Тоо койнундагы "аба кемеси": Кошмо Штаттар Кыргызстанды эмнеге даярдоодо?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желеги Нарын облусунун тоолорун фонунда. Архив
Кыргызстандын желеги Нарын облусунун тоолорун фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Ар кыл даражадагы америкалык аткаминерлер Борбор Азияга байма-бай каттап калышты. Жакында эле АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу КР президенти Садыр Жапаровго жолугуп кетти. Ошондой эле америкалык каржы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг да бул жакта Россияга каршы санкцияларды талкуулоону пландоодо.
Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү өлкөлөргө жана Кыргызстанга кандай саясий сигнал берип жатканын саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
— Сиздин оюңузча, америкалык аткаминерлер чөлкөмгө кандай тымызын максаттар менен келишет?
— АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен расмий түрдө "С5 + 1" форматындагы жолугушууга катышып кеткен. Бул — Борбор Азиянын беш өлкөсү жана АКШнын кызматташуу механизми. Астанада тышкы иштер министрлери менен болгон жолугушууда кызык бир билдирүү жасалды. АКШ чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикасын колдоого 25 миллион доллар бөлүүгө даяр экен.
Америкалыктар дал ушунча каражат бөлүүгө ниеттенгени түшүнүксүз, анчейин деле чоң сумма эмес. Анткени АКШдан гранттык долбоорлор боюнча улам түшүп жүргөн каражаттар алда канча жогору эмеспи. Ошол эле кезигүүдө Россия менен кызматташууда абай болууга чакыруулар жаңырды. Мындан улам Кошмо Штаттар Борбор Азияны РФтен "ажыратып" алуу ниетин анчалык жашырышпайт деле.
© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог Шерадил Бактыгулов
Политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
— Чөлкөмдөгү максаттарын жүзөгө ашырууда Кошмо Штаттар үчүн Кыргызстан кызыгарлык "бутабы"?
— Кыргызстан АКШ өзгөчө көңүл бурган, алар кызыгарлык бир өлкө деп айтпас элем. Биздин жер АКШ стратегиясынын, тактикалык аракеттеринин алкагында. Ал эми америкалыктардын кызыкчылыктары ар түркүн — бул Арктика, Борбордук Латын Америкасы, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия жана башкалар.
— Кезегинде Кыргызстанда элчиликти аркалап кеткен Дональд Лу туурасында эмне айтууга болот? Эми ал киши мамлекеттик катчынын бүтүндөй чөлкөм боюнча жардамчылыгына чейин жетиптир.
— Ал элчи гана тургай, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси да болгон. Былтыр ал аз жерден жаңжалдын чордонунда калып кала жаздаган. Америкалык CNN телекомпаниясынын түз эфиринен Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан пакистандык дипломаттардан жашыруун каблограмма алганын, анда Дональд Лу мырза "…эгер премьер-министр Имран Ханды кызматынан түшүрүшпөсө, Пакистанды оор кесепеттер күтүп турат" деп аларды опузалаганы айтылган.
Натыйжада Имран Хан тактысынан кулатылган, эгер Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан айткан документтердин көчүрмөсү чындап эле чыкса, анда бул кырдаалда АКШ көздөгөнүнө жетүүдө кандай инструменттерди пайдаланарын элестетүүгө болот.
— АКШ каржы министринин жардамчысы Элизабет Розенбергдин Кыргызстанга сапарынан эмне күтүүгө болот?
— Менимче, Кыргызстан кайрадан Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн саясий технологияларын өрчүткөн "лаборатория" болуп калышы ыктымал. Бул сапар Батыш Кыргызстан менен Россиянын мамилесинин бекемдигин сынамакчы. Тилин албаган, Россияга каршы санкцияларды колдобогон өлкөлөрдү "такалоонун" ыкмаларын бекитет.
Ал эми Розенберг өкүлү катары келе жаткан Каржы министрлиги — АКШнын санкциялык саясатына жана анын сакталышына көз салган мекеме. Дегеле, Батыш үлкөндөрү коңшуларыбызга караганда Бишкекте каалаганын кылышкандай. Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келгенинде Россияга, кийин Кытайга карата да Европа биримдигинин санкцияларына жараша иш алпарууга "милдеттүү" экенибизди көзгө сая көрсөтүп, биздин аткаминерлерибизди ачык эле опузалаган. Ал киши Астанада да, Ташкентте да анте албайт болчу.
