Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп

© AFP / FLORENCE LOБорбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин
Борбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жазылуу
Саясат таануучулар Кытайдын аракеттерин экспансия катары кароого болбой турганын, ал эми Борбор Азиядагы саясат Москва менен макулдашылып гана тим болбостон, чөлкөмдүн туруктуулугун орнотууга жана экономикалык өсүшүнө багытталганын баары бир ооздон белгилешет.
Сиань калаасында "Борбор Азия — Кытай" саммити өттү. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин соода, айыл чарба, жүк ташуу, курулуш, энергетика жана башка тармактарда Борбор Азия менен кызматташуунун жаңы доору башталганын билдирди. Ошондой эле чөлкөмдөгү өлкөлөргө Кытай тарабынан 3,72 миллиард доллар каржылык колдоо жана кайтарымсыз жардам берилери айтылды. Ошондой эле аталган держава региондо, анын ичинде Афганстанда тынчтыкты камсыздоо максатында коопсуздук жана коргоо тармагында көмөктөшүүгө даяр.
Кытайдагы саммиттин жыйынтыгын эксперттер геосаясий көз караштан талдап, Sputnik Кыргызстанга Борбор Азия мамлекеттери менен Сианда кол коюлган макулдашуулардын топтомунун ар жагында эмнелер жатканын айтып беришти.

