00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Интроверттер жана экстраверттер. Азыркы коомдо кимиси мыкты лидер боло алат?
15:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинанын Артемовскини жоготуусу түккө турбайт деп эсептегенин айтууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАртёмовскидеги талкаланган үйлөр
Артёмовскидеги талкаланган үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
Владимир Зеленский шаар символикалык мааниге ээ экендигин, калааны алдырып жиберүү украиналыктардын ындынын өчүрүп, жылдызын жерге түшүрөрүн айткан.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. АКШ Артемовск (украиналык аталышы — Бахмут) стратегиялык өтө олуттуу мааниге ээ болбогондуктан Киевдин аны Россияга алдырып жибериши чатактын жалпы жүрүшүн касташкан тараптын пайдасына өзгөртпөйт деп эсептейт. Бул туурасында АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин оор кармаштар жүрүп жаткан Артемовск стратегиялык эмес, символикалык мааниге ээ экендигин айткан эле. Кийинчерээк украиналык аскердик күчтөргө башкы командачылык кылган Валерий Залужный Артемовскиде украиналык позицияны мындан ары бекемдеп, коргонуу операцияларын улантууну айткан. Аны менен катар эле шаарды кармап туруу Украинанын бардык фронт боюнча коргонуусундагы маанилүү учур экендигин белгилеген.
"Бахмутту (Артемовск - ред.) алуу согуштун жүрүшүн Россиянын пайдасына карата өзгөртүп деле жибербейт", — деген ал ЖМКларга берген брифингинде.
Кирби Артемовск россиялык күчтөр жасаган "азганактай гана ийгиликтүү нерсе" экендигин, бирок шаар өзү чыдап туруп берип жатат деген маанайдагы пикирин кошумчалаган.
Артёмовск (революцияга чейинки мезгилге чейин Украинада шаарды расмий түрдө Бахмут деп атап келишкен) Горловка шаарынан түндүктү көздөй кеткен жерде жайгашкан. Донбасстагы украин аскерлерин жабдуу үчүн маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Шаар үчүн жарым жылдан бери аёосуз согуш жүрүп келет.
Буга чейин Washington Post америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып Киев Артемовскини коргоо үчүн бир топ эле каражат короторун жазган эле. Андагы маалыматтарга караганда, Владимир Зеленский шаар символикалык мааниге ээ экендигин, калааны алдырып жиберүү украиналыктардын ындынын өчүрүп, жылдызын жерге түшүрөрүн айткан.
Россия Украина боюнча атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Россия лидери Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Мамлекет башчынын айтымында, атайын операция — аргасыздан жасалган нерсе. Путин Россияга "коопсуздук жаатында башка жол менен реакция кыла тургандай мүмкүнчүлүк калтырышпагандыгын" белгилеген.
Ал Россия НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча кепке келүүгө 30 жылдан бери аракет кылып келе жаткандыгын айткан. Бирок буга жооп катары жанын жеген калпычылык же коркутуп-үркүтүү же басым жасоого кылынган аракетке күбө болуп келе жаткандыгын кошумчалаган. Ал арада альянс Москванын нааразылыгына карабай масштабын кеңейтип, РФтин чек араларына жакындап келе жатат.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина "контрчабуулунун" үч сценарийи. Артемовскидеги кырдаал
Жаңылыктар түрмөгү
0