Минскидеги MILEX-2023 көргөзмөсү: учкучсуздардын артыкчылыгы

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинскидеги MILEX-2023 көргөзмөсүндөгү учкучсуз аппараттар
Минскидеги MILEX-2023 көргөзмөсүндөгү учкучсуз аппараттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Жазылуу
Россиянын атайын аскердик операциясынан улам адистердин жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн учкучсуз аппараттар менен аларга каршы күрөшүүчү каражаттар бурууда.
Ушул пикирди белгилеген аскерий баяндамачы Александр Хроленко кечээ жыйынтыкталган MILEX-2023 көргөзмөсүнөн баяндайт.
Беларустун борборунда 17-20-май аралыгында коргоо жана коопсуздук тармагындагы аскер-техникалык кызматташтык маселелери боюнча MILEX.INOVATIONS 23 эл аралык илимий конференциясы менен айкалышта MILEX-2023 көргөзмөсү өттү.
24 миң чарчы чакырымдык "Минск-арена" комплекси дүйнөнүн отуз өлкөсүнөн 170 катышуучу уюмду, курал, аскердик жана атайын техниканын, атап айтканда, учкучсуз, ок өткөрбөс техника, ракеталык комплекс, аба чабуулунан коргонуу тутумдары, коргоо жана коопсуздук жаатындагы технологиянын болгон түрү боюнча 500 үлгүнү өзүнө батырды.
177 үлгү биринчи ирет коомчулуктун назарына коюлду. Дээрлик дүйнөнүн бардык чөлкөмдөрүнөн меймандар иш-чарага тегин жерден келген жок. Көргөзмөдө көзгө көрүнүктүү болгон үлгүлөр: "Буревестник", "Ловчий", "Чекан" менен "Орион" чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуздар, ошондой эле учкучсуз Hunter тик учагы, "Миротворец" учкучсуздарга каршы күрөшүүчү мобилдик комплекси, дрондор менен күрөшүүчү "Кречет" аскердик модулу болду.
Ошондой эле роботтоштурулган "Берсерк" сокку уруучу комплекси да кызыгуу жаратпай койгон жок. Дүйнөдө кыйла белгилүү, 300 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган "Полонез" залптык октун реактивдүү тутумун MILEX-2023 көргөзмөсүндө ушундай эле, бирок чакан, тагыраак, 52 чакырымдык аралыкты багындырчу "Флейта" системасы толуктап турду. Эске салсак, аппарат беларустук коргоо өнөр жай комплексинин табылгасы.
Беларусь Республикасынын өндүрүшүндөгү "Буревестник" учкучсуз авиациялык комплекси 80 кило жүктү, атап айтканда, чалгындоочу аппаратураны, сегиз даанага чейин С-5 же эки дрон-камикадзени ташый алат. 1000 метрге чейинки бийиктикте 10 саатка чейин учат. Радиобайланышты 70 чакырымга чейинки радиуста жоготпойт. Ал эми ретрансляторду колдонсо, бул аралык 220 чакырымга чейин чукулдайт. 390 килолук учуш салмагындагы аппараттын кулачы 9,24 метрди түзөт. Кыйла олуттуу милдеттер үчүн күчү бир топ машина.
Беларустун эң алдыңкы саптагы "Ловчий" менен "Чекан" дрондору багындырчу аралыгы, пайдалуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жана колдонуу тактикасы менен айырмаланышат. "Ловчий" аппараты абада сегиз саатка чейин кармалып, 70 чакырымдык радиуста иштейт. Жеңил ракета же 20 килого чейинки авиабомбаларды ташый алат.
Кыйла чакан "Чекан" дрон-камикадзеси күндүзгү убакта душмандын стационардык, жер бетиндеги кыймылдагы объектилерин, жоокерлерин жана техникасын издеп, жок кылууга ылайык. Учушу автоматтык тескөө режимине ээ. 25 чакырымга чейинки тактикалык радиуста аракет этет. Учуш узактыгы – 1000 метрлик бийиктикте жана саатына 140 чакырымдык ылдамдыкта 45 мүнөткө чейин учат. Дрондун салмагы – 12 кг.
Ал эми беларустук Hunter чалгындоочу-сокку уруучу тик учагы толугу менен роботтоштурулган. Сегиз тескелбеген ракета, 2,5 кг калибрдеги танкага каршы 16 бомба үчүн эки ок атуу түзүлүшү менен жабдылган.
Бортунда аралыктан тескелүүчү 7,62 мм калибрдеги Калашников (ПКМТ) пулеметтуу турель, 550 патрондон турган ок-дарысы бар. Аппарат баллистикалык калькулятору бар мээлөөчү комплекс, алты айлануучу "күн/түн" камерасы, радиолокациялык ракета жана тоскоолдуктарды генерациялоочу автоматтардан коргоочу станцияны ташыйт. Учуш салмагы – 750 кг, узактыгы – алты саатка чейин, эң жогорку бийиктиги 3500 метрди түзөт. Кыйла сүрдүү курал.
