https://sputnik.kg/20230312/meriya-ismankulovdun-klinikasyn-zhapty-1073530810.html
Бишкек мэриясы Исманкуловдун клиникасын жаап, буюмдарын сыртка чыгарды. Видео
Бишкек мэриясы Исманкуловдун клиникасын жаап, буюмдарын сыртка чыгарды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада Алмазбек Исманкуловго таандык Көз микрохирургиясы ооруканасынын имараты бошотулду. Ал жерге вице-мэр Нурдан Орунтаев барган. 12.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-12T11:44+0600
2023-03-12T11:44+0600
2023-03-12T11:49+0600
кыргызстан
окуялар
алмазбек исманкулов
клиника
бишкек мэриясы
жабуу
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0c/1073530654_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_468a7736cd91e6da441d6ea6eb1bf2f2.jpg
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатканын билдирди.Андан бир күн мурда муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган.Видеодон көрүнгөндөй, клиникага вице-мэр Нурдан Орунтаев барып бошотушун талап кылган. Жетекчилиги келишимдин мөөнөтү бүтө электигин айткан. Бирок Орунтаев келишим токтотулганын билдирип, өзү менен кошо келген ондогон адамга буюмдарды сыртка чыгарууга буйрук берген.Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө болбой тургандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз берилип, мамлекетке 93,2 миллион сом зыян келтирилгени айтылган. Бул факт боюнча прокуратура "Коррупция" беренеси менен иш козгоп, 9-февралда Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулун кармаган. Алар эки айга тергөө абагына киргизилген.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0c/1073530654_160:0:1120:720_1920x0_80_0_0_449e180b05e9e5026d138f5add81153e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, алмазбек исманкулов, клиника, бишкек мэриясы, жабуу, видео
кыргызстан, окуялар, алмазбек исманкулов, клиника, бишкек мэриясы, жабуу, видео
Бишкек мэриясы Исманкуловдун клиникасын жаап, буюмдарын сыртка чыгарды. Видео
11:44 12.03.2023 (Жаңыртылды: 11:49 12.03.2023) Борбор калаада Алмазбек Исманкуловго таандык Көз микрохирургиясы ооруканасынын имараты бошотулду. Ал жерге вице-мэр Нурдан Орунтаев барган.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатканын билдирди.
Андан бир күн мурда муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган.
Видеодон көрүнгөндөй, клиникага вице-мэр Нурдан Орунтаев барып бошотушун талап кылган. Жетекчилиги келишимдин мөөнөтү бүтө электигин айткан. Бирок Орунтаев келишим токтотулганын билдирип, өзү менен кошо келген ондогон адамга буюмдарды сыртка чыгарууга буйрук берген.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө болбой тургандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз берилип, мамлекетке 93,2 миллион сом
зыян келтирилгени айтылган. Бул факт боюнча прокуратура "Коррупция" беренеси менен иш козгоп, 9-февралда Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулун кармаган. Алар эки айга
тергөө абагына киргизилген.