00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:08
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балбак Түлөбаев: бюджетке 2 млрд. сом түшпөсө казинолорду кайра жабалы

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Жазылуу
Бүгүнкү күндө төрт букмекердик контора жана бир казиного лицензия берилип, бюджетке 126 миллион сом түшкөн.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, кайрадан жабыш керек. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев парламентте билдирди.
Эл өкүлү министрлер кабинети кумар оюндарына уруксат берүү мыйзамын алып келгенде жылына бюджетке 2 миллиард сомдон ашык түшөрүн айтканын эске салды.
"Эгер жыл соңуна чейин аталган сумма чогулбаса казино мыйзамын жокко чыгарып туруп айдап жибериш керек. Экс-губернатор, экс-депутат лицензия алыптыр деп чыгып жатат. Биз алар байысын деп казино мыйзамын кабыл алган жокпуз. Жылдын аягында канча салык түшкөнүн көрөбүз. Бюджетке 2 миллиард сом түшөт дегени үчүн бүткүл абийир, намысыбызды коюп өкмөттү колдоп бергенбиз. Элге жаман көрүнүп, каргыш, тил укканбыз. Биздин мыйзам менен бир чиновниктин байышына макул эмесмин", — деди Түлөбаев.
Ал экс-чиновник Жогорку Кеңешти жаманатты кылып, өзү жыргап казино ачып мамлекетке акча төкпөсө мыйзамдын кереги жок деп эсептейт.
Өз кезегинде Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров төрт букмекердик конторага (42 миллион сом), бир казиного (84 миллион сом) лицензия берилгенин билдирди. Андан жалпы 126 миллион сом түшкөн.
Казино иштетүүгө уруксат берген мыйзам былтыр көптөгөн талаш-тартыш менен өткөн болчу. Бийлик кумар оюндарына Кыргызстандын жарандары кирбей турганын айтып, негизги максат бюджетти толтуруу экенин белгилеген. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров казинолор ачылса казынага миллиарддаган сомдук салык түшөрүн билдирген.
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Лицензиясы жок казино иштеткендерди 8 жылга чейин камоо сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0