https://sputnik.kg/20260429/1101046470.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү чет элдик компаниялардын 2100дөн ашууну россиялык капитал менен иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов Бишкекте өткөн... 29.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-29T15:00+0600
2026-04-29T15:00+0600
2026-04-29T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1d/1101046304_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee6d69f51bad26d705401599c8309766.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү чет элдик компаниялардын 2100дөн ашууну россиялык капитал менен иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов Бишкекте өткөн "Санариптик өнүгүү: Россия — Кыргызстан" форумунда билдирди. Ал бул абсолюттук рекорд экенин айтты. Адис белгилегендей, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан россиялык бизнестин Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогору бойдон калууда, товар жүгүртүү өсүүдө. "Кыргызстанда россиялык компаниялар ийгиликтүү иштеп, санариптик трансформациянын артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Биз мындан ары да тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз, россиялык инновациялар менен экономикалык өсүштү жана улуттук коопсуздукту чыңдаган экосистеманы түзө алабыз", — деди ал.
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коому президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Буга чейин компаниянын 78 пайыз акциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык болчу. "Кыргызтелекомдун" уставдык капиталы 1,3 миллиард сомду түзөт, ал эми компанияда 2 200гө жакын кызматкер иштейт. Учурда президенттин иш башкармалыгынын карамагына туризм, кыймылсыз мүлк, байланыш жана башка тармактарда иш алып барган бир катар мамлекеттик ишканалар да алынган.
Дүйшөмбү күнү Санкт-Петербургда Ленинград блокадачыларынын эл аралык уюмунун XXXI съезди өттү. Ага Кыргызстандан Ленинград блокадачыларынын коомунун төрагасы Марат Кутанов катышып, Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына жана курчоодон аман калгандардын 83 жылдыгына арналган арналган иш-чаралар тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле улуу композитор Дмитрий Шостаковичтин Жетинчи симфониясынын маанисине токтолуп, аны эрдиктин жана туруктуулуктун символу катары белгиледи. Съездде "Возвращение имени" акциясына өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоордун алкагында Кыргызстанда 21 үй-бүлө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголду деп эсептелген жакындары тууралуу маалымат алган. Тимурчулардын иши жана Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын тарых музейинин иши да жогору бааланды.
"Бишкек электр тармактар" ишканасынын директору, башкы эсепчиси жана анын орун басары кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. Милиция алар мекемеден акчаны мыйзамсыз чыгарууга шектелип, кылмыш иш козголгонун билдирди. "Тергөө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейин ишкананын директору А.М., башкы эсепчи Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Бухгалтерия аркылуу жалган документтер жасалып, айлык деген шылтоо менен акча сол чөнтөккө кеткен дешти. "Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча айлык катары көрсөтүлүп, Д.Шнын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, бөлүштүрүлгөн. Мынан улам мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген", — деп айтылат анда. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголгон. ИИМ ишканага келтирилген зыяндын так суммасын атаган жок. Учурда бардык шектүүлөр эки айга тергөө абагына камалганын билдирди.
Өлкөдөгү чет элдик компаниялардын 2100дөн ашууну россиялык капитал менен иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов Бишкекте өткөн "Санариптик өнүгүү: Россия — Кыргызстан" форумунда билдирди. Ал бул абсолюттук рекорд экенин айтты. Адис белгилегендей, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан россиялык бизнестин Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогору бойдон калууда, товар жүгүртүү өсүүдө. "Кыргызстанда россиялык компаниялар ийгиликтүү иштеп, санариптик трансформациянын артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Биз мындан ары да тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз, россиялык инновациялар менен экономикалык өсүштү жана улуттук коопсуздукту чыңдаган экосистеманы түзө алабыз", — деди ал."Кыргызтелеком" ачык акционердик коому президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Буга чейин компаниянын 78 пайыз акциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык болчу. "Кыргызтелекомдун" уставдык капиталы 1,3 миллиард сомду түзөт, ал эми компанияда 2 200гө жакын кызматкер иштейт. Учурда президенттин иш башкармалыгынын карамагына туризм, кыймылсыз мүлк, байланыш жана башка тармактарда иш алып барган бир катар мамлекеттик ишканалар да алынган.Дүйшөмбү күнү Санкт-Петербургда Ленинград блокадачыларынын эл аралык уюмунун XXXI съезди өттү. Ага Кыргызстандан Ленинград блокадачыларынын коомунун төрагасы Марат Кутанов катышып, Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына жана курчоодон аман калгандардын 83 жылдыгына арналган арналган иш-чаралар тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле улуу композитор Дмитрий Шостаковичтин Жетинчи симфониясынын маанисине токтолуп, аны эрдиктин жана туруктуулуктун символу катары белгиледи. Съездде "Возвращение имени" акциясына өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоордун алкагында Кыргызстанда 21 үй-бүлө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголду деп эсептелген жакындары тууралуу маалымат алган. Тимурчулардын иши жана Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын тарых музейинин иши да жогору бааланды."Бишкек электр тармактар" ишканасынын директору, башкы эсепчиси жана анын орун басары кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. Милиция алар мекемеден акчаны мыйзамсыз чыгарууга шектелип, кылмыш иш козголгонун билдирди. "Тергөө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейин ишкананын директору А.М., башкы эсепчи Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Бухгалтерия аркылуу жалган документтер жасалып, айлык деген шылтоо менен акча сол чөнтөккө кеткен дешти. "Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча айлык катары көрсөтүлүп, Д.Шнын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, бөлүштүрүлгөн. Мынан улам мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген", — деп айтылат анда. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголгон. ИИМ ишканага келтирилген зыяндын так суммасын атаган жок. Учурда бардык шектүүлөр эки айга тергөө абагына камалганын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1d/1101046304_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c4d1b30b90512d83984fed6ebbedd97.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио