АКШда Трамптын камалганынын чыныгы себебин айтышты

© AP Photo / Ron JohnsonАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Карлсон эгерде дыкаттык менен карай келгенде кеп "Трампты 34 ирет күнөөлөгөн" бир эле кылмыш туурасында жүрүп жаткандыгын белгилеген.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трампты Жозеф Байденге алдыдагы шайлоодо атаандаш болгону үчүн камашты. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсонго шилтеме кылып жазды.
"Манхэттендин сотунун имаратында эмне болгону көрүнүп турат. Бул демократтар үчүн да айкын. Трамп алдыдагы президенттик шайлоодо Жозеф Байденге атаандаш болууга чакырык таштаганы үчүн кылмыш ишке чалынып жатат. Чындыгында мунун баары жөн эле нерсе. Эгерде Трамп 2020-жылы отставкага кетип калса, бүгүн ага күнөө тагылат беле? Албетте, жок", — деген алып баруучу.
Ал экс-президенттин камалышын "АКШнын тарыхында шайлоого ачык киришкен" окуя деп атады. Журналист, мындан сырткары, Трампка күнөө 34 пункт менен тагылгандыгын, эгерде аны дыкаттык менен карай келгенде кеп "Трампты 34 ирет күнөөлөгөн" бир эле кылмыш туурасында жүрүп жаткандыгын белгилеген.
Эске салсак, 2023-жылдын 4-апрелинде экс-президентке эки аялга (анын ичинде унчукпаш үчүн порноактриса Сторми Дэниэлске берилген каражат бар) акча төлөп берип документтерди жасалмалаган деп 34 күнөө тагылган.
Манхэттендин прокурору Элвин Брэгг айыпталып жаткан Трамп жана анын шериктери 2015-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн негативдүү маалыматтарды жайылтпоо схемалары боюнча сүйлөшүп келишкен деп айтты. Анын аркасы менен үч кишиге бир катар маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн акча төлөп берген деп күнөөлөнүүдө.
Трамп кармалганда күнөөсүз экенин айтып, аны Манхэттендин кылмыш соту коё берген. Саясатчынын адвокаты Жо Такопина анын жакталуучусуна коюлган күнөөлөргө эч кандай фактылар келтирилбегендигин билдирди.
Экс-президентти, андан сырткары, Нью-Йорктун шаардык сотунун жана прокуратуранын дарегине жасалган "коркутуп-үркүткөн электрондук каттары, сөздөрү", социалдык тармактагы посттору үчүн да күнөөлөп жатышат.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Трампка кандай жаза берилери, канча жылга эркинен ажыратылары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0