НАТО менен байланышкан акыркы келишим. Россия "алакага" биротоло чекит койду

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDНАТОнун Норвегиядагы машыгуулары. Архив
НАТОнун Норвегиядагы машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
РФ лидери Владимир Путин Европадагы кадимки куралдуу күчтөр тууралуу келишимден (ЕКККК, ДОВСЕ) чыгуунун соңку процедурасын баштоо буйругуна кол койду. Парламент бекиткен соң документ НАТО менен "достук, кызматташуу" доорунун эстеликтери турган таштандыдан орун алат.
Россиялык журналист Кирилл Стрельников аталган келишимдин тарыхына токтолуп, андан чыккан Россиянын кийинки кадамдарына сереп салган. Материалды РИА Новости жарыялады.
Европадагы кадимки куралдуу күчтөр тууралуу келишим Советтер Союзу кыйраганга чейин, 1990-жылы түзүлгөн. Ал мезгилде Батыш менен "өнөктөштүк" туу чокусуна жетип, Варшава келишимине кирген мамлекеттердин блогу бар эле. Аталган документте Варшава пакты менен НАТО мүчөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн күчтүүрөөк аскерий блоктун алсызыраагына кол салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу каралган, болбосо кесепети өзөктүк курал колдонууга чейин жеткирмек. Мындан улам келишимде айрым куралдын түрү белгилүү бир сан менен чектелген болчу. Бул курал-жарак эки тарапты бөлүп турган Атлантика океанынан тартып Урал тоолору, Урал дарыясы жана Каспий деңизине чейин жайгашмак. Бул аймактагы куралдын саны да эки блокто бирдей болушу керек эле.
Келишимге ылайык, СССР өз өнөктөштөрү менен өз аймагына аскер техникасынын санын алып, анын даярдыгын текшерүү үчүн НАТО инспекторлорун киргизүүгө милдеттендирилген, стратегиялык өнөктөштүктүн өз куну болот эмеспи.
Көп өтпөй СССР да, Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн блогу да кыйрады. Мындан пайдаланып ДОВСЕге кирбеген Латвия, Литва, Эстония, алардын артынан Чехия менен Словакия, Венгрия, Румыния жана Болгария ай-буйга келбей НАТОго кошулуп кетишти.
Нытайжада келишимде көрсөтүлгөн курал-жаракка ээлик кылуу боюнча НАТО Россиядан (СССРдин мураскери катары) артыкчылык кылып озуп кетти. Түндүк атлантикалык альянс муну алешемдик деген жок, мындан улам 1999-жылы Стамбулда өткөн конференцияда Россия өзүнүн макамын калыбына келтирүү үчүн ДОВСЕге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылды. Бирок НАТОнун айрым мамлекеттери аны ратификациялоодон баш тартса, Латвия, Литва жана Эстония дегеле келишимге кошулбай турганын билдирди.
Натыйжада Россия 2007-жылы Венада ДОВСЕ мүчөлөрүн чукул чогултуп, Латвия, Литва жана Эстония кошулбаса, НАТО ээлик кылган курал Россияныкы менен теңдештирилбесе, бир катар талаптар аткарылбаса келишим маанисин жогото турганын жар салган.
Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Батыш көздөгөнүнө жетти: Россиянын коңшулары 9-майга Москвага келишти
Москва жаңы мүчөлөр менен толукталган НАТО кадимки курал-жарактын саны боюнча келишимде көрсөтүлгөн босого чектен өтүп кеткенин белгилеген. Мындан тышкары, Россиянын дооматында Прибалтика мамлекеттеринин куралдуу күчтөрү эсепке алынбай калганы, квоталар аталган келишимге мүчө мамлекеттерди көзөмөлдөөгө уруксат бергени менен Москва аны жасай албай кыйла ыңгайсыз позицияда турганы камтылган. Буга кошумча, Россия ДОВСЕнин бухгалтериясында АКШнын Болгария менен Румыниядагы аскер базаларындагы куралдарды да эске алууну талап кылган.
Эки өлкөдөгү базаларды эсепке алууга болбой турганын, алар бүгүн бар да, эртең жок экенин жүйө келтирип АКШ буга катуу таарынган. Албетте, бул АКШнын көп калпынын бири эле, кийинчерээк АКШнын Румыния жана Болгария менен түзгөн келишимдери ачыкка чыкты, анда базалар туруктуу негизде ачылганы так көрсөтүлүп турат.
Нааразычылыгына оң жооп ала албаган Россия 2007-жылы "НАТО Адаптация тууралуу макулдашууну ратификациялап, аны абийирдүүлүк менен аткармайынча" деп ДОВСЕнин аткарылышына мораторий жарыялап салды. Ал эми 2015-жылдан тарта биргелешкен консультациялардан биротоло баш тарткан. Бирок АКШ Мамлекеттик департаментинин 2022-жылга карата ДОВСЕ боюнча берген отчетунда эрежени дал Россия бузуп, "АКШ менен НАТОнун дипломатиялык аракетине карабастан Россия талаптарды аткарбай, кооптуу кырдаалды жаратып койгону" айтылат.
Батыштагылар дал ушул Россия белгилүү бир мөөнөткө чейин ДОВСЕ боюнча милдеттеринин баарын кылдат аткарып келгенин, өз флангдары жылаңач калган Чеченстандагы согуш учурунда да убадага бекем турганын негедир унутуп калышкан.
Кандай болгон күндө да РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров айткандай, Москва бул "театр оюнуна" катышпайт, ушу тапта Россия трагикомедиянын финалына жакындап калган маал.
Албетте, буга Батыш кол алдындагылар менен тынчсыздануусун билдирип, Россия "Европа коопсуздугунун архитектурасын бузуп жатат" деп кейип, ызы-чуу түшөрү турулуу. Оңдой берди болуп ЛГБТнын куугунтукка алынганы да сынга алынат.
Бирок Россиядагылар деле тамга тааныйт да, аздыр-көптүр сабаты жоюлган, НАТОнун "Россия Федерациясы аяльнстын, жалпы дүйнөнүн коопсуздугуна, евроатлантикалык аймактагы туруктуулукка коркунуч жараткан өлкө" деп жазылган манифестин улам алып чыгып окуп койгонго кудурети жетет.
НАТО үчүн Россия — кадимкидей эле согушуп жаткан эң башкы, түз душманы.
Мындай жагдайда каршылашкан тарап менен кол коюла турган жалгыз документ — бул анын капитуляциясы тууралуу келишим.
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Путин: Батыш чатак, төңкөрүштөрдү козутуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0