Өзгөчө статус алган 5 ЖОЖго кандай артыкчылыктар берилет? Мыйзам ЖКда каралууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Өзгөчө статус алган жогорку окуу жайлар өзүн-өзү каржылоого жана тейлөө укугуна ээ болот.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүү мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып жатат.
Алар төмөнкү окуу жайлар:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
Ош мамлекеттик университети.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өзгөчө статус алган жогорку окуу жайлар өзүн-өзү каржылоого өтө турганын билдирди.
Мындан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
бюджеттик каражаттарды колдонуу үчүн казыналык системадан тышкары мамлекеттин үлүшү менен коммерциялык банктарда эсеп ачуу;
билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамда тыюу салынбаган башка иштерден каражат түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоо;
акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү;
өзгөчө статуска ээ ЖОЖдорго профессордук, окутуучулук курамынын кызмат орундарын ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоо;
мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражат толук өлчөмдө алардын карамагында калтырылат, республикалык бюджетке чегерилбейт;
билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу;
лицензия албастан жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу;
каржылык иштерин бирдиктүү казыналык эсептен тышкары жүзөгө ашырат;
бюджеттик орундар сакталат;
мамлекеттик сатып алуулар (тендер) аркылуу эмес, ички эрежелерине ылайык сатып алуу, курулуш иштерин жүргүзөт.
Белгилей кетсек, былтыр июлда президент Садыр Жапаров беш ЖОЖго өзгөчө статус берип, айрымдарын бириктирүү жарлыгын чыгарган.
Заместитель министра образования и науки КР Расул Абазбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Радио
Абазбек уулу: келечекте 5 ЖОЖдон башкасына да атайын статус берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0