Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдочу. Архив
Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Спорттук мелдештер 7-майда башталып, 14-майга чейин уланат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирмеге ылайык, чемпионат 7-майда башталып 14-майга чейин уланат.
Дохага бара турган спортчулар:
Ханболот Ырысбеков — 60 кг;
Кубанычбек Айбек уулу — 66 кг;
Чыңгызхан Сагыналиев — 73 кг;
Эртур Турдубаев — 73 кг;
Асад Масабиров — 81 кг;
Эрлан Шеров — 90 кг.
Курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладнов, башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында чыгат.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Акжол Махмудов Роман Власовду утуп алды
Жаңылыктар түрмөгү
0