00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:11
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:10
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мекенибизде кечки саат 5. Жаңылыктар түрмөгү менен тааныштырып, микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача.... Бишкек мэриясы "Өчпөс полк" акциясын өткөрүүгө уруксат берди Камчыбек Ташиев ага иш козголгонун айтып, кайрылуу жасады Жапаров Африка өлкөлөрү менен кызматташтык эмне үчүн күчөтүлүп жатканын түшүндүрдү. Алдыда кененирээк токтолобуз...Президент Садыр Жапаров Африка мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтип жатканынын себептерин түшүндүрдү. Анын айтымында, Фор Эссозимна Гнассингбенин сапары Кыргызстан менен Того ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөнүн Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабын баштайт. "Африка — дүйнөдөгү эң ылдам өнүгүп жаткан региондордун бири. Ал эми Того — өз аймагында маанилүү ролду ойногон, маданий мурасы бай мамлекет. Биз бул перспективдүү регион менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө кызыкдарбыз", — деди Жапаров. Ал ошондой эле Того Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогонун белгиледи. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ага карата кылмыш иши козголгонун билдирип, соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Ал күнөөсү жоктугун жана акталып чыгарын белгилеген. "Кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан коргонууга толук мүмкүнчүлүгүм бар, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө өлкө башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган "кемпир-абадчылар" да акталышты", — деди ал. Ташиев элди мыйзамдын чегинен чыкпоого чакырып, ар кандай аракеттердин зарылдыгы жок экенин белгилеген.
Кыргызстан айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө сатат Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө айыл чарба продукциясынын 60тай түрүн экспорттоп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Ведомство белгилегендей, Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрү Кыргызстандын экспортунун негизги багыты бойдон калууда. 2025-жылдын январь-декабрь айларында ЕАЭБ алкагындагы сооданын көлөмү 17,1 миллиард сомду же жалпы экспорттун 51 пайызын түздү. Мында айыл чарба продукциясынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 13,3 пайыз болуп, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 8,8 пайыз көрсөткүчтөн кыйла өскөн. ЕАЭБ ичиндеги негизги багыттар: Россия – 7,8 миллиард сом (эт-сүт продукциясы, жашылча, жемиш); Казакстан – 7,8 миллиард сом (жашылча, жемиш, тоок эти, сүт азыктары); Беларусь – 1,5 миллиард сом (эт-сүт продукциясы, тоют, макарон азыктары); Армения – 13 миллион сом (жашылча, жаңгак, эт азыктары).
Бишкекте "Өчпөс полк" акциясын өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактардан билдирип, Бишкек мэриясы да маалыматты тастыктады. Жүрүш 9-майда саат 9:00дө башталып, кадимки маршрут боюнча – Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейин Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрү менен өтөт. Ошондой эле мамлекет башчы Садыр Жапаров 9-майда Жеңиш аянтында болчу митинг-реквиемге катышат. Президенттик администрациядан иш-чаранын алкагында Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, 2000дей жоокер марш менен өтөрү кабарланды. Келген коноктор жоокер боткосунан даам татып, майрам концерт менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0