Путин менен Си Цзиньпиндин биргелешкен билдирүүсү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссия презенденти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин
Россия презенденти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Россия-Кытай мамилеси өз тарыхында боло элек эң жогорку деңгээлге жеткени белгиленди.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кытай менен Россия ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара кызматташуу мамилелерин тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүү даярдады.
Документке сүйлөшүүдөн кийин Россия презенденти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кол койду.
Биргелешкен билдирүүнүн негизги учурлары:
Россия менен Кытай Борбор Азиянын иштерине сырттан кийлигишүүгө жана "түстүү революцияны" импорттоо аракеттерине жол бербейт;
Өзөктүк державалар өз өлкөсүнүн аймагынан сырткары жерде өзөктүк куралдарын жайгаштырбашы керек;
Москва менен Пекин АКШнын аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүнө олуттуу тынчсыздануу менен Вашингтондон түшүндүрмө талап кылат;
Россия-Кытай мамилеси өз тарыхында боло элек эң жогорку деңгээлге жетти жана тынымсыз өнүгүп жатат;
Россия менен Кытайдын мамилеси аскердик-саясий союзду айгинелебейт жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес;
РФ менен КЭР түпкү кызыкчылыктарын коргоодо бири-бирине көмөк көрсөтүүгө ниеттенет, биринчи кезекте эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана коопсуздук маселесинде;
Эки өлкө тең НАТО өз уюмунун коргонуу мүнөзүндөгү тартибин кылдат сактап, башкалардын эгемендүүлүгүн сыйлашын талап кылат;
Украин кризисин чечүү үчүн блоктук тирешүүнү жана жаңжалды ырбатууну токтотуп, “көзөмөлсүз фазага” өтүп кетишинен оолак болушу керек;
Россия менен Кытай бир мамлекеттин баалуулуктарын башка өлкөгө шыкай беришине, ошондой эле демократияны шылтоо кылып басым жасоо үчүн колдонушуна каршы.
Белгилей кетсек, Си Цзиньпин РФ президентинин чакыруусу менен 20-март күнү Москвага мамлекеттик сапар менен келген. Бул анын Кытайдын башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. Лидерлердин формалдуу эмес жолугушуусу дүйшөмбү күнү кечинде башталып төрт саатка созулган. Ал Москва менен мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү Пекиндин стратегиялык тандоосу болуп эсептелерин билдирген. Кытай лидеринин сапары 22-мартка чейин уланат.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Путин менен Си Цзиньпин жолугушуудан кийин билдирүү жасады. Урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0