00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УТРК Кадыр Кошалиевге карата ички териштирүү жүрүп жатканын билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКачкын президент Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев. Архив
Качкын президент Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Кошалиев тартып келген интервью телеканалдан көрсөтүлбөгөнү жана эфирге берүү пландалбаганы белгиленди.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Качкын президент Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевге карата ички териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) билдирди.
"Маек боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөргөндүгүнө байланыштуу дагы бир ирет жооп берип коюуну туура көрдүк. Ал Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРК жетекчилиги менен макулдашылган эмес жана маекти тартуу үчүн техникалык каражат жана башка чыгымдар бөлүнгөн эмес. Ички тартип боюнча телеканал ар бир эфирдик торчодон орун алган көрсөтүүлөр алдын ала макулдашылып, зарыл болгон материалдык-техникалык каражат менен камсыздалат. Учурда УТРКдан эфирге чыккан "Кыргыз ааламы" көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан көрсөтүлбөгөнүн жана эфирге берүү пландалбаганы белгиленди.
Ал эми Кошалиев социалдык баракчасына жазган постунда эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын айтты. Ал буга чейин Аскар Акаевден да маек алганын белгилеген.
"Түрдүү себептерден улам мурдагы президенттер менен болгон маекти УТРКдан берүү маселеси кечигип, YouTube каналынан чыгып кеткендигин трагедия деп эсептебейм. Кайра бул көрсөтүүлөр кыргыз коому үчүн талаштуу маселелерге ачыктык киргизди деп ойлойм. Мисалы, мен да атуул катары Курманбек Бакиевди сырттан соттогон күндө да юридикалык талаптар сакталган го деген ойдо жүргөм. Көрсө адвокат, тергөөчүсү жок эле сырттан 30 жылга соттоп жибергени эч бир рамкага сыйбай турган көрүнүш. Мен да Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун сындап келгем. Бирок бардык иш мыйзамга жана адамдык абийирге жараша калыс чечилгени оң", — деди Кошалиев.
Белгилей кетсек, жакында эле УТРКнын "Кыргыз ааламы" берүүсүнүн алып баруучусу, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган. Айрым депутаттар Бакиевди актоо аракети болбосо президенттик администрация позициясын ачык айтып, Кошалиевди жумуштарынан кетириши керектигин билдиришкен.
Качкын президент Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Депутат Көкүлов: эл Бакиевдерди унутуп калды деп ойлобогула, андай эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0