүшүнө "коркунуч" жаратып жаткандай туюла берет.
Орус тил сабагындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Кыргызстанды Россиядан ажыратуу аракети. Латын арибине өтүү тууралуу

Колубузда эмне бар?

Көз карандысыз өнүгүүгө багыт алган 30 жыл өкмөт кыргыз тилин окутууну жана үйрөнүүнү жакшыртуу чараларын көрөрүн көрүп, тийиштүү тил куралдары жана терминологияларды билүү менен колдонуу мейкиндигин кеңейтерин, анткен менен ошол аракеттер дайым эле комплекстүү жүрбөй, улантылбай кала берерин көрсөттү.
Орто, орто-техникалык жана жогорку билим берүү тутуму барган сайын кыргыз тилинин тийиштүү деңгээлде өнүгүшүнө байланышып, мамлекет тарабынан чоң салымдарды талап кылууда. Ошону менен бирге эле билим берүү системасына да, иш өндүрүшүнө да тилди киргизүү боюнча демилгелер өлкөнүн илимий потенциалы камтылган олуттуу ресурстук базасына негизделүүгө тийиш. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасынын деңгээли канчалык жогору болсо, анын колдонуу мейкиндиги ошончолук кеңири болот.
Калыстык үчүн деле бул процессте өйдө-ылдый көрүнүштөр бар экенин моюнга алган жакшы. Мамлекеттик тилди мамлекеттик башкаруу, иш өндүрүшү, айрым кесиптик коммуникациялар тармактарында, маалымат каражаттары, телекөрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдөгү аракеттер кыйла майнаптуу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн ар кандай программалары кабыл алынууда, бирок дайым эле жыйынтыгы күтүлгөндөй боло бербейт.
Ошол эле учурда мамлекеттик түзүмдөрдө иш өндүрүшүн кыргыз тилине өткөрүү да тегиз жүрбөйт, аткаминерлердин көпчүлүгү документтерди түзүүдө орус тилин пайдаланып, кийин гана кыргыз тилине которулат. Буга убакыт кетет, көп учурда сапат жагынан да аксайт. Утурумдук көрүнүш экени, учур кошумча күч талап кылары түшүнүктүү, бирок бул иш жүзүндө көпчүлүк түзүмдөрдө кош тилдүүлүк өкүм сүрөрүн айгинелейт.
Серепчилердин баамында, 2015-жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик тилди окутуу жана иш өндүрүшүн мамлекеттик тилге өткөрүү чаралары жөнүндөгү" токтомунун майнаптуулугу тыкыр талдоону талап кылат. Ошентсе да толугу менен кыргыз тилинде билим алган кызматчылардын мууну келмейинче ошол чаралардын натыйжалуулугунан кеп салуунун кажети жоктугу айдан ачык.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды

Кыргыз тилинин келечеги

Мамлекеттеги ар бир тармакка кыргыз тилин акырындап сиңирүү үчүн комплекстүү программалардын негизинде бала бакчадан жогорку окуу жайына чейин окутуунун тийиштүү деңгээлин камсыздоо абзел. Тилекке каршы, андай программалар ушул тапта таптакыр аз. Реалдуу караш керек. Бала бакча, орто мектептен университетке чейинки кыргыз тилиндеги билим берүү тутумуна пайдубалдан тарта салым кошпой туруп, артыкчылыктуу илим тармактарындагы кыргыз жана кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунун түзбөй туруп, кыргыз тилинин өнүгүшүнөн сөз козгоо кыйын. Ошол тилдеги орто жана жогорку билим берүү системасы өнүкпөсө, анда жаңыча билим алуу системасы болбосо, ошол тилдеги илимдерди жаңылабай туруп аны коомго сиңирүү – акталбай турган аракет.
Кыргыз тили кыйла чектелген мейкиндикте: коомдук-саясий жана маданий тармакта пайдаланылып, бирок билим берүү, илим жана техника жаатында колдонулбай турган абалдан дале чыга элек. Азыр жаш муун билим алуу жана билим берүү тутумунун тилин тандоо алдында турат. Кудай жалгап ал кең, Россия, Европа менен АКШдан, Түркия, Кытай жана башка Чыгыш өлкөлөрүнө чейин тандап алууга мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыргызстандын айрым гана окуу жайлары кыргыз тилинде окутуу жана адистик (педагогика, филологиядан да тышкары) алуу программаларын сунуштай алышат, калгандарында кыргыз жана орус тилдеринде окутулат.
Адистиктердин бир даарында кыргыз тилинде билим берүү жакынкы келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү боло алабы? Баары мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жана жаңы муун, жаңы мамлекет түптөөдө саясий чечкиндүүлүгүнө жараша. Бирок кайсы бир адистик боюнча билим берүү тармагында башка мамлекеттер менен атаандашуу мамлекеттин кызыкчылыгында экенин элестетип болбойт. Ал тургай өлкөдө тек гана кыргыз тилдүү билим берүү тутумун түзүү көп улуттуу коом жана мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берер-бербесин да болжоо кыйын.
Мамлекеттик өнүгүүнүн артыкчылыктары учурдун талаптарына жараша билим берүү тутумун аныктайт. Жакынкы келечекте Кыргызстан чөлкөмдө жана дүйнөлүк системада өз ордун издөөнүн узак жолуна аттанууга, ал эми кыргыз тили этностун өнүгүшүндөгү өз ордун таап, ошол эле учурда көп улуттуу мамлекеттеги өз ролун аныктоого туура келет.
Борбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0