Си Цзиньпин Кытай төрагалыгына үчүнчү ирет шайланды

© AP Photo / Andy WongКытай төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Кытай төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Жазылуу
Си Цзиньпин Кытайдын тарыхында үчүнчү ирет шайланган бирден-бир жетекчи болуп калды.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бүткүл Кытай элдик жыйынынын депутаттары жума күнү Кытай төрагасы Си Цзиньпинди кайрадан кызматына шайлады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган лидер бул ирет үчүнчү мөөнөт менен тандалып, андан сырткары, аскер кеңешинин башчылыгына да бир добуштан бекитилген.
Элдик жыйындын депутаттарынын пленардык III жыйынынын I cессиясында добуштарын жашыруун формада беришкен.
Си Цзиньпин Кытайдын тарыхында үчүнчү ирет шайланган бирден-бир жетекчи болуп калды. Ал аталган өлкөнүн аскердик бардык күчтөрүн жетектеп, буйрук бере алат. Кытай төрагалыгына Си Цзиньпин биринчи ирет 2013-жылы мартта шайланган, ал эми 2018-жылдын мартында бул кызматка дагы беш жылга экинчи мөөнөт менен отурган.
Кытай төрагасынын кызмат орду 1954-жылы аталган мамлекеттин Баш мыйзамы менен кабыл алынып, Мао Цзэдун тарабынан түптөлгөн. Постту 1975-жылы кыскартып, бирок жети жылдан кийин кайрадан калыбына келтиришкен. Конституция мурда бир эле кишинин беш жылдык мөөнөттөн эки ирет Кытай төрагасы болушун чектеген, бирок 2018-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип, салынган тыюу алынган.
Ал эми Кытайдын Борбордук аскер кеңеши 1982-жылы декабрда түзүлүп, анын биринчи төрагасы Дэн Сяопин болгон.
Кытайдын желеги менен экрандын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай украин кризисин чечүүнүн принциптерин сунуштады. АКШнын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0