00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Золото Азии и забытый велотрек: не просто кататься, а добывать победы
08:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлкө сиздерге таянат. С. Жапаров аскерлерди Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2023
Жазылуу
Мамлекеттин башчысы азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эстен чыгарбоону эскерткен.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы аскерлерди куттуктап, бүтүндөй өлкө, жумурай-журт аларга таянарын белгилеп, жоокерлердин журт алдында берген антын толук аткарыш үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү мамлекеттин милдети экенин айткан.
Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосун толук беребиз:
"Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер!
Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Бизди, жалпы мекендештерибизди бириктирип турган бир максат — күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруу. Мына ушул асыл мүдөөгө жетүүдө эң алды менен Кыргыз армиясынын орду өзгөчө экени талашсыз.
Кыргызстан эгемендүү мамлекет жана эл аралык алакалардын субъектиси катары коргонуу саясатын тынчтык принциптерине негиздеп, бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу мамилелерди куруп келет. Ошентсе да азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эгерим эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.
Ага жараша жоокерлердин журт алдында берген антын толук аткарыш үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү мамлекеттин милдети болуп саналат. Өлкө жетекчилиги бул жаатта: аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоо-турмушу, социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз болушу үчүн бардыгын жасап жатат.
Бүгүнкү күндө аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрө алдык деп ишенимдүү айта алам. Ага элибиздин армияга болгон сый-урматы барган сайын артып баратканы далил.
Ошол эле маалда аскер кызматынын бедели бир гана мамлекеттин аракетинен көз каранды эмес экендигин баса белгилегим келет. "Чептен эрдин күчү бек" деген накыл кеп сыңары, ар бир жоокерибиз демдүү-күчтүү, намыстуу, аскер ишинде күжүрмөн даярдыгы бекем, Ата мекенибиздин бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыкты коргоого жогорку даярдыкта болушу керек.
Бүтүндөй өлкө, жумурай журт сиздерден үмүт кылат, сиздерге таянат.
Сиздер кийинки муундар үчүн аскер ишинде, чыныгы жоокердин образын берүүдө Мекенди сүйүүнүн, билими менен аскердик даярдыгы төп келишкен кесипкөйлүктүн үлгүсү болосуздар деп бекем ишенем.
Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары, кымбаттуу ардагерлер!
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Кайсы мезгил, кандай гана оор учурлар болбосун, Мекенге берилүү менен өтөп келе жаткан кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Сиздерге кажыбас кайрат, темирдей бекем эрк, чың ден соолук каалайм. Үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм.
Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!".
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Баш ийип таазим кылабыз! Садыр Жапаровдун Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0