Замбиректен атып жаткан украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын "контрчабуулун" жылдырууда
Россиялык "Орион" учкучсузу 2019-жылдан тарта сериялык өндүрүштө, согуштук шарттарда да бир топ сыналган. Спутниктик башкаруу тутумунан улам 4 000 чакырымга чейин аракет этип, күйүүчү май кору менен гана чектелет. Учуш узактыгы 24 саатка жетет. 8 000 метрге чейинки бийиктикте саатына 200 чакырымды багындырат. "Ориондун" жүк ташуу жөндөмүн 200 килограммга чейинки салмак менен мүнөздөөгө болот.
"Миротворец" учкучсуздарга каршы аракет этүүчү мобилдик комплекси тоскоолдуктар шартында чакан жана орточо бийиктиктерде учкучсуз аппараттарга каршы күрөшүүгө ылайыкталган. Комплекстин курамына 9А33-2Б согуштук машинасы, 9М33М3 зениттик тескелүүчү ракеталар, жерден башкаруучу U-GCS станциясы, КР120 ок атуучу түзүлүшү, "Беркут" сокку уруучу учкучсузу, байланыш жана ташуучу каражаттар камтылат. Бул да беларустук коргоо өнөр жай комплексинин кызыктуу иштелмелеринен.
MILEX-2023 көргөзмөсүндө биринчи жолу жаңы "Кречет" беларустук модулу коомчулуктун сынына коюлду. Учкучсуздар менен күрөшүүчү бул бирдик аба мейкиндигине айланта байкоо салып, чакан көлөмдөгү дрондорду кармап, аларды ок атуучу каражаттар менен талкалай алат. Аталган модуль "Кайман" ок өткөрбөс унаасына орнотулган. Анын бортунда "Глобус" радиолокациялык станциясы, автоматташтырылган, ошондой эле ПКТ пулемету бар (аралыктан башкарылуучу) байкоочу-ок атуучу комплекси (АДУНОК) менен да жабдылган.
Душмандын учкучсуздарын алты чакырым аралыктан аныктап, кармап, 500 метр аралыктан жок кыла алат. 500дөн 1 000 метрге чейинки ыраак аралыктагы аппараттарды кармоого атайын дрондор колдонулат.
Минскидеги көргөзмөнүн дагы бир технологиялык шедеври – "Берсерк" өзү жүрүүчү роботтоштурулган сокку уруучу комплекси. Ал ГШГ-7,62 авиациялык пулемету менен жабдылган. Ок-дарысы – 3000 патрон. Оператордун 5 чакырымга чейинки аралыктан башкаруусунда комплекс 1 000 метрге чейинки узактыктан мээлеп ок атат. "Берсерк" душмандын ок өткөрбөс техникасынын, тик учактарынын сөлөкөтүн алты, он чакырымдан тааныйт. Машина алтымыш мүнөткө чейин иштеп, 30 чакырымды багындыра алат.
MILEX-2023 негизги демилгечилери жана технологиялык багыттоочулары Беларусь менен Россия иш-чарага 150дөн экспонат, башкача айтканда, көргөзмөдөгү курал жана техниканын бардык үлгүлөрүнүн жарымынан көбүн койду. Россиялык бурч эң оболу авиатехниканын кеңири түрү, анын ичинде МС-21 менен Superjet лайнерлери менен көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты.
Минскиде россиялык адистер беларустук өндүрүшчүлөр менен тыгыз кызматташууну дагы бекемдөөгө умтулуп, авиациялык компонент, түйүн жана агрегаттар менен жабдуу көлөмүн арттырууга кызыкдар.
Беларусь Республикасынын территориясында аталган өлкөгө берилген россиялык авиатехниканы оңдоо жана тейлөөү аянтча куруу да планда. Беларусь тарап атайын аскердик операциядан улам Россияга аскердик техника сатуу көлөмүн көбөйттү. Мында кеп жүздөгөн миллион доллар туурасында.
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко MILEX-2023түн катышуучулары жана меймандарына кайрылуусунда көргөзмөнүн негизги максаттарына токтолду. Иш-чара тажрыйба алмашуу, эл аралык аскер-техникалык кызматташтык, планетанын бардык чөлкөмдөрүндө тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону көздөйт.
Беларусь Республикасынын мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев да MILEX-2023түн ачылышында Беларусь менен Россиянын биргелешкен коргоо потенциалы кыйла көтөрүлгөнүн белгилеген. ЖККУнун Биргелешкен штабынын жетекчиси генерал-полковник Анатолий Сидоров Минскиде беларустук коргоо өнөр жай комплексинин жетишкендиктерин жогору баалады.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Киевде Patriot кантип талкаланып, америкалык миф кандайча жокко чыкты? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0