Суранычтарын аткарбай койгом. Президенттин Оштогу өкүлү депутаттарга жооп берди

© Фото / пресс-служба ЖКПрезиденттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов. Архив
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
Бүгүн депутаттар облус башчысы айыл өкмөт, мектеп директорлоруна чейин кысым көрсөтүп, бир тууган агасына жерлерди алып бергенин айтышкан эле.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Айтылган дооматтардын баары негизсиз, кааласа укук коргоо органдары текшерип чыксын. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов депутаттарга ушундай жооп берди.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте беш депутат облус башчысын сындап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп коррупциялык иштерге айыптаган. Ал айыл өкмөт, мектеп директорлоруна чейин кысым көрсөтүп, бир тууган агасына жерлерди алып бергенин айтышкан.
"Агам жерди, балким, мурда же өз күчү менен алгандыр. Мен кызмат абалымдан пайдаланган эмесмин. Ошон үчүн текшерип чыксын деп жатам. Ал эми Эмил Жусупов айткан инвесторлор боюнча мага эч ким кайрылган эмес. Өзүм беш маал намаз окуйм, кантип эле мечит, медресе, бала бакча салабыз дешсе тоскоолдук кылайын", — деди Жамалдинов.
Аткаминер депутаттар Жусупбек Коргонбай уулунун бир-эки өтүнүчүн аткарбай койгону үчүн сындап жатышат деп эсептейт.
"Балким, ал депутаттар өз ара сүйлөшүп алып "мен айтайын, колдоп койгула" дегендир. Парламентте ошондой болот да. Кээ бир депутаттар кадрдык жана башка маселелер менен чыгат. Эгер мыйзамдуу болсо көмөктөшүүгө даярбыз. "Айыл өкмөт башчысын дайындап бер" деп кайрылгандар болгон. Ачыгын айтайын, Жусупбек Коргонбай уулу бир-эки кадр маселеси боюнча кайрылган, бирок мен чечип берген эмесмин. Анан "Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы депутат Алишер Козуев аркылуу келиптир" деп уккам. Эми аны аким дайындайт", — деди Жамалдинов.
Ал эми өзүнүн жардамчысын облустук администрацияга аппарат жетекчиси кылып дайындаганын четке каккан жок. Ал тажрыйбалуу, эмгек жамаат менен тааныш болгондуктан кызматка койгонун айтты.
Ошондой эле өзүнө таандык Бишкекте 150 чарчы метрлик батирден башка мүлкү жоктугун билдирди. Мындан тышкары, 2013-жылы алынган жубайына катталган автоунаа, айылда атасы жашаган үйү бар экенин, Ош шаарында болсо эч кандай турак жайы жок, резиденцияда жашай турганын белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Гомосексуалдарга берилеби? Депутат 29 млн. доллар гранттын чоо-жайына тынчсызданды
Жаңылыктар түрмөгү
0