Адис мите курттардын түрү жана адамга тийгизген кесепетин айтып берди
10:48 23.05.2023 (Жаңыртылды: 10:49 23.05.2023)
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитологу Гүлнара Минбаева адамдарда мите курт көбүнчө жеке гигиена сакталбагандан пайда болорун айтты.
Былтыр республика боюнча мите курттардан жабыркаган 25 миӊден ашык бейтап катталды. Анын ичинен 75 пайызы 14 жашка чейинки балдар болууда. Бул тууралуу Гүлнара Минбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адис мите курттардын түрү жана адамга тийгизген кесепетин айтып берди
Анын айтымында, мите курттар геогельминттер (айлана-чөйрөдө жашайт), биогельминттер (жаныбарларда жашайт) жана жугуштуу гельминттер (адамдан адамга жугат) болуп үч топко бөлүнөт.
"Дүйнөдө мите курттардын 200-300 түрү болсо, Кыргызстанда паразиттердин 27 түрү кездешет. Биздин өлкөдө жылуу, мелүүн климатта жашаган мителер көп. Эгер облустар боюнча ала турган болсок, аба ырайы салкын келген Ысык-Көл, Нарын жергесинде жаныбарлардын организминде мителик кылып, адамга өткөн курттар басымдуулук кылат. Булар: эхинококк, альвеококк (иттен тарайт) боорду, өпкөнү жабыркаткан курттар жана бодо мал тасма курту. Жалпы республика боюнча аскарида, чүчөк курту кеӊири жайылган. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда соргучтар: фасциолез, дикроцелиоз, бир клеткалуу мите лямблиоз жана кыдыгый тасма курт көбүрөөк кездешет. Эӊ эле жөнөкөй аскариданы алсак, ооруган бала үйдүн айланасындагы ачык жерге заӊдаса, аны менен кошо 50-200 миӊге чейин жумурткасы ташталат. Ал ит, мышыктар, жамгыр, топурак аркылуу адамдын колуна жабышат да, колду жуубай тамактанган учурда ооз аркылуу ашказанга түшөт. Ал майда куртка айланып, ичегини тешип кан системасына өтөт. Кан аркылуу боорго, андан жүрөккө, анан өпкөгө түшүп, кычкылтек менен азыктанат. Себеби 40 сантиметрлик курт өсүшү үчүн кычкылтек керек. Бул учурда түндө уктап жатканда курт кекиртек аркылуу сойлоп чыгып, жөтөл рефлекси пайда болот да, адам кайра аны жутуп алат. Ичегиге түшкөндөн соӊ ургаачысы 40, ал эми эркеги 20-25 сантиметр өсөт. Көп ата-эне аны "ии, аскарида эле экен" деп олутуу кабыл алышпайт. Социалдык тармактарда "мээси курттап, көзү-мурдунан курт сойлоп чыгыптыр" дегендин баары ушул аскарида курту. Анткени личинкасы кан системасына түшкөндөн кийин кан кайсы органга тээп кетсе ошол жерде өөрчүп чыгат. Адамдарда мите курт көбүнчө жеке гигиена сакталбагандан пайда болот. Мисалы, ойногондон кийин, мектептен, көчөдөн келгенден кийин, дааратканадан чыккандан соң жана тамактануунун алдында кол жуубаган учурда жуктуруп алат. Андыктан балдарга колду жуушту эреже кылып үйрөтүп, талап кылуу зарыл", — деди Минбаева.
Ал үй жаныбарларын ветеринардын көзөмөлүнөн өткөрүп¸ дегельминтизация кылып туруу зарылдыгын кошумчалады.