Жаркын жашообу же колониябы? Евробиримдикке кирчү постсоветтик өлкөлөрдү эмне күтөт

© AP Photo / Kirsty WigglesworthЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Вадим Павлов, Sputnik
Брюссель Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринен ЕБге кирер алдында экономикасын реформалап, стандартка келтирүүнү талап кылат.
Ушул жумада Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Брюсселде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугуп, өлкө айтылган сунуштардын басымдуу бөлүгүн аткарганын, демек, 2023-жылдын соңуна чейин Евробиримдик мүчөлүгүнө талапкер болууга татыганын билдирди. Ал эми 5-10 жылдын аралыгында республика тийиштүү реформаларды жасап, чыныгы европалык мамлекетке айланып, "европалык бүлөнүн" толук кандуу мүчөсү болууга шарт түзүлөт.
Ушундай эле билдирүүлөрдү Молдованын бийлик адамдары да жасап жатышат. Өлкө парламентинин спикери Игорь Гросу бийлик жыл аягына чейин Молдованын ЕБге кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынат деп үмүт артып жатканын айткан эле. Ал эми республиканын президенти Майа Санду бир ай мурун Евробиримдикке кирүү мөөнөтүн 2023-жыл деп белгилеген.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль булардан да өтүп январдын соңунда өлкө эки жылдын ичинде Евробиримдиктин толук кандуу мүчөсү болот деген бекем ишенимде.
Бул үчилтик ушу тапта ЕБге мүчө болууга абдан ынтызар, бирок кабыл алынгандан кийин экономикасы кандай зыянга учурарын көз жаздымда калтырышууда. Маселе анча орчундуу эместей сүйлөп жатышат.
Кантсе да социалисттик блокто болуп, азыр Евробиримдиктин курамындагы батыш европалык державалардын колониясына айланган Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин кейси аталган үч мамлекетти жок эле дегенде бир ойлондурушу керек эле.

Куру кыялга жетеленген Польшанын мисалы

Евробиримдикке киргенден кийин өлкөнүн экономикалык келечеги кандай болот деген суроого үчилтиктин бири Украина Польша жакты көрсөтүп келет.
Бир чети туурадай сезилет, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Евробиримдикке киргенге чейин Польшанын ИДПсы (2003-жылдын эсеби) 217,8 миллиард доллар эле, ал эми 19 жылдан кийин (2022-жылдын эсеби) 679,4 миллиард долларды түздү. Үч эсеге же 400 миллиард доллардан ашык өсүү, болгондо да жылыш туруктуу болуп келди.
Бирок бул жерде АКШ менен Евробиримдик 1980-жылдардын соңунан тарта Польшага түз инвестиция жана дотация катары да, займ иретинде да 200 миллиард доллар жана евро салганын эстен чыгарбайлы. Мындай кадам өлкөнү Европанын чыгышындагы "күч борборуна" айландыруу үчүн жасалган.
Океандын ары жагындагы ири колдоочусуна таянып Польша башынан баштап эле ЕБге кабыл алуу боюнча катаал позицияны карманып келди. Бул АКШга Польшаны Европанын "тизгинин тартып" туруучу курал катары пайдаланууга жакшы шарт түзөт.
Республика өзүнүн жаркын келечеги үчүн 15 жыл тынбай күрөшүп келди. Акыры бир катар артыкчылыктарга жетишти, алсак, башка постсоциалисттик өнөктөштөрүнө караганда айыл чарба менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган ири дотацияга ээ болду. Мындан тышкары, ушу кезге чейин евронун пайдасы үчүн улуттук валютасынан (польша злотыйы) баш тарта элек. Баш тартаары да күмөн.

Брюссель Тбилиси, Кишинев жана Киевге да ушинтип боор тартабы?

