https://sputnik.kg/20230518/bakievderdi-unutup-kaldy-dep-oylobogula-1075435564.html
Депутат Көкүлов: эл Бакиевдерди унутуп калды деп ойлобогула, андай эмес
Депутат Көкүлов: эл Бакиевдерди унутуп калды деп ойлобогула, андай эмес
Sputnik Кыргызстан
Депутат мурдагы президенттер көп маек берип, соцтармактарга байма-бай чыгып, ар жакта кенен жүрүп калганын сындады. 18.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-18T16:54+0600
2023-05-18T16:54+0600
2023-05-18T16:56+0600
кыргызстан
саясат
эрулан көкүлов
курманбек бакиев
актоо
бийлик
жооп
https://sputnik.kg/img/104558/25/1045582557_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_9982e672b8a48f3d9a768c73c7726178.jpg
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлөв Бакиевдерди актоо аракети жүрүп жатабы деп тынчсыздануусун билдирди.Белгилей кетсек, жакында эле УТРКнын "Кыргыз ааламы" берүүсүнүн алып баруучусу, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган.Ошондой эле ал андан алдын сүйлөгөн кесиптеши Эльвира Сурабалдиеванын айткан ар бир сөзүнө кошула турганын белгиледи.Сурабалдиева качкын президент Курманбек Бакиевди актоо аракети болуп жаткан болбосо президенттик администрация позициясын ачык айтып, андан маек алган Кадыр Кошалиевди жумуштан кетириши керектигин билдирген.
https://sputnik.kg/20230506/shakiev-bakiev-kat-zhasalma-1075061176.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104558/25/1045582557_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_b99e4bb8b748d161e69e3975420f29d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, эрулан көкүлов, курманбек бакиев, актоо, бийлик, жооп
кыргызстан, саясат, эрулан көкүлов, курманбек бакиев, актоо, бийлик, жооп
Депутат Көкүлов: эл Бакиевдерди унутуп калды деп ойлобогула, андай эмес
16:54 18.05.2023 (Жаңыртылды: 16:56 18.05.2023) Депутат мурдагы президенттер көп маек берип, соцтармактарга байма-бай чыгып, ар жакта кенен жүрүп калганын сындады.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлөв Бакиевдерди актоо аракети жүрүп жатабы деп тынчсыздануусун билдирди.
Белгилей кетсек, жакында эле УТРКнын "Кыргыз ааламы" берүүсүнүн алып баруучусу, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган.
"Акыркы убакта мага экс-президенттерди реаблитациялоо жумуштары жүрүп жаткандай сезилип жатат. Бул кишилер көп маек берип, соцтармактарга байма-бай чыгып, ар жакта кенен жүрүп калды. Азыр мен дагы жооп күтүп (бийликтен — ред.) жатам. Чындап эле ошондой болуп жатабы, силердин оюңар кандай? Эгер Бакиевдерди эл унутуп калды деп бирөөлөр ойлоп жаткан болсо андай эмес. Жеке менин эсимде баары бар", — деди Көкүлов.
Ошондой эле ал андан алдын сүйлөгөн кесиптеши Эльвира Сурабалдиеванын айткан ар бир
сөзүнө кошула турганын белгиледи.
Сурабалдиева качкын президент Курманбек Бакиевди актоо аракети болуп жаткан болбосо президенттик администрация позициясын ачык айтып, андан маек алган Кадыр Кошалиевди жумуштан кетириши керектигин билдирген.