00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки кылым мурун курулган суу тегирмен. Ысык-Көлдөгү өзгөчө музейдин видеосу

Жазылуу
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну Сергей Мищенко ата-бабаларынан калган эски суу тегирмен, май чыгарган ишкананы реставрациялап, чакан музей ачып туристтер келчү жайга айланткан. Sputnik Кыргызстан кабарчысы анын ишмердүүлүгүнө кызыгып көрдү.
Мищенко үй-бүлөсү менен ачкан музейдеги экспонаттарды тууган-туушкандарынан, жергиликтүү тургундар арасынан чогулткан. Алардын арасында падышачылык убактагы патефон, кулпу, жаргылчак, самоордон баштап Ысык-Көлдүн түбүнөн, айланасынан табылган археологиялык баалуу зер буюмдар, курал-жарактар, идиш-аяктардын бөлүктөрү да бар.
Сергей Мищенконун айтымында, мындай суу тегирменди азыр өлкө аймагынан табуу өтө кыйын.
"Суу тегирменди Россиядан келген тегирменчилердин династиясы делген Лаврентий Матяшовдун үй-бүлөсү Воронеж губерниясынан атайын чакыртылып 1871-жылы Ак-Сууда курушкан. Ал чек арачы, жергиликтүү тургун жана келгиндерди ун азыктары менен камсыздамак. Андан кийин бул дарыяга дагы алты суу тегирмен курулган. Бирок алардын ичинен ушул убакытка чейин бул эле сакталып иштеп жатат. Ал эми май чыгарган ишкана 1874-жылы курулган, азыр да иштөөдө. Эки ишканадагы тетиктер, жабдуулар эскирип калгандыктан акырындык менен аяр мамиле кылып иштетип жатабыз. Анткени мындай тегирменди азыр өлкө аймагынан табуу өтө кыйын", — деди Мищенко.
Ошондой эле ал маданий жайда Россиядан XIX кылымдын орто ченинде Ысык-Көл облусуна биринчилерден болуп келгендердин тиричилик буюмдары, акча-тыйындары, музыкалык аспаптары чогултулган. Андан сырткары, советтик мезгилге тиешелүү жана чет элдик акча-тыйындар, орден-медалдар, төш белгилер, техникаларды да көрүүгө болот.
Башкалардан өзгөчөлөнгөн жаратман элеттиктин музейине дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар да келип турат. Себеби ал жерде миңдеген сейрек экспонаттар чогултулган.
"Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгү чоң ата, чоң энебизден калган, дагы бирин тууган-туушкандардан чогултуп, элден да сатып алганбыз. Анан бизге негизинен чет элдиктер көп келет. Алар суу тегирменди, май чыгарган ишкананы көрүүгө өтө кызыгышат. Дагы бир айта турчу нерсе, биздин ушул жайыбыз таш жана жыгач менен эле курулган. Алыстан бери келгендердики панель, кафель, паркет колдонулуп салынган заманбап музейлер. Бизде миңдеген экспонат болсо, 5000ден ашык түрдүү төш белгилер чогултулган. Орундуктун жоктугунан батпай сакталуу турган экспонаттар да арбын,— деп кошумчалады ал.
Айылдын четинде өзгөчө маданий жай ачкан Мищенконун бала-бакырасы музейдин айланасын толук жашылдандырып, экспонаттарды ачык асман алдында да орнотууда.
Тема боюнча:
Сагынган кыздын жүз аарчысы, Кыргызстандын акчасына чыккан танк. Баатырлар баяны
Пишпектин биринчи "мэринин" үйү реконструкцияланды. Видео
Кемчилик кетсе Усубалиевден таяк жечүбүз. Экс-министр Орозалиев менен видеомаек
Жаңылыктар түрмөгү
0