Украинанын экс-президенти Виктор Янукович 2013-жылы ЕБге кошулуу макулдашуусунун шартын жакшыртууга аракет кылган. Мисалы, эгер макулдашууга кол коюлуп калса Киевдин РФ жана КМШнын башка өлкөлөрү менен соодасы начарламак, ошол кездеги өлкө башчы анын ордун компенсация менен толтурууну көздөгөн эле. Бирок мындай "өзүм билемдик" мамлекеттик төңкөрүш менен аяктап, өлкө кыйрады. Натыйжада Киев ЕБге иши кылса кирүүгө макул болчу абалга жетти.
Грузиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча окуя да бир мисал. Евробиримдик эгер документ кабыл алынчу болсо Тбилиси үчүн ЕБге эшик биротоло жабыларын ачык эле айтты.
Аталган үч мамлекет үчүн өз алдынчалуулук, улуттук кызыкчылык дегендер эске алынбай турганы айдан ачык, Брюссель булар менен тең ата болуп сүйлөшпөйт.
Эгер ЕБге кирсе Киев, Кишинев менен Тбилисини "колониялар үчүн колония" болору күтүп тургандай.
© SputnikСамые бедные страны Европы
Самые бедные страны Европы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Грузия, Молдова, Украинанын арзан жумушчу күчү "жаркын жашоо издеп" Греция/Түркияга, Румыния менен Польшага жөнөөрү бышык. Брюссель жардам иретинде бир нече өнөр жай ачып бериши мүмкүн.
ЕБдин чет жакасындагылар жогоруда аталган постсоветтик өлкөлөрдөн эмгек ресурсунун чыгарылышы менен экономикасын өстүрүп жаткан чакта айтылуу үчилтик деградацияга кептелип, өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн биротоло кол жууйт.

Өз алдынчалуулуктун куну

Брюссель Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринен ЕБге кирер алдында экономикасын реформалап, стандартка келтирүүнү талап кылат. Бул жаңы мүчөлөрдү бирдиктүү европа рыногундагы атаандаштыкка шайкеш келтирүү максатында деп жасалып келет.
Бирок "Чыгыш блокко" кирген мамлекеттер Батыш Европа менен тең ата атаандаша алган жок. Экономиканы социалисттик нуктан буруунун кесепети бир топ эле оор болуп, натыйжада өндүрүш алсырады.
Алсак, ЕБге мүчө болор алдында Венгрияда Европада ири өндүрүшчү болгон "Икарус" жабылды, ал эми айыл чарба кыйла начарлады. Ушу тапта Венгрияда Mercedes, Volvo үлгүсүндөгү автобустар көбөйүп, өзүнүн азык-түлүк муктаждыгын 130 пайызга чейин камсыздаган рынокто ЕБдин ири өлкөлөрүнүн эт, сүт азыктары, жашылча-жемиши басымдуулук кылып келет.
РФ Илимдер академиясынын Экономика институтунун илимий кызматкерлери Венгриянын ЕБге кошулушу ишканалардын ондон бир бөлүгүнө гана оң таасир эткенин эсептеп чыгышкан. Бул компаниялар ЕБдин бирдиктүү рыногунун артыкчылыгын пайдалана алышкан. Калган ишканалар кризиске кептелди. Венгриянын ИДПсында чет элдик компаниялардын үлүшү 2016-жылдан бери 50 пайыздан көп (коопсуз чек — 30%), ал эми айрым тармактарды толугу менен чет элдиктер тескеп калган.
Соцлагердин баарын айыл чарба продукциясы менен камсыздап турган Болгарияда аталган товардын 90 пайызы бүгүн четтен ташылат, ал эми жергиликтүү өндүрүш кыйроого учураган. Экспорт тууралуу кеп да жок.
Украиналык аскер кызматкерлер танк менен барып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылган жардамдын 98 пайызын берди
СССРден Европадагы эң ири делген балык уулоочу флотту мурастап калган Литва ЕБге кирерде балык уулоого квота алып, флотту металлоломго жөнөттү. Латвия менен Эстониянын да кейпи ушу. Балык уулоого киргизилген чектөөлөр үчүн төлөнгөн компенсация тармакты сактап кала алган жок.
Борбордук жана Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү ЕБдин СССР куруп берген АЭСтерин жабуу талабына баш ийүүгө аргасыз болду.
ЕБдин талабынан улам Вильнюс электр энергиясы менен Литваны эле эмес коңшу мамлекеттерди да камсыздап келген Игналина АЭСинин ишин токтоткон. Эми өлкө экспортёрдон импортёрго айланып калды.
Качандыр бир кезде Балканда Албания, Греция, Македония, Румыния, Сербия менен Түркияны электр кубаты менен камсыздаган Болгария ЕБге кирери менен "Козлодуй" АЭСиндеги алты энергоблоктун төртөөнү иштен чыгарды.
Словакия да ошол эле себеп менен (ЕБ талабы) Ясловск-Богуницадагы V-1 АЭСин жабууга аргасыз болду.
Ошентип Евробиримдик Литва, Болгария жана Словакиянын экономикалык жактан өз алдынча өнүгүүсүнө бөгөт коюп, Брюсселге көз каранды кылып койду. Станциялардын жабылышын компенсациялап ЕБ анча-мынча акча берген болду.
Мындай жагдай Борбордук жана Чыгыш Европанын бардык өлкөлөрүндө ар кыл тармагында кездешет.
"Экспансиясын жайылтуу үчүн Евробиримдиктин социалдык-экономикалык багыты "борбор — периферия" принцибинде түзүлгөн. Бул экономикалык жактан күчтүү 9 мамлекетке Европанын чет-жакасында жайгашкан 18 өлкөсүнө үстөмдүк кылууга жол ачат. Перифериядагы мамлекеттер өз суверенитетинин кайсы бир үлүшүн финансылык дотацияга алмашып салган", — деди РФ өкмөтүнө караган Финансы университетинин Глобалдуу изилдөөлөр институтунун илимий жетекчиси Александр Ильинский.
© SputnikДотации фондов ЕС странам Центральной и Восточной Европы
Дотации фондов ЕС странам Центральной и Восточной Европы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023