Казакстан Батыш үчүн ири бута экени түшүнүктүү, мунай түрүндө да ресурстары ого эле көп, анан калса буудайды да алар дал ушул республикадан импорттошот. 35 миллиондук калкы бар Өзбекстандагы туруксуздук азырынча аларга зарыл эмес. Ал эми Тажикстан соңку убакта Батыш менен аскердик тармакта кызматташтыгын өрчүтүүдө. Андыктан сынамык аракеттер үчүн жалгыз Кыргызстан калат.
Ошол эле учурда америкалык аткаминерлердин чөлкөм ичиндеги кыймылынын географиясы да кызык. Розенберг Казакстан менен Кыргызстанды, Дональд Лу Кыргызстан менен Тажикстанды кыдырат. Демек, Борбор Азияда Батыштагы ар кандай мекемелердин өкүлдөрү иштеп жатканын, бирок Бишкек кандайдыр бир кесилиш түйүнүнө айланып барат. Мындан жакшылык күтүп болбойт.
— Кыргызстанга каршы экономикалык санкциялар салынышы мүмкүнбү?
— Ушуга байланыштуу бир нерсени белгилей кетким келет, айрым маалымат каражаттары натуура маалымат берүүдө. Кыргызстан Россияга карата АКШ тарабынан киргизилген санкциялардан буйтап өтүүнү колдогон эмес. Ошол себептен бүтүндөй мамлекетке санкция салуу үчүн негиз жок.
Кошмо Штаттар эгерде кайсы бир өлкө Украинадагы атайын аскердик операцияны колдой турганын билдирсе же АКШ, Европа биримдигинин Россияга карата санкцияларын колдобосо, чектөө киргизиши мүмкүн экенин эң башынан айтып келишет.
Кыргызстан бул кырдаалда бейтарап, мыйзам же президенттин жарлыгы менен Россияга биз аркылуу санкцияларды буйтап өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү тууралуу эч кандай аракет жасалган жок.
Нааразычылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Батыштын Борбор Азияда чындап көздөгөнү эмне? Талдоо
— Бирок коммерциялык сектор бар эмеспи?..
— Ооба, Россиядагы өнөктөштөрү менен коммерциялык банктар, жеке жана юридикалык жактар соода операцияларын жүргүзөт. Алардын арасында россиялык да, россиялык жарандыкты алган мурдагы кыргызстандыктар да бар. Америкалыктар аларга карата гана үч багытта: менчик, жеке же ишканага кандайдыр бир санкцияларды сала алат. Чектөө киргизүүнүн бир шылтоосу — кыргыз жана россиялык ишкана, жарандардын ортосундагы төлөмдөрдүн доллар менен жүргүзүлүшү.
Экинчиден, КР жараны же кайсы бир компания америкалыктардын санкциялык тизмегине кирген Россияга товар жөнөткөнүндө. Соңку белгиси — кыргыз ишканасы же жараны АКШ менен Европа биримдигинин санкциялык тизмегиндеги россиялык киши же компания менен соода операцияларын жүргүзүшү. Болду! Башка эч нерсе жок. Башкача айтканда, кайсы бир санкциялар салына турган болсо, алар Россияга санкция тизмегиндеги товарды жөнөтүүгө көмөкчү болгон, АКШ менен Европа биримдигинин санкциялык тизмегиндеги жактарга кандай гана товар жөнөтпөсүн АКШнын да, Улуу Британия, Балтика өлкөлөрү жана башкалардын жарандарына да бирдей тиешелүү. Ушундай гана негиздер бар.
АКШ менен Европа биримдигинин санкциялары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылбаганын да эстен чыгарбайлы. Ошол себептен башка мамлекеттердин территориясындагылар аларды аткарууга милдеттүү эмес.
Ыктыярдуу кошулушат, өлкө кааласа жактайт, каалабаса жок. Россия Федерациясын кайсы бир санкциялык же санкция алдындагы товарлар менен жабдыган КР жарандары жана ишканалары кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Анткени Кыргызстандын территориясында АКШнын санкцияларынын юридикалык күчү жок, аткарууга милдеттүү талап коюлбайт.
