00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как закон о женском предпринимательстве может изменить роль женщин в экономике
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зоопарк тууралуу эмне билишибиз керек? — Кыргызстандагы жалгыз зоопарктын абалы
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Роль Глобального Севера в современном мире — беседа с экспертами
14:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как приобрести собственное жилье в ипотеку – самое важное об условиях ГИК
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
2025-жылдын 1-январынан баштап пландаштырылган транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгондугу үчүн айыптарды киргизүү 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 690 миң унаа катталган, анын 108 миң 500ү гана камсыздандырылган. Экономика жана коммерция министрлиги автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пулду 1-июлдан тарта салууну сунуштаган. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
«Айыл чарбасын каржылоо −12» долбоору боюнча 27-декабрга карата 4 млрд 850 млн 809 миң сомго 12 миң 83 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 444 насыя берилди. Банктар боюнча алганда: «Айыл Банк» ААК — 238 040 миң сомго 724 насыя; «Элдик Банк» ААК — 243 680 миң сомго 720 насыя. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4 млрд 369 млн 89 миң сомго 10 миң 966 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда: «Айыл Банк» ААК — 2 млрд 113 млн 369 миң сомго 5 210 насыя; «Элдик Банк» ААК — 2 млрд 255 млн 720 миң сомго 5 171 насыя.
Министрлер кабинети 2025-жылдагы майрам күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алды. Чечим дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылды. Беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн: 1-январдан 7-январга чейин жаңы жылдык каникулдар болот; 2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күнү; 3-январдын ордуна 24-февраль (23-февраль жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү; 6-январдын ордуна 10-март (8-март ишембиге туш келгендиктен дем алыш жылмак) жумуш күн; 2-май иш күн эмес болуп, ал 1-сентябрь (31-август жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү болот. Менчик ишканаларга ушул графикти колдонуу сунушталары кошумчаланган.
31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, концерттик программа 18:00дө башталып, ага россиялык ырчы Клава Кока, "Дискотека Авария" жана кыргыз эстрада жылдыздары катышат."Бишкектин "Ала-Тоо" аянты кооздуктары, музыкасы жана көңүл көтөргөн шаңы менен майрамдык маанайдын борборуна айланат. Үй-бүлөңүз, досторуңуз менен Жаңы жылды шаарыбыздын жүрөгүндө тосууга келиңиздер", — деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.
Жаңылыктар түрмөгү
0