Жашоону узартуучу дотациялык ийне

ЕБ перифериясы азыр биримдиктин дотациясында отурат. Уюмдун саясаты аймактын кайсы бир деңгээлде экономикалык өнүгүүсүн шарттап, өз алдынча кетүү мүмкүнчүлүктөрүн түп тамырынан бери жок кылууда.
Албетте, Евробиримдикке кирген "Чыгыш блогунун" мурунку мүчөлөрү уюмга кошулуп жатып пайдасын да көрдү. Алардын арасында ары-бери эркин жүрүү, Батыш Европанын эмгек рыногунун жеткиликтүүлүгү, чет жактан билим алуу, жаңы финансылык жана соода түйүндөрүнүн пайда болушу сыяктуу артыкчылыктар бар.
Бирок экономикасы чабал өлкө интеграциялык тутуму күчтүү уюмга мүчө болуп киргенден кийин Биримдиктин алдуу-күчтүү мүчөлөрүнө көз каранды болуп каларын унутпоо керек.
Евробиримдик — кыйналып-кысталгандар үчүн чындап керемет жер. Мурунку соцблокко кирген тигил же бул мамлекеттин ЕБге кошулгандан кийин экономикасы өсүп-өрчүп жатканын байма-бай угуп калабыз. Бирок эмнегедир бул өлкөлөр ушу кезге чейин бюджет дефицитин жөнгө сала албай (чыгаша кирешеден ашкан учур), маселе Евробиримдиктин структуралык фонддорунун субсидияларынын, Брюсселдин болгон-бүткөн дотациясынын эсебинен чечилип келет.
ЕБдин Борбордук жана Чыгыш Европага көрсөткөн ири финансылык колдоосун көздөн өткөрсөк, бул мамлекеттер мындан ары өз алдынча өнүгө албастыгына, дотацияны азайта албастыгына күбө болобуз. Ал эми аталган дотация донор мамлекеттердин, башкача айтканда, ЕБдин өнүккөн өлкөлөрүнө жүктөлүп келет. Булар Евробиримдиктин орток бюджетине алганга караганда көбүрөөк акча салышат.
© SputnikКак формируется и реализуется бюджет Евросоюза
Как формируется и реализуется бюджет Евросоюза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
"Ири донор болуп Германия эсептелет, бирок бул жардамдан көп нерсе ала турган дагы Германия. Көрсөткөн колдоосунун эсебинен Берлин өз продукциясына суроо-талаптын жогору болушун шарттап келет", — деди Социалдык-экономикалык изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Алексей Зубец.
© SputnikСтраны с наименьшим уровнем взносов в бюджет Евросоюза
Страны с наименьшим уровнем взносов в бюджет Евросоюза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Башкача айтканда, Евробиримдикте эмгекти бөлүштүрүү системасы жакшы иштейт дейт эксперт. "27 мамлекеттин ичинен 5-7си өнөр жай өлкөлөрү болуп саналат, калганы арзан адам ресурсу, сырьё менен камсыздайт", — деди ал.
Чынында эле Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин эли барган сайын азайып, баалуу кадрлар менен студенттер массалык түрдө Батышка агылууда.
"Европадагы демографиялык тенденциялар ЕБдин перифериясы менен постсоветтик мамлекеттерден адам ресурсун талап кылууда, — дейт Александр Ильинский. — Европада чарбанын үчтөн бир бөлүгү жалгыз жашаган адамдардын мойнунда. Жашоонун узарышы жана калктын кескин карып бара жатышынан улам эмгек рыногу кыйрап, социалдык камсыздоо системасы үчүн олуттуу көйгөйлөрдү шарттап жатат. Демек, Борбордук жана Чыгыш Европадан эмгекке жарамдуу калктын массалык агымы уланат".
