Алмамбет менен Чубактын Макел дөөнү жеңиши. Улуу баяндан 6 факт

© Фото / Теодор ГерценМанас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив
Манас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Өткөн баянда Манас, Алмамбет, Чубак менен Сыргактын колдун алдына түшүп Бээжиндин чет-жакасын көргөн учуру айтылган.
Макел дөөнүн Коңурбайга келиши. Казатка катуу камынып, алты жүз миң аскери жарданып, оң жагына отуз алты дуу-дуусун коюп, алтындуу жыга бөркүн кийип, алтын тагынан түшпөчүдөй болуп бекем минип, Коңурбай отурган эле уруш самап. Ошол кезде Эр Коңурдун кан сарайын элебей, ойротту бузган оңбогурду киши катары санабай Макел дөө келе жатты. Алыстан эле "Коңурбайың кайсы" деп кыйкырып жатканда улуксунган Эр Коңур учуп-күйүп алдынан тосуп чыкты да, таазим кылып бүгүлүп, туруп калды жүгүнүп. Анан айтат Макел дөө: "Бу Коңурбай сен адам болбой азыр өлгүн, Коңурбай болбой комур бол, калдай болбой катып кал, кара жерге жатып кал! Манастан неге коркосуң, мага аны көргөзчү, байлайын барып жеке эле, көрө элегин көргөзүп, көз алдыңда алайын, бүтүлүү тоо болсо да көмө чаап салайын!" Муну угуп Коңурбай Манасты сайган найза тешпегенин, чапкан кылыч кеспегенин, мылтык атса ок өтпөсүн, отко жакса чок өтпөстүгүн айтып, ал нече жүз миң кол менен келип калганын кабарлайт шашкалактап. Манасты баш кылып кыргыз менен казактын – жалпы түрк уулдарынын кылымдан чыккан кыярлары, ааламдан чыккан аярлары, өлүмүн билбей иш кылган өнөрмандары келе жатканын айтып, Манастын дөөлөт кушу башында, кырк нөөкөрү кашында деп келип, бир-эки күн туруп турсаңыз, келип калар дейт жалдырай.
Макелдин ачуу менен айтканы. Коң төрөнүн Манасты зор дегенине башканы эмне кор дейсиңби деп, "Манасың тирүү тутайын, көрсөтүп туруп көзүңө, дайындап туруп өзүңө, экөөңдү бирдей жутайын, мактап турган Манасың барып кармап келейин, таанытып туруп өзүңө, жазаңды анан берейин, талпагын ташка керейин!" деп ооздон отун буркуратты, көзүнөн жалынын шыркыратты, жазгы күндөй күркүрөдү. Ошентип Макел-Малгун күрсүсүн башынан айланта күүлөп, Коңурбайды чаап ийе тургандай айкырды. Коң төрө ийилип ага таазим кылганда, булардын салтында таазим кылган адамга кол көтөрбөйт эле, күрсүсүн жерге коюп, жанчыкка колун салып, канжасын сууруп алып тамеки салды эле, аз болуп калды, дагы салды, анан жолум үйдөй куу койду. Жолу каткыр бул желмогуз канжасын бир сорду, ичинен түтүн чыкпады, канжасынын ичи кызыл чок, кашында киши калган жок, бир гана Кан Коңур турду кылтыйып, катып калган жыгачтай, каршы алдында зыңкыйып. Макел дөө коё берди түтүнүн коркуратып кекирип, оозунан чыгып түтүнү, орчун шаар Туңшанын бирин-бири көрө албай, адашты калаа бүтүнү. Чыккан түтүн ичинде карга, таан, сагызган жүрөт, мурут менен сакалдар жүрөт. Тамекиге мас боло ачуусу бир аз тарап, Макел дөө кайда жүрөт Манас деп, караанын мага бир көрсөт, каны да жерге тамбас деп, бир башы болсо миң жандан бири да тирүү калбас деп, көрсөт мага көзүн деп, бара турган жолумдун баянын айткын өзүң деп турганда Коңурбай коркуп кетип, Күн батыш жакка кол жаңсады. Коңурбайдын сарайынан Макел дөө күркүрөп жолго чыкты.