Экономика туруктуулуктун негизи катарында

"Разумные решения" аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев Россия менен Кытайдын ортосунда Евразиянын бардык мамлекеттерине карата макулдашылган саясат жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
— Чөлкөмдүн отуз жылдык көз карандысыз өнүгүү тарыхында алгач ирет Борбор Азия менен Кытайдын саммити өттү. Бул орчундуу окуя жакынкы 10-20 жыл аралыгында Борбор Азия жана бүтүндөй Евразиядагы маанилүү экономикалык жана саясий көрүнүштөрдү аныктайт.
Эгер кол коюлган макулдашууларга үңүлсөк, Борбор Азия мамлекеттери инфраструктуралык, экономикалык, ресурс табуучу долбоорлордун бир даарында инвестициялардын катуу агымына ээ болушат. Бул чөлкөмдүн жаңыдан өнүгүшүнө өзөк, ал эми Евразия мейкиндигинде экономикалык кызматташтыктын маңыздуу элементи болмокчу.
Бүгүн Кытайдын "тымызын экспансиясынан" чочулагандардын көбү Пекин Россия менен чөлкөмдөгү таасир үчүн күрөшүп жатканын айтышат. Кытай менен Россиянын Борбор Азиядагы саясаты атаандаштык катары каралып, чөлкөмдөгү күрөштө эртеби-кечпи эки үлкөндүн бири жеңилери болжонуп келген эмеспи.
Анткен менен тажрыйба көрсөткөндөй соңку 10-15 жылда Россия менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү өтө тез өнүгүүдө. Мындан ары глобалдык стратегиялык өнөктөштүккө карабастан, Пекин менен Москванын аракеттерин макулдашылбаган дешке болбосо керек, алар бул маселелерди өз ара талкуулаганы шексиз. Демек, "С + С5" саммити Кремлге күтүүсүз болгон эмес.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разумные решения" аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев
Кандидат исторических наук, директор аналитического центра Разумные решения, эксперт по международным отношениям Эсен Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
"Разумные решения" аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев
Менимче, мында Россия — Кытай — Борбор Азия үчилтигиндеги дайымкы масштабдуу консультациялар мааниге ээ. Ошондуктан саммиттин жыйынтыктарын Кытайдын атаандаштыкка карай кандайдыр бир кадамы катары кароого болбойт. Мындан тышкары, Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык көмөгү турукташтыруучу фактор мүнөзүндө.
Санкциялардан буйтоодо Борбор Азияга жардамдашуусу Россияга пайдасыз, муну аңдаган Кытай чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугу үчүн кол сунууда. Башкача айтканда, Борбор Азия мамлекеттерине кеңири экономикалык кызматташтыкты сунуштоо менен Кытай жарым-жартылай Россиянын түштүк тылынын туруктуулугун сактоодо. Бул да Пекин менен Кремлдин ортосундагы келишимдин предмети болгонун боолголойм, анткени Батыштын санкцияларынын алдында Борбор Азия өлкөлөрү канчалык туруктуу жана көз карандысыз болсо, Россияга да, Кытайга да ошончолук пайдалуу.
Себеби Борбор Азиянын тынчтыгы жана прогрессивдүү өнүгүшү Кытай-Россия диалогу үчүн гана эмес, ушул тапта Евразия мейкиндигинде, анын ичинде коопсуздук тармагындагы көпчүлүк процесстерде чоң мааниге ээ. Мындай саясат Батыштын таасири күчөп бараткан шартта айрыкча актуалдуу. Анан да буга "Чоң жетиликтин" таасын белгиси жана жаңы санкцияларды киргизүү коркунучу себеп болду. Эсиңиздерде болсо аталган топ ачык эле Кытай менен Россияны өзүнүн потенциалдуу душмандары деп атоодо.
Батыштын "салгылаш" талаасы Борбор Азия территориясында гана эмес, орус аюусу менен кытайлык ажыдаардын кызыкчылыктары айкалышкан дүйнөнүн каалаган жеринде, анын ичинде Африка, Европа, Түштүк-Чыгыш Азияда, Инд океанынын аймагында болушу ыктымал.
Чөлкөмдөрдүн тургундар үчүн глобалдык болбосо да, так бир өзгөрүүлөр жөнүндө айтпаганда да аталган эки держава тең туруктуулукту камсыздаганын жоромолдоого болот. Ошондо региондун турмушу акырындап жакшырышы үчүн шарттар жаралат. Мисалы, Өзбекстан Кытайдын жакырдыкты жоюу тажрыйбасын тегин жерден изилдеп жатканы жок. Ал эми Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды туташтыруучу темир жол долбоору бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө катуу экономикалык түрткү болмокчу.
Кыргызстанга товар транзитинин эсебинен эле өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртат. Ошону менен бирге эле жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болчу тейлөө, жүктөрдү коштоо кызматтары да бар. Демек, маяна табуунун жаңы тармактары жана бизнестин өнүгүшү үчүн жапжаңы жана өтө күчтүү айдың ачылууда. Натыйжада ишкер, мектеп мугалими же врач болобу, Кытай менен мындай кызматташуунун жылыштарын туюшат.
Мындай шартта Батыш чөлкөмгө эч нерсе сунуштай албайт, ал тургай акча бөлсө да Борбор Азия өз географиялык абалын көз жаздымда калтыра албайт. Тараза табагына Батыштагы өнөктөштөрдүн миллиарддаган инвестициялары коюлса да, Кытай менен Россия сени курчап турганда аларды кайда катасың деген орундуу суроо туулат.
Борбор Азия мамлекеттери ошондуктан тарых, география, дүйнөдөгү саясий кырдаалга прагматикалык жана реалдуу ыкма тарабынан эбак аныкталган табигый кызматташуу үчүн туура стратегиялык чечим кабыл алды. Ушул тапта Евразия мейкиндигинде көп тараптуу өз ара аракет этүүчү, атап айтканда, "Бир алкак — бир жол", ЕАЭБ, ШКУ өңдүү көптөгөн процесстер Борбор Азия чөлкөмүн экономикалык жактан жакшыртып, саясий жактан туруктуу кылууга багытталган. Ошол байланыштыруучу топтон Россия менен Кытайдын коопсуздугу көз каранды.
КЭР лидери Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Кытай БА өлкөлөрүнө 3,72 млрд. долларлык кайтарымсыз жардам көрсөтөт