© SputnikКак менялась численность населения стран ЦВЕ* после вступления в ЕС
Как менялась численность населения стран ЦВЕ* после вступления в ЕС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Бюджет жана адам ресурсу боюнча мурдагы еврокомиссар Гюнтер Эттингер бай өлкөлөр орток рыноктон жакыр мамлекеттерге караганда көбүрөөк пайда көрөрүн, анткени, алардын "Рига, Таллин, Любляного" деп бюджетке салган акчасына тигилер "Германия менен Голландиядан" жабдуу жана өнөр жай продукциясын сатып алып жатканын айткан. Башка жол жок. Жергиликтүү өндүрүш ЕБ алкагындагы "атаандаштыкка" туруштук бере алган эмес, компаниялар ишин токтотуп же жаңы пайда болгон "өнөктөштөрүнө" сатылып кеткен.
Мындан периферияны сыгып алган борбор эле утушта болуп келүүдө. Борбор перифериясыз жашап кете алса, периферия азыр борборсуз күн кечире алары өтө эле күмөн.
"Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү дотациясыз калды дейли. Бул олуттуу экономикалык кризиске кептейт, жашоо деңгээли начарлап, жакырлануу башталат, андан соң калктын активдүү бөлүгү Германия, Франция сыяктуу жумуш бар өлкөлөргө ооп кетет. Калганы бармагын соруп отура берет", — деди Зубец.
Периферия учурда жыргап жаткан жок. Дотациядагы өлкөлөргө финансылык жардамды кыскартуу керектиги, ирденип кетүүсүнө бул убакыт аралыгында жетишерлик каражат бөлүнүп келгени тууралуу азыр жогорку деңгээлде айтыла баштады.
"Дотациядагы мамлекеттерге финансылык жардам кыскара турган учур келди. Анткени донор өлкөлөрдүн ресурсу чексиз эмес, — дейт Александр Зубец. — Жардамды азайтууга себеп көп, буга моюнга минип отургандардан тажоо, жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышы (экономикалык абалдын кыйындашы) жана дотациядагы мамлекеттердин Европанын өнөр жай өлкөлөрүнө кастыгы (Польшанын Германиядан репарация талап кылышы), аларды тышкы буюртмачы аркылуу кысымга алуу (Польша ачык эле АКШдан колдоо сурап кайрылууда) да кирет".
Эксперттин айтымында, мындай шартта перифериянын каалоосун ишке ашырууга, алсак, ошол эле Германиянын, эч кандай ниети жок. "Анын үстүнө буга чейин болуп келген мүмкүнчүлүктөр да кескин кыскарды. Андыктан дотацияны кыскартуу акыры боло турган иш", — деген пикирде Зубец.
© SputnikЕвросоюз: доноры и иждивенцы
Евросоюз: доноры и иждивенцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Демек, мунун баарынан экономикасы чабал өлкөлөр Евробиримдик сыяктуу интеграциялык уюмдарга кирип жатып, экономикасы күчтүү мамлекеттерге бардык жагынан көз каранды болуп калат деген жыйынтык чыгарууга болот. "Алсыздар" менен "күчтүүлөр" тең каралат деген Брюсселдин убадасы эч качан аткарылган эмес, ортодогу ажырым барган сайын чоңоюуда.

