00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баш ийип таазим кылабыз! Садыр Жапаровдун Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Жазылуу
Жапаров согуштун азап-тозогун көрүп, анын бардык оор сыноолору менен кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдердин кан майданды кɵзүнɵ жаш алып эскерүүсү бул окуянын адамзат тагдырына тийгизген тарыхый маанисин тастыктап турарына токтолду.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.
Маалымат кызматынын тараткан куттуктоосунда Ата Мекендин тарыхында эс тутумдан эч качан өчпөй турган орчундуу окуялар арбын экенин, алар улам кийинки муундун жүрөгүндө түбөлүккө жашай турганын белгиледи. Өлкө башчы өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштун оор жана капсалаңдуу жылдары, анан албетте, немецтик-фашисттик баскынчыларды жеңген Улуу Жеңиш күнү дал ушундай окуялардан болуп саналарын айткан.

"Согуштун азап-тозогун көрүп, анын бардык оор сыноолору менен кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдердин кан майданды кɵздɵрүнɵ жаш алып эскерүүсү бул окуянын адамзат тагдырына тийгизген тарыхый маанисин тастыктап турат. Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салганда кыргыз эли дагы четте калган эмес. Согуштун биринчи эле күндөрүндө Кыргызстандын аймагында кан майдан үчүн жаңы резервдерди даярдоо башталган. Кыргызстандыктар менен казакстандыктардан турган №316 Аткычтар дивизиясы түзүлгөн. Ал кийин Иван Панфилов атындагы №8 Гвардиялык дивизия болуп өзгөртүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында Москва шаарын коргогон панфиловчу-жоокерлердин өзгөчө эрдиги дүйнө жүзүнө маалым. Дал ошол Дубосеково жолундагы кандуу кармаштан баштап Ата Мекендик согуштун нугу өзгөргөн. Ошол жерден, ошол күндөн тарта советтик аскерлер баскынчылардын мизин кайтарып, чабуулга өтүшкөн. Кыргызстан Улуу Жеңишке жетүүгө чынында чоң салым кошкон: оорук эмгекчилери майданды ок-дары, азык-түлүк, кийим-кече, ал эми коргоо ɵндүрүшүн стратегиялык чийки зат менен үзгүлтүксүз камсыздап турган, ал эми Фрунзе жɵɵ аскерлер окуу жайы болсо офицердик кадрларды даярдаган", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жапаров согуштун азап-тозогун көрүп, анын бардык оор сыноолору менен кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдердин кан майданды кɵзүнɵ жаш алып эскерүүсү бул окуянын адамзат тагдырына тийгизген тарыхый маанисин тастыктап турарына токтолду.
Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандык жоокер уул-кыздардын эрдиктери татыктуу бааланганын эске салды. Фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн жүз элүү миңден ашуун командирлер жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, жыйырма бир кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми жетимиштен ашуун биздин жараныбызга эң жогорку Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Чолпонбай Түлөбердиев, Ысмайылбек Таранчиев, Калыйнур Үсөнбеков жана башка баатырлардын эрдиги эч качан унутулбай турганы айтылды.

"Кадырлуу калайык калкым! Улуу Жеңишти камсыздоодогу жүз миңдеген жердештерибиздин эрдиктери, ооруктагы эмгекчилерибиздин каармандыктары Мекенге жан дили менен кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп түбɵлүк кала берет! Кантсе дагы Улуу Жеңиш бизге орду толгус жоготуулар менен келди. Аталарыбыз, чоң аталарыбыз өз өмүрлөрүн берип, бизге тынчтык жана бейкуттук тартуулашты. Алардын теңдешсиз эмгектери бизди Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоого милдеттендирет! Улуу Жеңиштин сабактары Ата Журтубуздун алдында ар бирибиздин чоң жоопкерчилигибиз жөнүндө дайым эскертип турат. Ошондуктан биримдигибизди чыңдап, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп турушубуз абзел. Аталарыбыз, агаларыбыз кан күйгөн согушта бир гана нерсе үчүн – биздин бейпил турмушубуз, ачык асманыбыз үчүн жан беришкенин эгерим эсибизден чыгарбайлы! Көкүрөгүнө орден-медалдарды тагынган ар бир ардагер жөн эле согуштун катышуучусу эмес, ал – бизге жашоо бактысын тартуулаган чыныгы баатыр! Урматтуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери, сиздерге башыбызды ийип таазим кылабыз! Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз!" — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.

Ушу тапта Бишкек шаарында "Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Sputnik Кыргызстан акциядан тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Концлагерде да багынбаган кыргызстандык жоокер. Согуш баатырларын издөө иши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Концлагерде да багынбаган кыргызстандык жоокер. Согуш баатырларын издөө иши
Жаңылыктар түрмөгү
0