Байланыштыруучу топ

Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында Кытай менен Россия Жакынкы Чыгыштан Ыраакы Чыгышка чейинки системалуу саясатты жүргүзүп жатат.
— Жакынкы Чыгышта геосаясий катуу өзгөрүүлөр болгонун, бул эң оболу чөлкөмдөгү абалды түп-тамырынан бери өзгөрткөн Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы экенине баарыбыз күбө болдук. Кавказ дагы турукташууга бет алып, Армения Азербайжандын территориясынын бүтүндүгүн (Карабахтын аймагы менен бирге — ред.) тааныды. Кытай, Россия жана Иран туруктуулукка кызыкдар. Ошентип, жаңы жаралган дүйнөдө Иран Түркия аркылуу Европага транспорттук коридорго чыгып, гүлдөгөн өлкөгө айланат.
Азыркы учурда биз "Кытай — Борбор Азия" саммити чөлкөмдөгү кырдаалды өзгөртүп жатканын көрүп турабыз. Мында Кытай борбор азиялык республикалар менен мурда дегеле болбогон жигердүү саясат жүргүзүп жатканын даана айгинелеген өзгөчө учурлар бар.
Борбор Азияда Россия менен Кытайдын ролу төмөнкүчө түзүлүп калды: Кытай көбүнесе экономикалык айдыңда оюнчу болсо, ал эми Россиянын экономикадан тышкары саясий жана аскердик аспектилерде ролу чоң. Азыр Кытай экономикалык жана социалдык чөйрөнүн кеңири бөлүгүн камтыган сүйлөшүүлөрдөн сырткары Борбор Азиянын беш республикасы менен коргоо жана коопсуздукту чыңдоо жаатында макулдашты.
Кытай өзгөчө аскердик планда Тажикстанды бекемдөөгө көңүл бурду, анткени Афганстандагы кырдаалды потенциалдуу түрдө кооптуу деп кабылдайт. Бул фактор, албетте, Борбор Азиядагы туруктуулукка өбөлгө, бирок мында да бул аракеттердин баары Москва менен макулдашылганын баса белгилөө абзел.
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн лидерлеринин баары саммитке дейре Жеңиш парадына катышып, андан соң Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында болгонун эсиңиздерге сала кетейин. Ошону менен бирге эле байкоочу макамындагы Өзбекстандан башка, биримдикке кирбеген Азербайжан менен Тажикстандын башчылары да келишти. Булардын баары Кытай менен Россия Евразия — Жакынкы Чыгыштан Борбор Азияга чейинки мейкиндиктен англосактардын ири долбоорун сүрүп чыгаруу боюнча биргеликте системалуу саясатты жүргүзүп жатканынан кабар берет.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Саясат таануучу Марс Сариев
Ал түгүл Түркия да ушул диапазонго кирет, анткени Европага чыккан "Бир алкак — бир жол" долбоорунун ишке ашырылышына абдан кызыкдар. Ошондуктан Улуу Британия координациялаган "Туран" долбоорунан чочулоонун кажети жок. Анткени Стамбул дал Кытайдын долбоорун колдоодо. Менимче, буга байланыштуу азыр Россия, Кытай жана Түркиянын макулдашылган позициясы бар. Улуттук кызыкчылыкты көздөп, салмактанган саясатты жүргүзгөн Эрдоган да Евразия мейкиндигиндеги процесстерде оң ролду ойнойт.
Эгер Борбор Азия мамлекеттери үчүн саммиттин ролуна токтолсок, чөлкөмгө учур чоң түрткү болуп, ал Россия менен Кытайдын ортосунда байланыштыруучу топ, кандайдыр саясий, экономикалык, соода жана логистикалык хабга айланып барат. Батыш Борбор Азия менен Россиянын алакасынын сууп калышын каалаганы айдан ачык. Ушул ниетти көздөө менен чөлкөмгө АКШ менен Европадан көптөгөн делегациялар келди.
Ошондой эле Евросоюз — Борбор Азия саммити да пландалууда. Башта Жеңиш парадынын жападан жалгыз коногу КР президенти Садыр Жапаров болору жарыяланганы менен Борбор Азия республикаларынын, ошондой эле Армениянын башчылары толугу менен парадга катышпадыбы. Менимче, мында Кытайдын позициясы роль ойноп кетти. Пекин Батыштын кызыл кулактыгына негиз бергиси келген жок, чөлкөмдөгү лидерлердин бул кадамында анын ролу талашсыз экени шексиз. Түркия да ушул процесске аралашканын азыр ачык көрсөтөт.
Албетте, Батыш да алакан куушуруп отуруп калган жайы жок, "Чоң жетиликтин" саммитиндеги сөздөргө караганда ал Евразия мейкиндигиндеги негизги чөлкөм катары Борбор Азия үчүн күрөшөт. Түптөлүп жаткан биполярдык дүйнөнүн ортосунда аркан тартышмай башталды десек да болот. Ошол эле учурда Батыш талдоочулары Борбор Азия республикаларына каршы туунду санкцияларды киргизүүнүн кесепетин өздөрү тартып каларын аңдашат. Анткени кысым көрсөтүү Борбор Азияны ого бетер Россия менен Кытай тарапка түртөт. Жамааттык Батыш чөлкөмдө Москва менен Пекиндин саясаты менен өтө кылдат эсептешүүгө мажбур.