Кесепет

"Эгер Грузия, Молдова же Украина качандыр бир кезде Евробиримдикке кире турган болсо, үчөөнү тең Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин тагдыры күтүп турат, — дейт Алексей Зубец. — Бир жагынан бул экономиканы эптеп кармап турууга финансылык жардам катары кабыл алынса, экинчи жагынан өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө кошунду болуп калмакчы".
Үч мамлекеттин ЕБге кошуларынан күмөн санаган эксперт аларды уюм ичинде эч ким күтпөгөнүнө токтолгон. "Бирок кошулуп кала турган болсо арзан жумушчу күч катары гана кире алат. Грузия, Молдова жана Украина жарандары ЕБге кирген соң уюм аймагында иштөөгө укук алат. Башкача айтканда, кара жумуштун баарын жасаган ит бекер күч болот", — деди Зубец.
Постсоветтик өлкөлөр үлгү туткан Польшанын евроинтеграциясы деле шумдук болуп кеткен жок. 2023-жылдын февралында Еврокомиссия Варшавага каршы иш козголгонун билдирди. Буга Польшанын Конституциялык сотунун польшалык конституция европалык укуктан жогору турат деген чечими себеп болгон.
Эксперттердин баамында, бул окуя Варшавага каршы финансылык санкцияларды шартташы мүмкүн. Ал эми Варшава ушу тапта өлкөдөгү соттор ишинин режими боюнча ЕБ сотунун чечимин аткарбаганы үчүн күнүнө 1 миллион евро каралган айып төлөшү керек. 2021-жылдын ноябрынан берки акча 450 миллион еврону чапчыды, анын кайсы бир суммасы Варшава ала турган дотациядан кемитилет.
Rzeczpospolita басылмасы 2021-жылы эле эгер европалык колдоо токтой турган болсо дүйнө картасынан жок болуп кетпесе да элдин жашоосу кыйла начарлап, Польша ЕБдин эң жакыр мамлекетине айлана турганын эсептеп чыккан.
Башкача айтканда, ЕБ анча-мынча өз алдынчалуулугун сактап калды деген Польшаны да дотацияга отургузган, бул жагдай Варшава кандай саясат жүргүзүшү керектигин айтып-деп турганга мыкты курал болуп берет.
Брюссель кечээ жакында эле көп жактыра бербеген Венгрияга берчү 22 миллиард долларын "тоңдуруп" койду. Акча качан гана Будапешт "демократиялык реформаларга кайтып, сот системасынын көз карандысыздыгы, академиялык эркиндик жана ЛГБТ укугуна байланышкан талаптарды аткарганда" гана берилмекчи.
"Чыгышты баккан" саясатынан арылып жаткан ЕБ мурунку соцблокко кирген мамлекеттерди кучагына алып жиберери күмөн. Ал эми ушу тапта уюмга кошулууга жан үрөп жаткан мамлекеттер такыр эле көңүл сыртында калчудай.
Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Батыш башкаларга жакпаган себебин аңдай баштады… Ой толгоо
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш үстөмдүгүн сактоо үчүн согуштун кийинки этабына даярданууда
Жаңылыктар түрмөгү
0