00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Религия в Китае: что разрешено и как работает государственный контроль
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Десятиклассники из КР создали приложение о том, как школа влияет на психику
16:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Санариптешүү доорунда жакындарга кантип сапаттуу көңүл бура алабыз?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Көлөкө»: кыз-жигит мамилесиндеги кооптуу чек кайда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чабандардын сыйына бөлөнгөн киночулар. "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Океевых
Солдон оңду карай: Назирет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, актриса Бүбүсара Рыскулова, СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев жана бала-бакырасы менен отурган чабандардын сүрөтү 1965-жылы Суусамырда тартылган.
Ал жылдары Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетин бүтүп жаткан жаш режиссер Төлөмүш Океев 1965-жылы дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасын тартууга киришкен.
Ошол кезеңди кинофильмде кичинекей Калыктын образын жараткан Назирет Дубашев мындайча эскерет:
"Мен "Бакайдын жайытында" чоң ата, чоң апасына шаардан барган небересинин ролун аткаргам. Ата-энем мал баккандыктан биз да жайлоого чыгып, боз үйдө жашачубуз. Ошондуктан ал образды ойноо кыйынчылык деле жараткан эмес. Ал кезде Советбек Жумадылов, Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова өңдүү улуу залкарлар менен иштешип калганыма сыймыктанам. Чыгармачыл топ эки боз үйдө жашачубуз. Анын айланасында үч-төрт жылкычынын чатыры бар болчу. Биз алардыкына кымыз ичкени көп барчубуз, ал жерден киши үзүлчү эмес. Анан Муратбек Рыскулов өңдүү кыргыздын атактуу инсандарын жергиликтүүлөр, колхоздун башчылары козу союп конокко көп чакырышчу, ал киши барган жерге биз да ээрчип алчубуз. Ал убакта Рыскуловду бүт республика таанычу", — деди Дубашев.
Аталган кинокартинаны чет элдик сынчылар жогору баалап, жаш Океевге бүткүл союздук жана дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Эмгек Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татып, советтик 100 мыкты кинонун катарына кирген.
Тема боюнча:
Ысык-Көлдүн шамалынан коргологон киночулар. "Уландагы" таберик сүрөт
Юрий Гагарин, Самара Токтакунова, Екатерина Фурцева. 62 жыл мурунку таберик сүрөт
"Курманбек" операсынын багын ачкан жылдыздар. Таберик сүрөт
Актан Арым Кубат менен Хасан Кыдыралиевдин тандеми. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0