Манас эпосуна картылган иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Чубактын Алмамбеттен жол талашканы. Улуу баяндан 6 факт
Алмамбет менен Чубактын "тил" кармоого чыгышы. Кечинде Манас баатыр баш болуп жигиттер аркардан тандап атышып, аркардын этин татышып, жакшы жатып, жакшы укташты. Алмамбеттин айтуусу боюнча, бул жер Күн чыгыш жагы – улуу тоо, Күн жүрүш жагы – терең коо, Күн батар жагы уч болгон, аалынып келип токтолгон Көтөлөктүн Сары-Бел, он бир жолдун ортосу, алты жолдун арасы, ар жагына караса Кентундун кенен талаасы, Бакалчысы мол эле, базарчынын жолу эле, кербенчиси мол эле, кедей-байы тыйылбас, жүргүнчүнүн жолу эле. Алмамбет берекелүү Чубак менен кошулуп барып душмандын сырын айтып берер "тил" кармап келмекчи болду. Сарала аты кындыйып, сыр найзасы зыңкыйып, Алмамбет Көктеке минип кындыйып, көк найза колдо зыңкыйып Акбалтанын Чубагы жолго чыкты. Кийгендери бадана, соот, күрөөкө. Бир белге жетип Алмамбет алмадай башын ашырып, өнө боюн жашырып, мергендердей бет менен, чекесинин чет менен ченеп келип карады. Алмамбет чыккан ошол белге жанагы Макел дөө канжасынын күлүн кагып салган экен, жолдун баарын күл бууп, адам жүрбөй калыптыр. Ошо кезде Алмамбет Кайкаңга чыгып калыптыр, мурун куру талаа эле, балакеттей бир тоосу пайда болуп алыптыр. Бу жылган тоо кайдан пайда болду экен деп турнабайы менен караса, тоо дегени дөө экен. Анын ошол турушу желкесин кырккан нар өңдүү, оозу ачылган көр өңдүү, жалгыз көзү жаркылдайт ноот обоз көл өңдүү, маңдайынын бырышы Басыра жайлоо төр өңдүү, өң-далаатын караса, өрттөнгөн кара жер өңдүү, азуу тишин карасаң, алгыр жолборс шер өңдүү, каш, кирпигин карасаң, караңгы токой чер өңдүү. Алмамбет карап турса жанагы жылган тоо таш сеңирге такалды да, күрсүсүн алып күүлөнүп, күчүн салып сеңирге күрсү урду эле, талкаланып таш кулап, чың ызгыды буркурап, он эки канат ордо үйдөй чоюнбашын колго алып, обдулуп келип урганда баркырады тоодой таш, топосу тоонун бурады, тоодой болгон сеңир таш томкорулуп урады. Ошондо эси чыккан Алмамбет Чубакка бул адамдын, адам эмес бир дөөнүн ким экенин айтты. Көрбөгөмүн, укканмын, Маңгүбаны жердеген, Сазаңшаң деген эл деген, Сазаңшандын баатыры Макел-Малгун эр деген, дөө дагы эмес, пери эмес, адамзат болгону жөнүн билер неме эмес, эңкейтип адам аларбы, аны менен алышкан аман тирүү каларбы, анын өзү жалгыз, колу жок, акылдашар эли жок, аскар тоодон кем эмес, чоңдугунун эби жок, ошого Коңурбай элчи салган го, анан ал бизге жөнөп калган го, кой, биз жогололу, кетели, жоо бөрүсү Манаска жообун айтып жетели, карап туруп нетели, кайра качып кетели, кабылан Манас баатырга кабарын айтып жетели деп шашып калат.