— Коммерциялык банктарчы?
— Ооба, алардын абалы кыйыныраак. Баары төлөмдөр жөнүндөгү маалымат алмашуучу америкалык банктар аралык SWIFT системасына байланган. Башкы тескөөчүсү АКШда экени айкын. Кошмо Штаттардын санкциялык тизмегиндеги тигил же бул жаран, болбосо компания төлөм кабыл алып же которуп жатканы боюнча күн сайын, саат сайын АКШ Каржы министрлигине маалымат бериши ыктымал.
Биздеги банктардын көпчүлүгү, айрыкча, майда насыялоо компанияларынан баштагандар америкалык акча менен өсүп-өнүгүп, алигүнчө алардын көзөмөлүндө. Андай ишканалар АКШ жетекчилиги банк жана каржы тармагындагы киргизген чектөөлөргө баш ийип, рестрикцияларды ыктыярдуу түрдө аткарары бышык.
2022-жылга чейин Кыргызстандын банктарынын көпчүлүгү операцияларды америкалык банктар аркылуу жүргүзүп келсе, азыр доллар жана евродо Түштүк Кореянын банктары аркылуу өтүп жатат. АКШнын каржылык жөнгө салуучусу тарабынан санкция салынып калса алардын ыгын табуу үчүн кайсы бир банк кандай стратегияны карманарына кароо зарыл.
© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог Шерадил Бактыгулов
Политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
— Демек, Кошмо Штаттардагылар мындай аракеттер менен Россия жана Кыргызстандын экономикалык өз ара байланышын чабалдатууну көздөп жатышабы?
— АКШ Каржы министрлигинин сунушу алардын көз карашында иш алкагында жасалып жаткан кадыресе аракет. Биз үчүн ал абдан начар. Кыргызстанга сырттан ташылган товардын көлөмү боюнча алдыңкы сапта Кытай, андан кийинки орунда Россия турат. Экспорт жаатында да биздин башкы сатып алуучубуз – Россия Федерациясы. Былтыр ал бизден дээрлик 1 миллиард долларга сатып алган.
Ал эми Кошмо Штаттар соода түзүмүбүздө жетинчи орунда. Биз 2022-жылы Кошмо Штаттарга 4 миллион 800 миң долларга экспорттоп, бирок андан көп суммага импорттодук. Негизинен алар – компьютер менен мотоциклдер. Ал түгүл мурда айдалган америкалык автомобилдер да бизге түз эмес, Грузия, Литва жана Латвиянын рыногу аркылуу келет. Америкалыктар рынокту азыркыдан да көп каптамак, бирок океандын ары жагынан келген арзаның да кымбатка түшөт.
Бизге келип жаткан эски автомобилдер деле орточо 4 миң доллар турганын билебиз, бирок бизге келгенде 12 миңге чыгат. Бул соода гана. Ал эми биздин миграциялык толкунду кабыл алуучу өлкө болгон Россияны Кыргызстандын энергетикалык секторунда кантип алмаштыра алабыз? Өтө кыйын. Анан да кыргыздарды бала чагынан ата-бабалар азыркы Россия Федерациясынын аймагындагы Енисейден келген деп кулактарына куюп чоңойтушат. Мындай маданий-тарыхый байланыштарды кантип үзүп коюуга болот?
— Америкалык бийлик Кыргызстанды ушуга даярдап жатабы?
— Аларга Кыргызстанды Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн үстүнө көтөрүлө турган АКШнын тоо койнундагы "аба кемеси" катары кароо пикири майдай жагат. Бул Кытай үчүн да, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия үчүн да коркунуч туудурат. Анан калса мындай планды ишке ашырууга анчалык көп деле акчанын кереги жок. "Манас" авиабазасы бар эле го. Аларда биздин санарип картабыз бар, навигация аныкталып, казармалар сакталган, жабдуу маршруттары да салынган.
Болгону Бишкекке чейин ыраак, бирок Кыргызстандын саясий жана экономикалык векторун Россиядан буруп кете алса, бул – Кошмо Штаттар моюн суна турган тек гана техникалык жагдай.
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Шойгу: РФ Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларында аскердик даярдыкты күчөтүүдө
Орус тил сабагындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Кыргызстанды Россиядан ажыратуу аракети. Латын арибине өтүү тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0