https://sputnik.kg/20230529/sadyr-zhaparov-malga-salyk-saluu-koldoboyt-1075746335.html
Садыр Жапаров депутаттын мал үчүн салык салуу сунушуна каршы
Садыр Жапаров депутаттын мал үчүн салык салуу сунушуна каршы
Sputnik Кыргызстан
Депутат бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон салык төлөтүүнү сунуштаган болчу. 29.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-29T12:58+0600
2023-05-29T12:58+0600
2023-05-29T12:59+0600
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
салык
мал
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e6/02/13/1062186960_0:159:3179:1947_1920x0_80_0_0_8cce0454c0201b9a7d10382904ce13f2.jpg
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мал жандыкка салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Мыйзам долбоору коомдо терс пикирлерди жаратып, аны мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар болгонун белгилеген.Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев эгер бир үй-бүлөнүн кой-эчкисинин саны 40тан, бодо малдын башы үчтөн ашса жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштаган. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө каралган. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.
https://sputnik.kg/20230525/byudzhetke-akcha-tushposo-kazinolordu-zhabaly-1075641825.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/13/1062186960_224:0:2955:2048_1920x0_80_0_0_7b6e8227dd5921d3f0454364fae880aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, салык, мал, мыйзам долбоору
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, салык, мал, мыйзам долбоору
Садыр Жапаров депутаттын мал үчүн салык салуу сунушуна каршы
12:58 29.05.2023 (Жаңыртылды: 12:59 29.05.2023) Депутат бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон салык төлөтүүнү сунуштаган болчу.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мал жандыкка салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам долбоору коомдо терс пикирлерди жаратып, аны мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар болгонун белгилеген.
"Президенттин жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл чарба багытында пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал жандыкка салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын кабарлайбыз", — деп билдирди маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев эгер бир үй-бүлөнүн кой-эчкисинин саны 40тан, бодо малдын башы үчтөн ашса жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө
милдеттендирүүнү сунуштаган. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө каралган. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.