00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
В чем нуждаются молодые? Конгресс молодежи в Бишкеке стал площадкой для дискуссии
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Абитуриенттин жөндөмүн көрсөткөн Жалпы республикалык тестке даярдык кандай болду?
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Без практической анатомии нет хирурга: доктор медицины - о проблеме, о которой молчали
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Экология жана эс алуу: жаратылышка зыян келтирбей кантип эс алабыз?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Африка мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтип жатканынын себептерин түшүндүрдү. Анын айтымында, Фор Эссозимна Гнассингбенин сапары Кыргызстан менен Того ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөнүн Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабын баштайт. "Африка — дүйнөдөгү эң ылдам өнүгүп жаткан региондордун бири. Ал эми Того — өз аймагында маанилүү ролду ойногон, маданий мурасы бай мамлекет. Биз бул перспективдүү регион менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө кызыкдарбыз", — деди Жапаров. Ал ошондой эле Того Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогонун белгиледи.
"Манас" улуттук академиясы уникалдуу маданий-көркөм мейкиндик — "Манас бурчу" долбоорун расмий таанытуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу аталган академиянын президенти Назира Аалы кызы билдирди. Долбоор кыргыз элинин улуу мурасы болгон "Манас" эпосун эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган. "2025-жылы аталган бурчту жасоо үчүн сынак жарыяланган. Анткени улуу эпосубуз жөнөкөй текчелерде эмес, өзүнүн татыктуу ордунда турсун деген элек. Бул биздин четте жүргөн мекендештерибиз үчүн өзгөчө жылуулук тартуулайт. Жыйынтыгында Майрамкул Асаналиевдин эскизи I орунду ээледи. Бүгүн аны Москва шаарына жөнөтөбүз", – деди Аалы кызы. "Манас бурчунун" Москвадагы расмий ачылышы 15–17-май күндөрү Борбордук китепканада өтөт. Ал "Кан Манастын кырк чоро" китебинин орус тилиндеги котормосунун бет ачары жана башка маданий, илимий иш-чаралар менен коштолот. Мындан тышкары, бул долбоорду дүйнөнүн 10 өлкөсүндөгү ири китепканаларга жана алдыңкы университеттерге жайгаштыруу пландалууда.
Министрлер кабинети Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жарандардын өз ара жүрүү тартибин жаңыртуу боюнча макулдашууну жактырды. Документ ратификациялоо үчүн Жогорку Кенешке жөнөтүлдү. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин эки өлкөнүн жашы жете элек жарандары үчүн чек арадан өтүү талаптары өзгөрөт. Тактап айтканда, Россия жарандарынын балдары эми Кыргызстанга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кире албайт. Ушул эле талап Кыргызстан жарандарынын балдары Россияга барганда да колдонулат. Мындан ары чек арадан өтүү үчүн жашы жете электерге инсандыгын тастыктаган башка документтер, анын ичинде чет өлкөгө чыгуучу паспорт талап кылынат.
Россия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн жүк ташып келген айдоочулар үчүн өлкө аймагында жүрүү мөөнөтүн узартты. Жаңы эрежеге ылайык, эми айдоочулар Россияда жылына мурдагыдай 90 күн эмес, 180 күнгө чейин жүрө алышат. Бул өзгөртүү жүк ташуу тармагындагы айдоочуларга жана транспорттук компанияларга бир топ жеңилдик берет. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, буга чейинки 90 күндүк чектөө логистикалык процесстерге тоскоолдук жаратып, айдоочулардын ишин татаалдаштырып келген. Жаңы тартип 30-июндан тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0