00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Эртең "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болотЭки жылда 122 бажычы кызматтан бошотулдуОш жана Баткен облустарында жер титирөө катталды. Алдыда кененирээк Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандарга Бишкектеги Улуттук госпиталга барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.«Ушундай трагедиялуу кырдаалда мекендештерибиздин аман калганына биз абдан кубанычтабыз.Оор учурларда куткаруу иштерине катышып, жарандарыбыздын камын көргөн боордош казак элине терең ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлер аларды транспортировка кылууга уруксат берер замат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жабыркагандарды мекенге алып келүү үчүн атайын учак жөнөтүлдү», — деп белгиледи министрдин орун басары. Байсалов ошондой эле бул авиакырсыктан жарандардын курман болгондугуна байланыштуу боордош өлкөлөргө чын жүрөктөн көңүл айтты. Ал кыйын ушундай кыйын учурларда биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара жардамдын жана колдоонун маанилүү экендигин белгиледи.
Эки жыл ичинде коррупциялык схемаларга катышкандыгы үчүн 122 бажы кызматкери кызматтан бошотулган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Бажы кызматы катарын коррупционерлерден тазалоо боюнча активдүү иш алып барууда. Ал бул аракеттердин аркасында коррупциялык схемалар толук жоюла элек болсо да, кыскарганын белгиледи. 2023-жылы мурда коррупциялык схема менен байланышы бар делген 88 кызматкер иштен бошотулган. 2024-жылы бажы органдарында 34 кызматкер бошотулду, алардын айрымдарына кылмыш иши козголгон.
Ош жана Баткен облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү саат 10:30да 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тунук айылында жана Баткен облусунун Баткен районунун Кан айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана жабыркагандар жок.
Бүгүн, 30-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 275 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 164 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 673 куб метрди түзүүдө. Муну менен катар өкмөт башчы маморгандарга калкты жаңы жылдык майрам күндөрү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. Адылбек Касымаллиев ошондой эле министрлер менен аткаминерлерге майрам күндөрү байланышта болууну тапшырды.
31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, концерттик программа 18:00дө башталып, ага россиялык ырчы Клава Кока, "Дискотека Авария" жана кыргыз эстрада жылдыздары катышат. "Бишкектин "Ала-Тоо" аянты кооздуктары, музыкасы жана көңүл көтөргөн шаңы менен майрамдык маанайдын борборуна айланат. Үй-бүлөңүз, досторуңуз менен Жаңы жылды шаарыбыздын жүрөгүндө тосууга келиңиздер", — деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.
Жаңылыктар түрмөгү
0