Экспансия деген жок

"Геоэнергетика ИНФО" журналынын башкы директору Борис Марцинкевич Кытайдын Борбор Азияга экспансиясы же чабуулу жоктугун айтат. Бир топ макулдашуулардан сырткары Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана "Universal Energy" компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга, энергетика жаатындагы документтерге, анын ичинде күн электр станцияларын куруу, Кыргызстандан Кытайга электр кубатын экспорттоо жөнүндөгү бир катар документтерге кол коюлуп, 100 миллион долларга макулдашылган.
Айрым эксперттер Кытайдын кандайдыр экспансиясы башталганын айтышат. Бирок мында Борбор Азиянын энергетикалык таңсыктыгы бар республикаларынын керектөөсү, ал эми Кытайдын мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп койгон оң. Эч ким кандайдыр бир пайдасыз кызматтарын таңуулап жаткан жок да. Кыргызстанда күн станцияларын куруу, жеке менин көз карашымда өзүн актайт. Инсоляция деңгээли бизде жакшы, ал эми Кытай сунуштагандар – бүгүнкү күндө планетадагы мыкты технологиялар. Менимче, кытайлык адистер менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу республика үчүн гана эмес, шарттары бирдей Кавказ чөлкөмү бар, Арктика же башка жерлерин айтпаганда да, Россия үчүн да пайдалуу.
© Sputnik / Алексей Майшев"Геоэнергетика ИНФО" журналынын башкы директору Борис Марцинкевич
Главный редактор аналитического журнала Геоэнергетика.ru Борис Марцинкевич  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
"Геоэнергетика ИНФО" журналынын башкы директору Борис Марцинкевич
Айрыкча Тажикстан менен Кыргызстан аркылуу Түркмөнстандан Кытайга өтө турган газ түтүгүнүн төртүнчү бутагын куруу жөнүндөгү макулдашуу кызык. Ал туурасында сөз 2013-жылдан бери жүрүп келет. Көгүлтүр оттун кошумча көлөмдөрүнүн пайда болушу электр кубатынын кышкы таңсыктыгын жоё ала турган газ-электр станцияларын куруу туурасында акыл калчоого жол ачты.
Россия да ГЭС курууга да, башка долбоорлорго да катыша алат, бул жаатында ал, атап айтканда, ошол эле "Росатом" ийгиликтүү иш алып барат эмеспи. Анткен менен Кытайдын инвестициялык потенциалы жогору экенин моюнга алуу дурус. Ошол эле учурда борбордук чөлкөмдөргө караганда Борбор Азия менен чектешкен облустар тийиштүү деңгээлде өнүккөн эмес. Ошондуктан коңшуларга кол сунган Кытайдын аракети жөндүү. Бул менен Пекин өзүнө да көмөктөшөт. Уттурган тарап болбойт. Бул кадыресе көрүнүш. Энергетикада гана эмес, бир топ багыттагы мындай макулдашууларды Кытай Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен түздү. Демек, өз ара, анын ичинде логистикада да пайдалуу кызматташтык экени айдан ачык. Эгер КЭР — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун да эстесек, ал да Борбор Азиянын экономикасынын өсүшүнө гана алып келери бышык.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кытайдын Сиань шаарында Борбордук Азия — Кытай саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Си Цзиньпин: Борбордук Азияда араздык жаратууга эч кимдин акысы жок

