00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Прошлое, которое работает на будущее: разговор с историком и археологом
14:05
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ракка чалдыккан балдарды дарылоодо ата-эне медиктер менен чогуу иштешиши өтө маанилүү. Дарыгер менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Роботы вместо терапевтов:: что интересного показали на MedExpo в этом году
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕАЭС 2026: 5 главных итогов встречи глав правительств в Шымкенте, которые коснутся каждого
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
СССРдин Жогорку сотундагы жалгыз кыргыз юрист — Абдыкасым Супатаев
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
«Рога и копыта»: зачем Кыргызстану первая за 22 года перепись в сельском хозяйстве
20:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ракка чалдыккан балдарды дарылоодо ата-эне медиктер менен чогуу иштешиши өтө маанилүү. Дарыгер менен маек
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Си Цзиньпин келерки жумада Россияга мамлекеттик сапар менен барат

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүКытай төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Кытай төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Жазылуу
Сапар учурунда Москва менен Пекиндин эл аралык аренадагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча да пикир алмашуу болуп, маанилүү документтерге кол коюлары айтылды.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кытай төрагасы Си Цзиньпин 20-22-мартта Россия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага барат. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматынан кабарлады.
"Сүйлөшүүлөрдө Россия жана Кытайдын ар тараптуу өнөктөштүк менен стратегиялык өз ара кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат" , — деп айтылган маалыматта.
Сапар учурунда Москва менен Пекиндин эл аралык аренадагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча да пикир алмашуу болмокчу. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуудагы маанилүү делген документтерге кол коюлат.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь Кытай лидеринин Россияга келиши достуктун сапары болорун жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, ишенимди мындан ары да бекемдей турганын белгилеген. Анын айтымында, бул сапар Москва менен Пекиндин мамилелерине жаңы дем берип, эки элдин ортосундагы мурдатан келе жаткан достуктун саясий өңүтүн бекемдейт.
Кытай ТИМинен Си Цзиньпиндин Путин менен аймактык, эл аралык маселелер жана эки тараптуу мамиле боюнча терең, маңыздуу пикир алмашуу күтүлүп жатканын айтышкан. Тышкы ведомство, андан сырткары, Кытайдын Украина боюнча объективдүү позицияны карманарын жана сүйлөшүүлөрдү демилгелөө жаатында конструктивдүү ролду ойной турганын белгилеген.
Путин менен Си Цзиньпин соңку ирет 2022-жылдын декабрында видеоконференция менен сүйлөшкөн. Анда Россия лидери Кытайдын төрагасын Москвага чакырган.
Путин сапар орус-кытай алакаларындагы байланыштын бекемдигин көрсөтүп, эки тараптуу мамиледеги башкы саясий окуя болорун айткан.
Россиянын жана Кытайдын президенттери Владимир Путин менен Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Кытай жакындашкан сайын АКШнын тынчы кетүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0