Акбалтанын Чубагынын кайраты. Алмамбеттин Макел дөөнү көрүп шашып калганына Чубак арданат, намыстанат. "Катыгүн, Алма, не дейсиң, качуунун камын не жейсиң, токтолуп уруш салалы, тобокел кылып алалы, ажал жетсе көрөрбүз, ант ургурдан өлөрбүз, экөөбүз өлүп калган соң, качпай өлгөн эрлер деп, жакшы аттысы саа болсун, жолдошу Чубак экен деп, сооп четинен маа болсун" деп туруп алат. Мындай сөздү угуп Алмамбет боюна кайрат жыйнайт, "эрдигиң эми билинди, көк жалым Чубак экен деп, көзүм эми жеттим деп, көптөн берки каарымды, көсөлүм, сенден кечтим деп" Алмабаш мылтыгын колго алат. Өзү аны атканда өлчөөгө найза сала көр, өчүңдү жоодон ала көр, өлбөгөн жерде кала көр деп Чубакка ортосу болот, оозу албарс, түтүнү туман, түбү ыспан, атканга тажаал, огу ажал Алмабаш мылтык октоду, көк милтени чоктоду. Чубак болсо балтыры бала белиндей, басканы кырдын желиндей, жал-куйругу бир кучак, жаадай болгон тобурчак Көктеке атын минип, мылтыгын мыктап октоду, милтесин алып чоктоду. Бир убакта Макел дөө жерге багып күңгүрөп, күңгүрөгөн добушу жашылдуу күндөй дүңгүрөп, келе жатыр кеңгиреп, мас болгон билдей зеңгиреп.
Этнофестиваль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Төрт баатырдын Кытай калааларын дүрбүдөн көрүшү. Улуу баяндан 7 факт
Алмамбеттин Макел дөөнү атышы. Макел дөөнүн келип калганын Алмамбет багып турду. Дүңгүр ээр башына, как жүрөккө мээледи, бирок ок өтпөстүр деп ойлоду, анан одурайган капырды ооздон ары атсам деп, анан мындай калса көп болсо анын бир тиши ыргып кетер деди, анан мылтыгын каңылжаар, мурунга келтирди, дагы ойлонду, мындай атсам, аткан огум төш жарып кирип кетер деп, кайра айнып, маңдайда жалгыз көздү болжоду. Чечекейдин чети деп, ак чел менен каранын аралашкан бети деп өлчөп алды. Ошол кезде Чубактын чый-пыйы чыкты, бу калмак качан атат деп акырайып турду. Бир убак кайран Алмаң ченеп турган тейинче машасын ирмеп салды, көк милтеден чок кетти, үнүнөн мурун ок жетти. Макел дөөң керигинин үстүнөн кез боюндай солк этти, ок көзүнө мылгыды, чечекейи челектей, жерди көздөй ыргыды. Ок менен кошо чечекей жерге түштү жалп этип, ээрден көтү кылтыйып, үзөңгүдөн бут тайып, эстен капыр танганы, эңгиреп токтой калганы. Акбалтанын Чубагы Көктекени чуратып, качырып кирип барып, адам экен десе, алышканы аскар тоо экен, аны көрүп айран болду. Тоо болсо да карабай кайран Чубак эр оозго найза сунду эле, Макел дөө тоо кулагандай кериктен кулап жыгылды. Ошол кезде Сарала ат менен Алмамбет салган бойдон жетти да, тигил дөө жерден башын алганча, эшик эндүү ай балта менен чыкыйга чаап өттү. Төрт аяктай калган Макелди айбалтасын тууралап Чубак чапты далыга. Макел жанынан түңүлүп, эки аягы бүгүлүп, ары-бери оонап жатканда эки баатыр биригип, элүү чакты ок атып, эптеп жатып жайлады. Алмамбет айткандай кылып Чубак аны кокус туруп кетпесин деп башын басып жагылды. Жан талашып бу капыр, оң колун серпип салды эле, оолакка Чубак кулады. Бир убак Макел дөө коркурап жатып жан берди. Башын кесип капырдын, байланып алып кетели, Манас дөөгө жетели деп башын кесип алганы Чубак айбалта менен чапса, анысы кара кушка, шилиге матырылып, кайра сууруй албай ары тартып тырактап, алы келбей сырактап, бери тартып тырактап, күчү жетпей сырактап өлбөптүр чочкоң деп айтып, Эр Чубак сүйлөп салганы. Ага Алмамбет күлдү. Экөө айбалта, кылыч алышып, аркы-терки салышып, маңдай-тескей турушуп, болжолу жок капырдын, дигерге чейин тигилип, мойну менен урушуп, дигерде башын кесишип, ууртунан тешишип өлгөнүнө эми ишенди. Макел дөөнүн башын Көктекеге байласа, байлаган жакка майышты, аттын бели ийилди. Ошол кезде айла тапкыч Алмамбет кериктин тилин билчү экен, дөөнүн башын өзүнүн керигине бир жагына баш артып, бир жагына теңдеп туруп таш артып Алмамбет айдап, Чубак жетелеп жолго түштү.
