Си Цзиньпиндин РФке сапары: эки лидер ЖМКларга эмне тууралуу айтышты

© POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт
Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
Си Цзиньпин 20-22-мартта Россияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул анын Кытайдын үчүнчү мөөнөткө төрага болуп шайлангандан берки биринчи чет өлкөгө сапары болмокчу.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай лидеринин Россияга сапарынын алдында ЖМКларга макала жазышты.
Путиндин Кытайдын “Жэньминь Жибао” гезитине жазган макаласындагы урунттуу учурлар:
Россия-Кытай мамилелери тарыхтагы эң жогорку деңгээлге жетти;
2022-жылы эки тараптуу соода эки эсеге көбөйүп, 185 млрд. долларга жетти, бул жаңы рекорд;
Гегемонияны талап кылган жана дүйнөлүк гармонияга келишпестик алып келген айрым өлкөлөрдөн айырмаланып, Россия менен Кытай түз жана каймана мааниде көпүрө куруп жатышат;
Москва менен Пекин эл аралык укукка негизделген адилеттүү, көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүүнү жакташат;
Батыш тарабынан тутанган Украинадагы кризис бүгүнкү күндө бир уюлдуу дүйнөлүк тартипти сактап калуу ниетинин эң айкын мисалы;
Россия Украина кризиси боюнча тең салмактуулук үчүн Кытайга ыраазычылык билдирет.
Си Цзиньпиндин РИА Новости менен "Российская газетага" жазганы:
Кытай менен Россия ар тараптуу кызматташуунун стратегиялык өнөктөштөрү, алдыңкы дүйнөлүк державалар. Эки өлкө тең көз карандысыз жана тышкы саясатты жүргүзөт;
Кытай менен Россия түбөлүк достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык концепциясын карманат. Эки өлкө өнүгүү жолуна түшүүдө бири-бирин бекем колдойт;
Гегемонизм, деспотизм жана куугунтуктоо аракеттери дүйнөгө олуттуу зыян келтирүүдө;
Украина кризиси боюнча: "Татаал көйгөйлөрдүн жөнөкөй чечимдери жок".
Кытай лидери Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
ЖМК: Владимир Путиндин стратегиялык планы Батышты түпөйүл кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0