Реалдуу суверенитет

Саясат таануучу Никита Мендкович Кытайдын аракеттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикаларын жакшыртууга багытталган, ал натыйжада чөлкөмдөгү коопсуздуктун бекемделишине алып келет деген пикирге кошулат. Борбор Азия Россия менен Кытайдын ортосундагы саясий, аскерий жана экономикалык биримдиктин түптөлүшү менен шартталган жапжаңы саясий доорго аяк басууда.
Чөлкөм аймагындагы бул биримдиктин ишин жөнгө салуу иш-чаралары катары Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин катышуусундагы Кытай саммитин, анын алдында Москвадагы Жеңиш парадына жалпы катышканын атасак болот. Иш жүзүндө кеп Россия менен Кытайдын катар жүргөн дипломатиялык иштери туурасында.
Ушул тапта инвестиция, соода, мекенинде жумуш орундарын түзүүгө шарт болбой жаткан эмгек мигранттарын тартуу жагынан эки өлкө чөлкөмдө негизги өнөктөштөрдөн экени айныгыс.
Бирок ошол эле учурда Кытай да, Россия да АКШ менен НАТО тараптан гибриддик агрессиясынын курмандыгы болуп жатышат. Россияга бул күрөштүн талаасы Кремлге каршы курал катары колдонулган Украина болсо, Кытай үчүн бул — БУУ тарабынан Кытай Эл Республикасынын территориясынын бөлүгү катары таанылган Тайвань. Буга карабастан Вашингтон Пекин аталган аймакты сепаратисттерден бошотуп, мыйзамдуу тартип киргизүүгө бара турган болсо, куралдуу чара көрүлөрүн айтып опузалайт.
Булар акыры барып Борбор Азиянын кызыкчылыктарын коргоодо, Батыш тарабынан колдоого татып, чөлкөмдү чайпалтууга умтулган күчтөргө каршы күрөштө Россия менен Кытайды чогуу аракеттенүүгө түртөт. Былтыркы Алматыдагы январь козголоңу, тажикстандык Тоолуу Бадахшандагы, кийин өзбекстандык Каракалпакстандагы башаламандыктар жана башка көптөгөн окуяларда Батыштын катыштыгы бар экенин ким тана алат?
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Никита Мендкович
Политолог Никита Мендкович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Саясат таануучу Никита Мендкович
Мунун баары АКШ, анын желдеттери Россия менен Кытайдын дайым тынчын ала тургандай кылып Борбор Азияны туруксуздук, экстремизмдин зонасына, качкындардын жана чөлкөмдүн өлкөлөрүнө да, алардын коңшуларына да жакшылык алып келбеген нерселердин борборуна айлантууну көздөй турганына далил. Ушундай шартта Кытай чөлкөмдөгү маанилүү экономикалык оюну катары туруктуулуктун социалдык-экономикалык негизин жаратууга чоң күч жумшайт. Бул бир жагынан Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө экстремисттик потенциалды азайтып, экинчи жагынан чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын таасирин төмөндөтөт. Алар көбүнесе митингдерди, ишке бөгөт болчу аракеттерди уюштурууга пайдаланылат эмеспи.
Бул айрыкча жумушчу күчтүн донору болгон, белгилүү бир экономикалык кыйынчылыктарды тартып жүргөн, экинчи жагынан жогоруда айтылган уюмдарга кыйла либералдуу мыйзамдарга ээ Кыргызстан үчүн мүнөздүү. Ошентип, Кытай туруктуулуктун социалдык-экономикалык таянычын түптөөгө умтулуп, ал эми Россия чөлкөмдө коопсуздуктун негизги донору болуп саналат. Мында эң оболу ЖККУ аркылуу кайра куралдануу, улуттук армияны жана күч түзүмдөрүн даярдоодо колдоо, ошондой эле террордук коркунучтардан, биринчи кезекте Афганстан тараптан соккон эпкинден жамааттык коргоону камсыздайт.
Мурда формалдуу түрдө чыгып кетип, бирок азыр ЖККУ менен кайрадан кызматташа баштаган Өзбекстан да 2021-жылдан тарта анын иштерине катышып келгени жашыруун эмес. Ташкент да Россиянын катышуусундагы жамааттык аракеттер гана чөлкөмдөгү нагыз коопсуздукту камсыздай аларын түшүнөт.
Иш жүзүндө Россия менен Кытай Борбор Азияга жакшы келечек, экономикалык өнүгүү, коопсуздук, суверенитет, америкалык үстөмдүк жана америкалык коркунучтардан көз карандысыздыкты алып келүү далалатында. Албетте, андай көрүнүш НАТОнун көңүлүнө толо бербейт.
Бишкек менен Астананын дарегине Россия жана Кытай менен кызматташтыгы үчүн кандайдыр экинчи (туунду) санкциялар жөнүндөгү опузаларды дайым кулагыбыз чалат. Бирок Батыштын доору өткөнүн унуткарбоо керек. Өз эркин кимге болсо да таңуулоого Батыштын ресурсу да, моралдык укугу деле жок. Борбор Азия мамлекеттери кантип жашашты өздөрү аныктап алат. Мамлекеттерге бул реалдуу суверенитетти Россия менен Кытай камсыздоого тырышууда.
АКШнын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Доспу же каспы? Батыш Борбордук Азияны кандай кабылдоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0