Сыргактын кубанычы. Алмамбет менен Чубакты качан тирүү адам кармап келер экен деп Сыргак карап турган тепеңдеп, жол караган саксактап. Бир убак тигилердин караанын көрүп эле Манаска келип айтты: "Кагылайын, канкорум, айланайын айкөлүм, жалгап кудай салыптыр, Алмамбет, Чубак барыптыр, соодагер чыгып астынан, сонун олжо алыптыр, байкап көрүп ар жолун, баатыр, бизге айтмакка кайра тартып калыптыр". Анан эсептеген бойдон эсепсиз олжо алып келе жатканын, кериги барын, били барын, коонубу, дарбызбы – эсеби жок чоңун артып келе жатканын айтат. Эриккенче жейли деп мактанып да иет. Анан тигилер келгенде алаңдаган Эр Сыргак коон деп туруп, башты чечип алыптыр. Анысы көтөрө албай далк этип, жерге түшүп калыптыр, жерге түшүп далк этти, эрди-башы шалп этти. Сыргак ошондо "дарбыз десем ташпы деп, баштык десем башпы деп, аргамжы десем чачпы" деп, башты оодара салыптыр, баатырсынган Эр Сыргак байкап карап алыптыр да башын гана көргөн адамын мындай деп атпайбы: ажыдаар түсү бар, эки кулач эрини, маңдайда жалгыз көзү бар, сакалы жүр сарбайып, муруту жүр арбайып, алачык үйдөй баш экен, аргамжы кылып келгени нак өзүнүн чачы экен. Сырттан Сыргак баатыры чочуп калды, кытайыңдын ар бири шу болсо, кармашкан жерде мындайлар келсе, кандай күндө калабыз, соодагери шу болсо, аскерлери кандай болот деди. Манаска карап Сыргак минтип атпайбы: "Кыркка жашың толупсуң, тууган жериң Алтайда, душмандык кылдың далайга, мына бул жаткан башты көр, башына чыккан чачты көр, оозуна бүткөн тишин көр, оңолбогон кулдардын кылып келген ишин көр, ушундай ээн журт бар деп, алып келип биздерди уруштурчу кишиң көр, уруксат бергин кетемин, урушат элем буга деп, убара болуп нетемин, укпай, билбей, бу жерге бекерге келген экенмин, кармашкан менен капырга кантип алым жетемин, кайтаргын мени, кетемин". Муну угуп Алмамбет каткырып күлүп, Макел дөөнүн таржымалын айтып берди, "Эр Сыргак, уккун сөзүмдү, эми ачайын көзүңдү, Бээжин деген – бекем жер, кытай деген – кылым эл, миңи болсо Бээжинде, бири экен деп билгиниң, жүк көтөрчү бир жолу били экен деп билгиниң бири болсо Бээжинде, өзү ушул деп билгиниң, Алмамбеттин айтуучу сөзү ушул деп билгиниң, Макел-Малгун дегендин көзү ушул деп билгиниң. Муну угуп Сыргак арсаң-арсаң күлүп, баары ушундай экен деп жүрөгү кабынан чыкканын айтты. Булардын кебин угуп аткан Манас менен Акбалтанын Чубагы унчукпай ичтен бир нерселерди ойлоп турду.
Атчан баатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Алмамбет баатырдын чалгынга Сыргакты ээрчитип жөнөшү. Улуу баяндан 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0