Бакиевдин чуулуу маегинен улам нааразы тараптар Бишкекте митингге чыкты. Видео

© Sputnik / Аяна БайтемироваКачкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты
Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Жазылуу
Нааразы болуп чыккан жарандар Бакиевдин камалышын талап кылышууда.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты.
Бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырлары эстелигинин алдына болжол менен 50дөй адам чогулуп, элге жана бийликке кайрылуу жасашты.
Алар Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана Бакиевди көз көрүнөө актоо аракеттерин байкап, тынчсызданып жатканын айтышты. Бакиевден интервью алып, аны "экс" деп атоого журналист Кошалиев кимден уруксат алганына кызыгышты. Алар адам өлтүрүүгө себепкер болуп, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Курманбек Бакиевдин камалышын талап кылышууда.
"Журналист Кадыр мырза, сизге эч ким моралдык укук берген эмес. Аны "экс" деп атоо үчүн элдин чечими, укугу болушу керек. Урматтуу курултайдын өкүлдөрү, мына көрүп алгыла! Кимди шайлагансыңар? Урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин тынчтыкты, туруктуулукту, элдин биримдигин колтугунда котур ташы бар журналист бузуп жатат. Ал бузуку", — деди Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов.
Ыңкылап учурунда уулун жоготкон, "Мекен шейиттери" жарандык коомунун төрайымы Нурия Айдабосунова 87 баланын каза болгонун, жарадар болгондорду унуталы деген сайын эстетип жатышканын айтып нааразы болду.
© Sputnik / Аяна Байтемирова

Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты

Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/2

Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырлары эстелигинин алдына болжол менен 50дөй адам чогулуп, элге жана бийликке кайрылуу жасашты.

Бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырлары эстелигинин алдына болжол менен 50дөй адам чогулуп, элге жана бийликке кайрылуу жасашты. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырлары эстелигинин алдына болжол менен 50дөй адам чогулуп, элге жана бийликке кайрылуу жасашты.

1/2

Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты

2/2

Бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырлары эстелигинин алдына болжол менен 50дөй адам чогулуп, элге жана бийликке кайрылуу жасашты.

Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бийлик ал маекти Кошалиевдин кесиптик изденүүсү деп эсептей турганын билдирди.
"Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз. Анын журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп санайбыз. Ошондой эле даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын баса белгилейбиз", — деп жазды Орунбеков.
Ошондой эле ал Кошалиев учурда Курултайдын төрагасы эместигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, өткөн жумада УТРКнын "Кыргыз ааламы" берүүсүнүн алып баруучусу, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган. ЖК депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов Бакиевдерди реабилитациялоо жүрүп жатабы деп шек санап, президенттик администрациянын түшүндүрмө беришин талап кылышкан. Ал эми Кошалиевди жумуштан кетирүү керектигин билдиришкен. Өз кезегинде УТРК Кошалиев жетекчилик менен макулдашпай өз алдынча барып маек алганын айтып, ички териштирүү болорун убадалаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Байсалов Бакиевдин маегин сындаган депутаттарга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0