https://sputnik.kg/20260428/1101028333.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Бишкектеги жыйындын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жаңы... 28.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-28T15:00+0600
2026-04-28T15:00+0600
2026-04-28T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1c/1101028167_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2261bf85ea1abfa3c454ca70e04c748c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Бишкектеги жыйындын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жаңы коркунучтарга каршы күчтөрдү бириктирүү зарылдыгына бир добуштан макул экенин билдиришти.ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилери Борбордук Азия аймагында жана дүйнөдө коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.“ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо боюнча пландар түзүлдү. Ошондой эле алдыдагы жылдарга кызматташтыктын негизги документтери бекитилди”, — деди министр.
Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция 10,1%га өскөн. "Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын жогорулугу жана калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшү менен колдоого алынууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын эки айында реалдуу эмгек акы 5,6%га өстү", – деп баса белгиледи ал.
Кыргызстанда облустардын ордуна 20 округ түзүлсө, мамлекеттик башкаруу жөнөкөйлөшүп, элдин жашоосу ыңгайлуураак болот. Мындай пикирди саясат таануучу Алибек Мукамбаев билдирди.Ал демилге ишке ашса округдарда 350-400 миң калк болуп, ар биринин бюджети жана бардык керектүү мамлекеттик органдары жайгашкан борбору болот деп эсептейт.Калктын маселелеринин 90-95 пайызы округ деңгээлинде чечилип, өкмөт же президентке кайрылуу зарылдыгы азаят. Азыр айыл тургундары облус борборуна жетүү үчүн 4-5 саат жол жүрсө, жаңы система менен 1,5-2 саатта маселени чечип, кайтып келүү мүмкүн болот. Округдарда өз ооруканалары, укук коргоо органдары жайгашып, келечекте жогорку окуу жайлар да ачылышы мүмкүн.Буга чейин президент Садыр Жапаров өлкөдө облус жана райондор жоюлуп, ордуна 20 чакты округ түзүү пландалып жатканын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвадагы ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты. Анда ЕАЭБдин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча планды жаңылоо сунушу жактырылган.Ошондой эле айрым LED модулдар 2028-жылдын июнуна чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча план да колдоого алынып, жаныбарлар жана алардын продукцияларын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү механизми түзүлөрү белгиленди.Мындан тышкары, ЕАЭБ менен Тунистин ортосунда эркин соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү каралып, маселе өлкө башчыларынын деңгээлинде талкууланары айтылды.Кийинки жыйын майда Астанада өтөт.
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо администраторлор тарабынан аткарылат. Белгиленгендей, ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот. Тестке кирүү үчүн паспорттун түп нускамасы жана талон сөзсүз болушу керек.
Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Бишкектеги жыйындын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жаңы коркунучтарга каршы күчтөрдү бириктирүү зарылдыгына бир добуштан макул экенин билдиришти.ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилери Борбордук Азия аймагында жана дүйнөдө коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.“ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо боюнча пландар түзүлдү. Ошондой эле алдыдагы жылдарга кызматташтыктын негизги документтери бекитилди”, — деди министр.Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция 10,1%га өскөн. "Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын жогорулугу жана калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшү менен колдоого алынууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын эки айында реалдуу эмгек акы 5,6%га өстү", – деп баса белгиледи ал.Кыргызстанда облустардын ордуна 20 округ түзүлсө, мамлекеттик башкаруу жөнөкөйлөшүп, элдин жашоосу ыңгайлуураак болот. Мындай пикирди саясат таануучу Алибек Мукамбаев билдирди.Ал демилге ишке ашса округдарда 350-400 миң калк болуп, ар биринин бюджети жана бардык керектүү мамлекеттик органдары жайгашкан борбору болот деп эсептейт.Калктын маселелеринин 90-95 пайызы округ деңгээлинде чечилип, өкмөт же президентке кайрылуу зарылдыгы азаят. Азыр айыл тургундары облус борборуна жетүү үчүн 4-5 саат жол жүрсө, жаңы система менен 1,5-2 саатта маселени чечип, кайтып келүү мүмкүн болот. Округдарда өз ооруканалары, укук коргоо органдары жайгашып, келечекте жогорку окуу жайлар да ачылышы мүмкүн.Буга чейин президент Садыр Жапаров өлкөдө облус жана райондор жоюлуп, ордуна 20 чакты округ түзүү пландалып жатканын айткан.Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвадагы ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты. Анда ЕАЭБдин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча планды жаңылоо сунушу жактырылган.Ошондой эле айрым LED модулдар 2028-жылдын июнуна чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча план да колдоого алынып, жаныбарлар жана алардын продукцияларын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү механизми түзүлөрү белгиленди.Мындан тышкары, ЕАЭБ менен Тунистин ортосунда эркин соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү каралып, маселе өлкө башчыларынын деңгээлинде талкууланары айтылды.Кийинки жыйын майда Астанада өтөт.Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо администраторлор тарабынан аткарылат. Белгиленгендей, ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот. Тестке кирүү үчүн паспорттун түп нускамасы жана талон сөзсүз болушу керек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1c/1101028167_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e7b2cd8f5ba2cf7cf83b412f35a01c52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио