АКШда болжолдонгон дефолттун эпкини Кыргызстанга да тиеби? Эксперттик көз караш

© AFP / ROBERTO SCHMIDTАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Жазылуу
Эксперттер АКШнын мамлекеттик карызы боюнча кабылышы мүмкүн делген дефолттун жалпы дүйнөгө жана негизинен Кыргызстанга кандай таасир этерин айтып беришти.
АКШ президенти Жо Байден өлкө дефолтко кабылса, анын кээрин дүйнө жүзү тарта турганын жар салды. Өлкөнүн Финансы министрлиги Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан. Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат. Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген эле.

Экономисттин көз карашы

Маалымдама
Дефолт — бул карыз боюнча милдеттемелердин мөөнөтүндө аткарылбай калышы. Карыз алган адам, компания же өлкө зайымчыга айланат. Зайым алган киши пайызын төлөбөй же акчаны толук убагында кайтарбаса дефолтко кептелет.
Экономист Айылчы Сарыбаев дефолттун болор-болбосу толугу менен АКШнын Сенатынан көз каранды экенин белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Айылчы Сарыбаев
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Экономист Айылчы Сарыбаев

"Дефолт болот же болбойт деп кесе айтуу кыйын. Эгер сенаторлор кошумча доллар басып чыгаруунун эсебинен кошумча мамлекеттик насыя алууга уруксат берсе, АКШ дефолттун мөөнөтүн гана жылдырып коёт. Өткөн жылдарды эске алсак, кыйроого жол беришпейт", — деди Сарыбаев.

Анын айтымында, бирок ага карабастан дефолт боло турган болсо андан дүйнөлүк экономика жабыр тартат.
"Бирок АКШдагы дефолттун Кыргызстанга түз таасири болбойт, анткени Америка менен эч кандай экономикалык байланышыбыз жок. Көптөн бери доллардан четтеп, эсеп-кысапта өз валютабызга өтүүгө аракет кылып келебиз. Соодабыз негизинен рубль, юань жана теңге менен жүрөт. Демек, Россия, Кытай жана Казакстан менен көбүрөөк байланышта болгонубуз үчүн АКШдагы дефолт бизге анчалык кесепетин тийгизбейт. Экономикабыздын абалы дал ушул үч өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды", — деди Сарыбаев.
Экономист дефолттун кээрин Россия менен Кытай деле көп сезе бербей турганын кошумчалады.
"Кытай, Россия, Казакстандын кайсы бир деңгээлде АКШ менен байланышы бар болчу, бирок бүгүнкү күндө аталган мамлекеттердин валюта корунда доллардан башка да валюталар бар. Доллардан башка валютага өтүү аракети 2008-жылдан бери жасалып келет. АКШ менен баалуу кагаздары көп болгон Кытай деле кырдаалдан чыгып, өтө зыян тартпайт", — деди Сарыбаев.
Европарламенттин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Европарламент Борбор Азияны жазалоо маселесин көтөрдү

Тескелген башаламандык

Маалымдама
Бреттон-Вуд системасы — акча мамилесин жана соода эсебин уюштуруучу эл аралык система. 1944-жылы жайында өткөн Бреттон-Вуд конференциясынын жыйынтыгы менен кабыл алынган. "Алтын стандартка" негизделген финансы системасынын ордуна келген. Конференция Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фонду сыяктуу уюмдарга негиз салган. 1970-жылдардан тарта Бреттон-Вуд системасын валюта жана эркин соода каралган Ямайка валюта системасы алмаштырганы менен Бреттон-Вуддагы макулдашылган финансы институттары ушу кезге чейин иштеп келет.
Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, бүгүнкү күндө эксперттердин басымдуу бөлүгү АКШда жарандык согуштун башталуу мүмкүндүгүн жана Бреттон-Вуд системасынын кыйроосун болжолдоп жатышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Саясат таануучу Марс Сариев
"Эки тизгин, бир чылбыр азыр Батыштын колунда, муну так түшүнүү керек. Антсе да Бреттон-Вуд системасы чынында эскирди, демек, дефолт — бул убакыттын иши. Маалыматтык доордо жашап жатабыз, долларды басып чыгаруу менен дүйнөнүн башын айлантам деген саясат эми жүрбөйт. Андыктан АКШ башкарыла турган кризиске билип эле бара жатат, анын натыйжасында доллар кагазга айланып калат да дүйнөлүк финансы системасынын кыйрашы менен эбегейсиз карызы жокко чыгат. Менимче, Батыш азыркы оңой эмес кырдаалдан ар кыл валюталык зоналарды түзүп чыгып кетүүнү көздөөдө", — деди саясат таануучу.
Анын айтымында, дүйнөнү валюталык зонага бөлүүнүн алдында башаламандык жаралат.
"Батыш кыйын кезеңден өтүп жаткан мезгилде калган дүйнөнү башкарыла турган башаламандыкка кептеп коёт. Планы ушундай. Бул нерсе АКШга карыз капканынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дал ушул себептен Вашингтон алаксытуу максатында тигил же бул аймакта чыр чыгарып жатат. Жакынкы Чыгыш талкаланып, жүз жыл артка кеткенине күбө болдук, Африка ызы-чуу болуп жатат, Кавказ, Борбордук Азияны козутуу аракеттери көрүлүүдө. Украинадагы согуш отун дал ушул Батыш тутантты, эми Тайвань менен Кытайды сүзүштүрмөкчү. Бирок Пекин мындай чагымчылыкка алдырбайт", — деди саясат таануучу.
Ал Батыш дээрлик жүз жылдан бери согуш чыгарууга маш болуп бүткөнүн, башка бирөөнүн отуна май чачууга жедеп көнгөнүн эскертти.
"Башаламандыктан пайдаланып, аны тескеп Батыш келечекте атаандаш болчу өлкөлөрдүн ресурсун жок кылып, тушуккан кризистерден кабагым-кашым дебей чыгып кетип жатат. Бул ирет АКШ жана жалпы англосактык дүйнө Европанын экономикасын кыйратууда, анткени аны дагы атаандаш көрөт. Улуу Британия европалык мамлекеттердин башына каран түн түшөрүн билип туруп Евробиримдиктен чыгып кетти. Дүйнөлүк кризис соңуна чыккандан кийин англосаксондук, кытайлык, евразиялык, индиялык жана Латын Америкасы менен БРИКС мамлекеттери кирген бир нече зона пайда болушу ыктымал. Ал эми европалык зона таптакыр жок болорун божомолдоого болот", — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.
Кыргызстандын желеги Нарын облусунун тоолорун фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Тоо койнундагы "аба кемеси": Кошмо Штаттар Кыргызстанды эмнеге даярдоодо?
Жаңылыктар түрмөгү
0