Жерлерди ээлеп, кадрларды кысууда. Депутаттар Ош облусунун башчысын сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов. Архив
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
Парламентарийлер президентке кайрылып, коррупциялык жана башка фактыларды атады.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып чыгышты.
Алар президентке кайрылып, тез арада чара көрүү зарылчыгын белгилешти.
Эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат районунда Абшыр-Ата эс алуу жайындагы Токой чарбасына караштуу жерди үйү менен кошо 2021-жылы өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып алганын билдирди. Ошондой эле Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жин-Жиген тилкесиндеги 181 гектар жерди, анын ичинен беш гектарын мөмө-жемиш эгем деп алып бергенин айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Жусупбек Коргонбай уулу
Депутат Жогорку Кенеша Жусупбек Коргонбай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
"Менде расмий документтер турат, өмүрүндө бир күн да бизнес жасабаган президенттин ири облустагы өкүлүнө ушунча жер, мүлккө ээлик кылганы моралдык жактан уят нерсе. УКМК, прокуратура ушуларды текшерип чыгышын талап кылам. Мен Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башкаларын айта элекмин. Андан сырткары, айыл өкмөттөрдөн баштап мектеп директорлоруна чейин киришкени туура эмес. Ушуга окшогон кадрлар өлкөнү артка тартып жатат", — деди Коргонбай уулу.
Анын сөзүнө депутат Эмил Жусупов да кошулуп, Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Эмилбек Джусупов
Депутат Жогорку Кенеша Эмилбек Джусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
"Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө чоң инвесторлорду тартканбыз. Мечит, эки бала бакча, эки медресе салып берүүгө келишим түзүлгөн. Жамалдинов ошол долбоорго бут тосуп жатат. Ал эле эмес, Кулатов айылындагы 106 гектар жерди трансформациялоо документин беш айдан бери кармап, аким, айыл өкмөткө шылтап отурушат. Өздөрүнө керектүү жер болсо бир күндө каттатып алышат. Ушул боюнча чара көрүп берсеңиздер", — деди Жусупов.
Алишер Козуев да бир топ арыздануулар түшкөнүн айтып, Жамалдинов айыл өкмөт башчыларына, орун басарларына чейин басым кылып жатканын билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Алишер Козуев
Депутат Жогорку Кенеша Алишер Козуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
"Оңой акча табуу максатында мыйзамга туура келбеген жерлерди мыйзамдаштырып бересиң деп кысым көрсөтүп жатат. Айыл өкмөттөрдү акимдер көзөмөлдөйт, ага акимдин үстүнө туруп алганга ким укук берди? Ошко келген инвесторлор бир гана облус башчысынын астынан өтүш керек деген пикирде турат. Ансыз бир да кыймыл болбой калды", — деди Козуев.
Ошондой эле Кундузбек Сулайманов бул жөн маселе эместигин белгилеп, тереңирээк көңүл бурууга чакырды.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Жогорку Кенеша Кундузбек Сулайманов
 Депутат Жогорку Кенеша Кундузбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
"Жогорудагыдай фактылар менен Зиядин Исламовичтин үсүтүнөн мага да арзынданышкан. Чүй облусунун башчысын иштен алган сыяктуу чечкиндүү кадамга барыш керек. Ал эмне кылып жатканын президент тийиштүү текшерүүлөрдү жөнөтүп карап койсо болот", — деди Сулайманов.
Кесиптештеринин сөзүн Надира Нарматова да кубаттап, учурда аким менен облус башчылары айыл өкмөттөрдүн үстүнөн басым кылгандан башка нерсени билбей калганын айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Надира Нарматова

Надира Нарматова - Sputnik Кыргызстан
1/2

Надира Нарматова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Нурбек Сыдыгалиев

Нурбек Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан
2/2

Нурбек Сыдыгалиев

1/2

Надира Нарматова

2/2

Нурбек Сыдыгалиев

Жыйынтыгында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин парламенттеги өкүлүн депутаттардын сөзүн мамлекет башчы Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жеткирип коюшун талап кылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Гомосексуалдарга берилеби? Депутат 29 млн. доллар гранттын чоо-жайына тынчсызданды
Жаңылыктар түрмөгү
0