Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Москвага келди. Видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Москвага келди
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Москвага келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
Кытай лидеринин учагы Внуково-2 аэропортуна конду. Аба майданга Ардактуу кароол тизилип, мейманды вице-премьер Дмитрий Чернышенко тосуп алды.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Москвага келгенин РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Кытай лидеринин учагы Внуково-2 аэропортуна конду. Аба майданга Ардактуу кароол тизилип, мейманды вице-премьер Дмитрий Чернышенко тосуп алды. Аскердик оркестр эки өлкөнүн гимндерин ойноду.
"Кытай менен Россия — ишенимдүү өнөктөштөр. Визит жемиштүү болуп, ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенем. Кытай Россия менен биргеликте эл аралык укуктун сакчылыгында турууга даяр", — деди Кытайдын башчысы.
Бул — анын үчүнчү мөөнөткө шайлангандан берки биринчи эл аралык сапары.
Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Си Цзиньпиндин РФке сапары: эки лидер ЖМКларга эмне тууралуу айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0